Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Новости за 10.06.2021

Милициянын "Шумкары" Өзбекстандагы чемпионаттардан үч медаль алып келди. Сүрөт

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Ташкентте спорттун эки түрү боюнча ар башка чемпионат өттү. Байгелүү орундарды камсыз кылгандарга "Шумкардын" командири Аскат Султаналиев акчалай сыйлык тапшырды.

Коронавирус болгон Исхак Масалиев пандемияга каршы күрөштү сындады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Кыргызстан коммунисттери" партиясынын лидери Исхак Масалиев коронавируска чалдыкты. Бул тууралуу ал 9-июнда "Фейсбуктагы" баракчасына жазып, Кыргызстанда пандемияга каршы күрөштүн чабалдыгын сындады. Ал COVID-19га карата комплекстүү текшерүүдөн өтүүгө 15 миң сом коротконун билдирди. Экс-депутат коронавируска жалпы милдеттүү текшерүүнү же акысыз, же арзан баада кылууну сунуш кылды. Бирок өзү кайсыл клиникада текшерилгенин тактаган жок. Масалиев саламаттык сактоо... Читать дальше...

Мирзиёевдин Тажикстанга расмий сапары башталды

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бейшембиде эки күндүк расмий визит менен Тажикстанга барды. Аны Дүйшөмбү аэропортунда мамлекет башчы Эмомали Рахмон тосуп алды. Андан кийин жетекчилер Улуттар сарайында сүйлөшүү өткөрүштү. Сапардын жүрүшүндө 30дан ашык документке кол коюлары айтылган. Эки коңшунун мамилелери Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тушунда салкындап кеткен. 2016-жылы бийликке Мирзиёев келгенден кийин алака-катнаш жакшыра баштады. Маалыматтарга караганда... Читать дальше...

Белгилүүлөрдү жүдөткөн хейтерлер

Azattyk.org 

Социалдык тармактарда сиздин дарегиңизге да ачуу сөздөр айтылса керек. Мындай сөздөрдү кимдер жана эмне үчүн жазышат? "Азаттык+" кезектеги чыгарылышында ушул темага кайрылды.

Депутат жолдогу көчмө камераларды алып салууну сунуш кылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов 10-июнда парламент жыйынында “коопсуз шаар” долбоорунун көчмө камераларын жолдордон алып салууну сунуш кылды. Ал мындай камералар турган жерде жол белгилери коюлбаганы үчүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ишин сынга алды. “Көчмө камералар турганын тастыктаган атайын жол белгилери болушу керек деп биз буга чейин ИИМден бир нече жолу талап кылдык. Милиция аны мамлекеттик стандартка туура келбейт деп жатат. Биз Баш мыйзамды деле өзгөртүп, жаңы Конституция менен жашап жатпайбызбы. Читать дальше...

Польша: Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деген жаран камалды

Azattyk.org 

Польшада Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деген киши кармалып, 3 айга камакка алынды. Шектүү Польшада, Европа Биримдигинде жана башка өлкөлөрдө иш алып барчу. "Бул - орус пропагандасынын жана жалган маалымат таратуу долбоорунун бир бөлүгү болчу. Алар Польша менен Еврошаркеттин дүйнөлүк сахнадагы позицияларын алсыратууну көздөшкөн", - деп айтылат Улуттук прокуратура 10-июнда тараткан билдирүүдө. Прокуратура ал адамдын үйүн жана ага байланышкан кеңселерди тинткенде 81 миңден көп долларга тете... Читать дальше...

Мүнөтүнө 25 миң сөз окуган Элла

Azattyk.org 

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин химия факультетинин бүтүрүүчүсү Элла Зарылбекова мүнөтүнө 25 миң сөз окуп, түшүнүгүн айтып бере алат. Ал ушул убакка чейин 3 миңден ашык китеп окуган. Алты ай мурда биринчилерден болуп кыргыз тилинде тез окуу борборун ачып, каалоочуларды окутуп жатат.



Байден Орусияга "карасанатай" иштерге барбоо тууралуу эскертти

Azattyk.org 

АКШ президенти Жо Байден мамлекет башчы катары алгачкы чет өлкөлүк сапарын баштап, Британияга барды. Ал жерде жайгашкан америкалык базадагы аскерлеге кайрылып, Байден президент Владимир Путин менен кездешүүдө Орусияны ар кандай “зыяндуу” аракеттерге барбоого чакырарын айтты: “Биз стабилдүү жана бир калыптагы мамилелерди каалайбыз. Бирок Орусия өкмөтү кандайдыр бир "карасанатай" иштерге бара турган болсо, АКШ конструктивдүү жана олуттуу жооп кайтарарын кесе айтам”. Америкалык жетекчи ошондой эле... Читать дальше...

ЖК: жерлерди трансформациялоо мыйзам долбоору каралды

Azattyk.org 

Министрлер кабинети даярдаган “Жер участокторун өткөрүп берүү (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү  мыйзам долбоору бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында экинчи окууда каралды. Мыйзамда Чүй менен Ош облустарында жалпы 1645 гектар жер трансформация болору жазылган. “Чүйдүн Аламүдүн жана Сокулук райондорундагы жана Ош шаарына жакын жайгашкан айыл өкмөттөргө тиешелүү жер тилкелер мыйзамдашат. Ал жерлерде 10 миңден ашык үй уруксаты жок салынып калган”, - деди Министрлер кабинетинин өкүлү Нурлан Шерипов. Читать дальше...

Аба ырайы: өткүн өтөт

Azattyk.org 

Кырызгидрометеорология агенттигинин 11-июнга карата аба ырайы тууралуу маалыматы: Дээрлик бардык облустардын айрым жерлеринде, тоолордо өткүн өтөт.  Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23, Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24, Талас дубанында түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14...19, күндүз 28...33, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16...21, күндүз 29...34, Бийик тоолордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 6...11°.... Читать дальше...

Дүйнөдө балдардын эмгегин пайдалануу учурлары көбөйдү

Azattyk.org 

Жашы жетелек балдардын эмгегин пайдалануу учурлары акыркы 20 жылда көбөйдү. Бул тууралуу 10-июнда билдирген БУУ коронавирус пандемиясы учурунда бул тенденция күч алганын белгиледи. Эл аралык Эмгек уюму жана ЮНИСЕФ биргелешкен докладда жазышкандай, дүйнө жүзүндө ушу тапта 160 миллиондой бала түрдүү жумушта иштейт. Соңку төрт жыл менен салыштырганда бул 8,4 миллионго көп. Ар бир онунчу жеткинчек иштөөгө мажбур деген баяндама авторлору, бир муундун саламаттыгына, билимине жана бакубат жашоосуна коркунуч жаралып жатканын эскертишет. Читать дальше...

Москванын камчы шилтеп, токоч сунган саясаты

Azattyk.org 

Орусия 15-июнда миграциялык эрежелерди сактабай жүргөн мигранттарды жапырт өлкөдөн чыгарса, Борбор Азия өлкөлөрү кандай кабыл алат? Москва чөлкөмдө эмнеге баарына арачы болушу керек? АКШ аскерлерин жайгаштырууга кошуналардын кимиси макул болот? Жума ичинде жарык көргөн орусиялык басылмаларга сереп.

Июнь коогасына 11 жыл

Azattyk.org 

2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган июнь коогасына бүгүн 11 жыл болду. Бул датага карата Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кайрылуу жолдоду. Ал жаңжалды тынчытууга жардам берген эл аралык уюмдарга ыраазычылык билдирди. "Андай апаат, бир тууган элдерди кырды бычак түшүргөн андай каргаша экинчи кайталанбасын деп тилек кылабыз. Сабырдуулукка үндөгөн, жабыр тарткандарга кол сунуп, жардам берген акылман жана айкөл элибизге өзгөчө алкыш айткым келет. Бизге ар тараптан... Читать дальше...

Бишкек-Анкара: кызматташтыктын жаңы тепкичи

Azattyk.org 

9-июнда президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен бетме-бет сүйлөшүп, ФЕТО кыймылы менен күрөш, кыргыз-тажик чек ара маселеси жана эки өлкө ортосундагы учак каттамдары боюнча билдирүү жасашты. Президент Садыр Жапаров Түркияга расмий сапарынын алкагында президент Режеп Тайып Эрдоган менен эки өлкө ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынын өткөрүштү. Кыргыз-түрк президенттери баштаган делегациялардын Анкарадагы сүйлөшүүсү үч саатка созулду. Читать дальше...

Кайра шайлоого аттанган эски-жаңы партиялар

Azattyk.org 

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин азырынча 16 партия билдирди. Арыз берүү 13-июнда жыйынтыкталат. Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов "Азаттык" радиосуна үгүт кампаниясынын мөөнөтү кыскарганын билдирди. "Июлда кайра шайлоо белгиленгени үчүн үгүт убактысы кыскартылган. Үгүт кампаниясы 20 күн, тагыраагы 21-июндан 10-июлга чейин. Партиялар шайлоо жана каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоодон өткөрүп, тизмесин комиссияга 13-июнга чейин тапшырышы керек. Читать дальше...

Ташкент менен Дүйшөмбү самаган ири иштер

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Тажикстанга келди. Эки коңшу өлкө 2017-жылга чейин алака-катышты үзгөн эле. Эми алар стратегиялык маанидеги ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөөдө. Мирзиёев кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин Дүйшөмбүгө барды.

Анкарада Эл аралык Ысык-Көл форуму өттү

Azattyk.org 

9-июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана түрк президенти  Режеп Тайып Эрдоган Анкарада өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV Эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземине катышты. Анда лидерлер сөз сүйлөп, Жапаров Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу, адабий мурасы, айткан акыл сөзү, даанышман ойлору терең изилдөөнү талап кылган эбегейсиз руханий байлык экенин баса белгиледи. Форум буга чейин Анкара шаарында уюштурулуп, Айтматовдун ааламы, экологиялык чөйрө жана коопсуздук, азыркы дүйнөдөгү маданий өзгөчөлүктөр тууралуу талкуулар өткөн. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *