Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Новости за 12.06.2021

Баш мыйзамга кодекстерди кайчы койгон камоолор

Azattyk.org 

Кумтөрдөгү коррупцияга байланыштуу Жогорку Кеңештин бир нече депутаты камалды. Жаңы күчүнө кирген Баш мыйзамга ылайык, парламент депутатын камоо үчүн кылмыш жасаган жеринен кармалган учурду кошпогондо, Жогорку Кеңештин макулдугу талап кылынат. Айрым эл өкүлдөрү соңку камоолордон улам Конституция бузулганын айтышууда. Баш мыйзамда парламент депутатына кол тийбестик кепилденгенин белгилеген вице-спикер Аида Касымалиева депутаттарды камоо Конституцияга каршы келерин айтып чыкты. Ал маселени Жогорку... Читать дальше...

COVID-19: Беш адам каза болду, 619 бейтап жаңы катталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 619 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды, илдеттен беш адам каза болду. Бул тууралуу 12-июнда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады. Каза болгондордун төртөө Бишкек шаарынын, бирөө Ысык-Көл облусунун тургундары. Жаңы катталгандардын көбү Бишкек шаарына (273), Ош шаарына (110) жана Чүй облусуна (99) туура келет. Калган облустарда беш-ондон, 20-30дан учур катталды. 12-июнга карата соңку бир күн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар... Читать дальше...

Жалал-Абадда июнь окуясынын 11 жылдыгы эскерилди

Azattyk.org 

Эскерүү иш-чарасы Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Топурак-Бел ашуусунда 2010-жылдагы окуяга арналып курулган мемориалдык комплексинде өттү. Монумент алдындагы иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана коогалаңда жакынын жоготкон тургундар катышты. Буга жакынын жоготкон өзбек тектүүлөр катышкан жок. Бийлик өкүлдөр бардык жабырлануучулар чакыртылганын билдиришүүдө. Жалал-Абаддагы эскерүү жыл сайын 12-июнда ушул жерде өтөт. Эскерүүдө сөз сүйлөгөн өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү... Читать дальше...

Баткендик балдар Ысык-Көлдө эс алууда

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун Бостери айылында Баткен жана Лейлек райондорунун чек ара чырында жабыркаган айылдардан келген 70 окуучу жана 20 мугалим үчүн “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду эс алуу уюштурулган. 10 күндүк эс алуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана Эл аралык “Жетиген” лагери менен биргеликте уюштурулду. Иш-чара БУУнун Аялдар түзүмүнүн жана “Ядран” компаниялар тобунун колдоосу менен болду.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *