Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2021

Новости за 15.07.2021

Москва: мигранттардын мушташы текшерүүнү күчөттү

Azattyk.org 

Орусия баш калаасы Москвада кыргыз-тажик жарандарынын ортосундагы калайман мушташтан кийин миңге жакын борборазиялык мигрант кармалды. Айрым кыргызстандыктар түрдүү өлчөмдө айып пул төлөп чыгышкан.

Кыргызстандын муфтийи коронавируска каршы эмделүүгө чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев кыргызстандыктарды коронавируска каршы эмделүүгө чакырды. Ал мындай чакырыкты 15-июлда муфтияттын кызматкерлери менен бирге коронавируска каршы вакцина алган соң жасады. Ракиев ислам дининде да илимдин жетишкендиктерин колдонуу айтылганын белгиледи: “Ислам көз карашында ушундай оорулар пайда болуп, жайылып, адамзат айласын таппай жаткан учурда медицина илиминин акыркы чечимине таянып туруп, иш кылат. Азыркы тапта коронавирустан арылуунун бирден-бир жолу вакцина... Читать дальше...

HRW Беларустагы жарандык коомго басымды айыптады

Azattyk.org 

Human Rights Watch (HRW) уюму Беларус бийлигин өлкөдө бейөкмөт уюмдарга карата "массалык, буга чейин болбогон" рейддерди жүргүзүп, жарандык коомдун өкүлдөрүн кармаганы үчүн айыптады. Уюм тинтүү учурунда кармалгандарды тезинен бошотууну талап кылды. Уюмдун директорунун орун басары Рейчел Денбер Беларус бийлиги былтыркы президенттик шайлоодон бери бир жыл бою жүздөгөн журналист, активист, бийликке сын айткандарды куугунтуктап, кармап, камап келгенин, эми мындай куугунтуктун жаңы толкуну башталганын билдирди. Читать дальше...

Жөнөкөй тартипте жарандык берүү жараяны 20-июлда башталат

Azattyk.org 

Кыргызстандын жарандыгын жөнөкөй тартипте алуу үчүн документтерди кабыл алуу 20-июлда башталат. Бул тууралуу Санариптик өнүгүү министрлиги билдирди. Бул норма этникалык кыргыздарга жана жарандыгы жок адамдарга гана тиешелүү болот. Ал 2022-жылдын 31-декабрына чейин иштейт. Президент Садыр Жапаров этникалык кыргыздарга жана жарандыгы жок кыргыз тектүү адамдарга жарандык берүүнүн убактылуу жөнөкөйлөштүрүлгөн жобосу тууралуу буйрукка 9-июлда кол койгон. 2020-жылы 1400гө жакын адам жарандык алган. Читать дальше...

Ооганстандан Тажикстанга качкан кыргыздардын саны 350гө чукулдады

Azattyk.org 

Ооганстандан Тажикстанга качып кирген кыргыздардын саны 350гө чукулдады. Жолдо 2 ымыркай чарчап калды. Парламент убагында президент Садыр Жапаровду соттогон судья Жаңыл Мамбеталыны жумуштан кетирди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнөнүн ар тарабында COVID-19 жуктурган жана андан каза болгондор көбөйүп жатканын билдирди.

"Талибан" үч айга ок атууну токтотуу үчүн өз шартын койду

Azattyk.org 

Ооганстанда "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү 7000ден ашык согушкерлерин өкмөттүк күчтөр абактан бошотсо, үч айга ок атууну токтоторун жарыялады. Бул тууралуу талибдер менен сүйлөшүүгө катышып жаткан ооган өкмөтүнүн өкүлү Ахмад Надер Надери билдирди. Ал Кабулда 15-июлдагы маалымат жыйынында талибдер кыймылдын жетекчилерин БУУнун "кара тизмесинен" чыгарууну да талап кылганын кошумчалады. Бул шартка ооган өкмөтү кандай жооп кайтарары белгисиз. "Талибан" өз шарттарын өлкөдөн АКШ баштаган эл аралык коалициянын күчтөрү чыгып... Читать дальше...

Монополияга каршы агенттик "Манас" аэропортунун жетекчилигине эскертүү берди

Azattyk.org 

"Манас" аэропортунун машина токтоочу жайындагы акысыз кызмат көрсөтүүнүн жоюлушу - мыйзамсыз. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги "Манас менежмент" компаниясына ушундай эскертүү берди. Бул тууралуу 15-июлда агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады. Учурда "Манас" эл аралык аба майданынын алдындагы токтотмонун алгачкы 15 мүнөтү акысыз, саатына 60 сом, суткасына 360 сом. Аэропорт 20-июлдан тартып акысыз 15 мүнөт жоюлуп, толугу менен акы алууга өтөөрүн билдирген. Бул жай аутсорсингге берилгени... Читать дальше...



Нидерланддарда криминалды иликтеген журналист кол салуудан каза болду

Azattyk.org 

Нидерланддардагы белгилүү журналист Питер Де Врис көз жумду. Европадагы кылмыштуу топтор боюнча жазган журналистти Амстердамда 6-июлда атып кетишкен. Анын денесине алты жолу ок тийген. Эки жумадан бери оор абалда ооруканада жаткан 64 жаштагы журналист бүгүн көз жумду. Анын өлүмүнө шектүү катары 21 жаштагы жергиликтүү жана 35 жаштагы польшалык жаран кармалды. Питер Де Врис Нидерланддардагы криминалдын мыйзамсыз иштерин ашкерелеген бир нече иликтөөлөрдү жүргүзгөн. Ага буга чейин коркутуп-үркүтүүлөр болуп келген. Читать дальше...

COVID-19: Дүйнөдө каза болгондор кайра көбөйдү

Azattyk.org 

Коронавируска чалдыккандардын жана бул илдеттен каза болгондордун саны кайра өстү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) 14-июлда билдирди. Эл аралык уюм муну вакцинациянын жай жүрүшүнөн, санитардык эрежелердин сакталбаганынан жана "дельта" штаммдын тез жайылышынан көрүп жатат. Саламаттык сактоо уюмунун статистикасына ылайык, өткөн жумада вирус 55 миң кишинин өмүрүн алган, бул андан мурунку аптага салыштырмалуу үч пайызга көп. "Дүйнөдө COVID-19га чалдыккандардын саны төрт жума катары менен өсүп жатат. Читать дальше...

Орусия тажик-ооган чек арасында тозот курууну каржылайт

Azattyk.org 

Тажикстандын Ооганстан менен чек арасында Орусиянын көмөгү менен чек ара тозоту курулат. Бул тууралуу Орусия президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазды. Анда Кабулов Орусия чек ара тозотун куруу үчүн каражат бөлүп берип, учурда курулуш башталганын айткан. Аталган объект кайда салынып жатканы жана канча каражат бөлүнгөнү маалымдалган жок. Май айында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Дуйшөмбүгө сапары учурунда Москва... Читать дальше...

Бешимов: бийлик ооган кыргыздарына жардам бериши керек

Azattyk.org 

Тажикстандын улуттук "Ховар" агенттигинин маалыматы боюнча, 14-июлга карата талибдерден коркуп Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Андемин айылынан Тажикстанга кире качкан этникалык кыргыздардын саны 347 кишиге жетти. Алардын 177си балдар. Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов аларды Кыргызстанга өткөрүп алуу керектигин айтып, парламентте демилге көтөрдү. Ал тапта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги памирлик кыргыздар тууралуу маалымат текшерилип жатканын билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча... Читать дальше...

Москва: элчилик калайман мушташта кармалгандардан кабар алды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери Москвада калайман мушташтан улам кармалган кыргыз жарандары менен жолукту. Анда консультативдик-укуктук жардам көрсөтүлүп жатканы айтылат. Ошондой эле орус бийлик өкүлдөрү менен бул жарандардын укугун коргоого байланыштуу жолугушуулар, сүйлөшүүлөр уланып жатканы, тиешелүү өтүнүчтөр жөнөтүлгөнү белгиленген. Москвада 11-июлда “Кузьминки” метросунун жанында ондогон мигрант калайман мушташка катышкан. Полиция 103 адамды кармаган жана алардын 72 кыргыз жарандары болгон. Читать дальше...

Машыгуу учурунда сабалган баланын тренери иштен алынды

Azattyk.org 

Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук федерациясы Ысык-Көлдө машыгуу маалында сабалган баланын окуясынан улам анын тренери Айганыш Аманованы иштен четтетти. Бирикме “Фейсбуктагы” баракчасына бул машыгуу уруксаты жок өткөрүлгөнүн, ички териштирүү уланып жатканын жана күнөөлүүлөр жазасыз калбай турганын жазды. Ошондой эле федерация сабалган бала менен анын үй-бүлөсүнө жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Бул окуянын териштирилишин Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов көзөмөлүнө алган. Ысык-Көлгө... Читать дальше...

АКШ террорчулукка каршы күрөштө көмөктөшкөн оогандыктарга башкалка берет

Azattyk.org 

АКШ июлдун аягынан тарта Ооганстандагы 20 жылдык терроризмге каршы операциялары учурунда көмөктөшкөн оогандыктарды эвакуациялоо планын ишке ашыра баштайт. 14-июлда АКШ "Өнөктөштөр үчүн башкалка" аттуу операцияны жарыялады. Ага ылайык, атайын иммиграциялык виза алгандар биринчилерден болуп Ооганстандан чыгарылат. Ошондой эле, виза үчүн документ тапшыргандарга убактылуу башка жактан башкалка берилет. Ак Үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки коопсуздук маселелеринен улам алгачкы рейстер менен канча адам чыгарыларын, кайда жөнөтүлөрүн ачык айткан жок.

Бишкек Тажикстанга качкан ооган кыргыздарынан улам Дүйшөмбүгө кайрылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы соңку кырдаалдан улам Тажикстанга кире качкан кыргыздар тууралуу маалымат таратты. Анда памирлик кыргыздар тууралуу маалымат текшерилип жатканы, аймактагы шарттын катаалдыгынан, байланыштын начардыгынан кандайдыр бир так, кеңири маалымат алууга мүмкүн болбой жатканы айтылат. Ошондой эле ооган кыргыздарын Кыргызстанга алып келүүгө аракет жасалып жатканы белгиленген. "Кыргызстандын ТИМи ооган кыргыздарына байланыштуу БУУнун тиешелүү бөлүмдөрүнө кайрылды. Читать дальше...

Беларус: тинтүү учурунда онго жакын адам кармалды

Azattyk.org 

Беларус милициясы өлкөдөгү бир катар укук коргоо уюмдары, маалымат каражаттарынын кеңселерине тинтүү жүргүздү. 14-июлда өлкө борбору Минск жана башка шаарлардагы “Весна” укук коргоо борбору, Беларус Хельсинк комитети баш болгон 20га жакын бейөкмөт уюмдун кеңсесин тинтиген. Алардын арасында Lawtrend укук коргоо уюму, “Имена” долбоору, “Гендердик перспективалар” уюму, Беларус журналисттер бирикмеси, Жазуучулар союзунун кеңселери бар. Тинтүүнүн жүрүшүндө онго жакын адам кармалды. Беларус бийлиги өлкөдөгү... Читать дальше...

Ооган-пакистан чегиндеги бекет талашка түштү

Azattyk.org 

Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү Пакистан менен чек арадагы бекетке талибдердин чабуулунун мизин кайтарганын жарыялады. Буга чейин согушкерлер бул аймактагы бир нече бекетти ээлеп алышканын билдирген эле.

Шайлоо мыйзамы биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

Azattyk.org 

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Парламентте документ боюнча 14-июлда башталган талкуу 15-июлда да уланды. Бир катар депутаттар шайлоо мыйзамы боюнча долбоор чийки экенин, эгерде бул документ кабыл алынса Жогорку Кеңешке акчалуулар, аймактардагы чоң муштумдар гана келип, жаштар менен аялдарга мүмкүнчүлүк түзүлбөй каларын айтышты. Ошондой эле, 35 депутатты бир мандаттуу округдардан, 55ин партиялык... Читать дальше...

Санаторийди сазга батырган кызыкчылык

Azattyk.org 

Ушул жашка келгени атайын курортко же санаторийге барып эс алып көргөн эмес экем. Бишкектеги ковиддин, ысыктын шылтоосу менен кокусунан он күнгө Жети-Өгүз санаторийине келип калдым. Карагайлуу тоолордун арасындагы ден соолук чыңдоочу жай бейиштей экен. Абасын аптыга дем алып жаттык. Жанында күрпүлдөп аккан дайра! Жомоктогудай кыпкызыл аскалар адамды өзүнө тартып турат. Адамга дагы эмне керек! Укмуштуудай кооз карагайлар “мени карачы!” деп чакырып тургансыйт. Алгач жалаң табиятка суктанып, ушундай... Читать дальше...

Ооган кыргыздары Тажикстанга өтүп жатканда эки ымыркай чарчап калганы кабарланды

Azattyk.org 

Ооганстанда жашаган 345 этникалык кыргыз талибдерден качып Тажикстандын аймагына кире качты. Бул тууралуу Тажикстандын УКМКсынын Чек ара кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Ооганстандын Бадахшан провинциясындагы Андемин айылынын тургундары - 91 эркек, 77 аял жана 177 жаш бала Тажикстандын Мургаб районундагы Кызыл-Рабат айылына өтүшкөн. Чек арадан өтүп жатканда эки ымыркай чарчап калган. Тажикстандын Чек ара кызматы гуманизм жана ынак коңшулук принциптерин карманып, ооган кыргыздарын өз аймагына киргизгенин кабарлады. Читать дальше...

Азия өнүктүрүү банкы жер көчкүнүн алдын алууга 35 млн доллар берет

Azattyk.org 

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Кыргызстанга жер көчкүнү өнүккөн технологияларды жана алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды колдонуу менен азайтууга 35 миллион доллар берет. Расмий маалыматка ылайык, анын 23,5 миллиону грант, ал эми 11,5 миллион доллары насыя болот. “Долбоор жер көчкүнүн кесепеттерин азайтуу, мониторинг тутумун өркүндөтүү жана жер көчкү тобокелдиктерин башкарууну күчөтүүгө багытталган. Бул Азия өнүктүрүү банкынын кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана жер көчкүнүн алдын алуу тууралуу биринчи комплекстүү долбоору”... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *