Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2021

Новости за 20.07.2021

Орусия: кыйноого кабылган мигранттар

Azattyk.org 

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында тоноого айыпталган кыргызстандык жарандар соттон акталган соң кыйноого кабылганын айтып чыгышты. Алар полиция кызматкерлери кылмыш ишин илүү үчүн сабап, кыйнаганын билдиришүүдө.

Дүйнөдөгү эң бай адам космоско учту

Azattyk.org 

Дүйнөдөгү эң бай адам, америкалык миллиардер Жефф Безос космосту багындырды. 20-июлда аны менен кошо дагы үч киши New Shepars кемеси менен космостун четине жетип, бир нече мүнөттөн кийин кайра жерге кайтып келишти. Безостун бул долбоору эмне үчүн маанилүү?

Казакстан: жумушчулар шартты жакшыртууну талап кылууда

Azattyk.org 

Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында тазалык кызматкерлери иш таштады. Шаардагы "Тазалык-С" ишканасында иштегендер эмгек акыны 100% көтөрүүнү талап кылышты. Алар иштөө шартын жакшыртуу керектигин да айтышууда.

Жалал-Абаддагы мечитке Чубак Жалиловдун ысымы берилди

Azattyk.org 

Жалал-Абадда Чубак ажы Жалиловду эскерүү иш-чарасы өттү. Анын алкагында илимий конференция жана Чубак ажы Жалилов атындагы мечиттин ачылышы болду. Мечитке миңге чукул киши батат. Курулуш эки жылда аяктаган.

Курман айт: муфтият эреже сактоого чакырды

Azattyk.org 

Курман айт экинчи жолу пандемия шартында белгиленүүдө. Быйыл ал 20-июлга туура келди. Муфтият коронавирус пандемиясынан улам айт намазы борбордук аянттарда эмес, санитардык нормаларды сактоо менен мечиттерде окуларын эскерткен. Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынган.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *