Орусияда жасалма эмдөө ашкере болду
Орусиянын Брянск облусундагы Сельцовское шаардык клиникасынын кызматкерлери кишилерге коронавируска каршы эмделгени тууралуу документти акчага даярдап берип турганы аныкталды. Ал эми вакцинаны жок кылып турушкан. Бул тууралуу облустун губернатору Александр Богомазага шилтеме берип, "Интерфакс" агенттиги кабарлады. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнүн маалыматы боюнча Брянскинин 33 жаштагы тургуну ооруканада программист болуп иштеген таанышына эмдөө тууралуу маалымдаманы базага киргизип, жасалма документ даярдап берүүнү сунуштаган. Читать дальше...