Мамлекеттик мүлк агенттиги Оштогу ири Кара-Суу базарын толугу менен алууга аракет кылып жатат. Соттун эки инстанциясында алардын пайдасына өкүм чыгып, райондук акимчилик менен Сарай айыл өкмөтүнүн токтомдору жокко чыгарылды.
2023-жылы Орусияда аба кокустуктарынын саны кеминде үч эсеге өскөн. Эксперттер жыл башында "Иран сценарийинин" коркунучу тууралуу эскертишкен. Санкциялар киргизилген соң Иранда аба кокустуктарынын саны көбөйүп, кийин бир катар кырсыктар болгон эле.
Кыргызпатент мамлекеттик мекемеси жыл сайын чыгарып келе жаткан “Саамалык” ырлар жыйнагынын 2023-жылкы басылышында жаш акын Бүкалча Маматали кызынын сегиз ыры башка автор тарабынан жарыяланып кеткени белгилүү болду.