Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2024

Новости за 03.02.2024

"Ооруп жатсам күйөөм урган". Эмчек рагына чалдыккан аялдар

Azattyk.org 

Кыргызстанда күн сайын 15 кишиден зыяндуу шишик аныкталып турат. 2022-жылы өлкөдө 6175 онкологиялык бейтап каттоого алынса, анын дээрлик тең жарымы айымдар. Алардын ичинен эң көбү эмчек рагына чалдыккандар. Алсак, 2022-жылдын ичинде 684 айымдан бул дарт табылган. Эмне үчүн эмчек рагы көп катталып келет? Бул илдетке чалдыккан айымдар көбүнесе кандай ката кетиришет? Бул чыгарылышта зыяндуу шишик менен кошо тооруган көйгөйлөргө токтолобуз.

Сузак: Мунарбектин өлүмү, тергөөгө нааразылык

Azattyk.org 

Сузактык 34 жаштагы тургуну Мунарбек Апаев 22-декабрда чогуу отурган шериктери менен уруша кетип, алган жараатынан улам ооруканада каза болгон. Милиция кылмышка шектүүнү камаган. Маркумдун жакындары тергөөнүн журүшүнө нааразы болуп, күнөөлүүлөр жазасыз калат деп кооптонуп жатышат.

Мамыров: Кошумча ЖЭБди Кара-Кечеге куруу керек

Azattyk.org 

Мурдагы энергетика министринин орун басары, өлкөнүн өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер Райымбек Мамыров Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылууга байланыштуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

Жарылуудан кийин: Бишкекке кандай ЖЭБ керек?

Azattyk.org 

Соңку жети жылда экинчи ирет катталган кырсыктан кийин адистер ЖЭБди жаңылоодо жаңыча ыкмаларды да карап көрүү зарыл экенин айтууда. Өкмөттүн маалыматына караганда ЖЭБди оңдоого байланыштуу Орусиядан кошумча адистер келет.

Жамгырчиев мандатын тапшырды, Абакиров депутат болду

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-февралда Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясынан шайланган депутат Эмил Жамгырчиевдин мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Ушул эле жыйында Элдар Абакиров менен Айсулуу Мамашова аталган фракциянын өкүлдөрү катары мандат алышты.

“Азаттыктын” топ жарган видеолору

Azattyk.org 

“Азаттык” радиосу Кыргызстандагы карапайым элдин турмушун, дүйнөнүн булуң-бурчундагы журтташтардын жашоосун, дүйнөдөгү жана региондогу тенденцияларды социалдык тармактардагы платформаларында талбай чагылдырып келет. Алдыда “Азаттыктын” соңку бир жыл ичинде топ жарган берүүлөрүн эске салабыз.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *