Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов экс-президент Сооронбай Жээнбековдун макамына байланыштуу кол топтоо жүрүп жатканын айтты. Эл өкүлү парламенттин ишмердиги, бийлик менен болгон мамилеси, уран маселеси, соңку камоолор тууралуу "Азаттыктын" студиясында суроолорго жооп берди.
Административдик-аймактык реформанын жүрүшү менен аймагы кеңейген Бишкек шаарынын жергиликтүү депутаттарынын саны 235ке көбөйдү. Буга борбор калаага кошулган айыл округдарынын депутаттарынын Бишкек шаардык кеңешине кириши себеп болду.
Быйыл эки айда төрт аял төрөттөн ажал таап, 14 бала энесиз калды. Жыл башында 21 жаштагы келин төрөт үйүндө жыгылып, дарыгерлер курсактагы ымыркайды дагы, энени дагы сактап кала алган эмес. Көп өтпөй эгиз төрөгөн 22 жаштагы келин көз жаргандан төрт күндөн кийин ооруканада каза болду.
Бишкектин Ленин райондук соту камактагы активист Афтандил Жоробековдун ишин кароону лингвистикалык эксперт келбегенине байланыштуу 12-мартка жылдырды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун коомдогу адеп-ахлак, каада-салт тууралуу айткан сөзү талкуу жаратты.