Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2024

Новости за 08.02.2024

Орус тыңчыларынын Кыргызстандагы тымызын иштери

Azattyk.org 

Журналисттик иликтөөлөргө багытталган The Insider интернет басылмасы орусиялык атайын кызматтын тыңчылары бейөкмөт уюмдарга, оппозициялык кыймылдарга аралашып, маалымат жыйнап жүргөн учурлар аныктаганын жарыялады.

Матраимовдун мамлекетке өткөн мүлкү

Azattyk.org 

УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун 3 млрд 98 млн. сомдук кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирди. Алардын катарында Бишкектеги “Бай-Таш” турак жай комплексинин бир бөлүгү, Чүй жана Ош облустарындагы бажылык каттоо жерлери бар.

"Экспертиза эреже бузуу менен өткөн". Активисттин иши сотко өттү

Azattyk.org 

Абактагы активист Афтандил Жоробековдун иши тергелип бүтүп, Бишкектин Ленин райондук сотуна өткөнү белгилүү болду. Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан 40 жаштагы активисттин камалганына үч айга чукулдап калды. Ага “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.

Матраимовдун мамлекетке өткөн үч миллиарддык мүлкү

Azattyk.org 

УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун 3 млрд 98 млн 134 миң сомдук кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирди. Алардын катарында Бишкектеги “Бай-Таш” турак жай комплексинин бир бөлүгү, Чүй жана Ош облусунда жайгашкан бажылык каттоо жерлери бар. Издөө жарыяланган Матраимовдун жакындары акыркы окуялар тууралуу комментарий бере элек.

Мамлекеттик ипотеканы ким алат?

Azattyk.org 

Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) катышууну каалагандарга үлүштүк турак жай курулуш программасынын шартын жарыялады. Анын негизинде мигрант болуп жүргөн кыргызстандыктар дагы арзан ипотекага үй алса болорун билдирди. Азырынча өкмөт бул программаны жүзөгө ашыруу жол-жобосун толук иштеп чыга элек.



Матраимовдун империясы куладыбы?

Azattyk.org 

УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирди. 2021-жылы Матраимов коррупцияга айыпталып, сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Экс-бажычы өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 млрд сом төгүп берген. Издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун жакындары акыркы окуялар тууралуу комментарий бере элек. “Азаттык” Матраимовдун бажыдагы схемалары... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *