Кыргызстанда эки негизги ГЭСти реконструкциялоого байланыштуу жарык өчүрүлө баштады. Бул жагдай карапайым калкка түйшүк жаратып, нааразылыктарга себеп болууда.
Кыргызстанда акыркы жылдары сугат суусу таңсык болууда. Өткөн жылы Таластагы Киров суу сактагычында суу кескин азайып, Манас району менен Казакстандын Жамбыл облусунун айрым райондоруна сугат суу жетпей калган. Ал эми быйылкы суунун көлөмү кандай болот деген санаркоолор ала жаздан тарта айтыла баштады.
АКШда президент Жо Байден менен экс-президент Дональд Трамп ички партиялык шайлоодо жеңди. 15 штатта миллиондогон шайлоочу добуш берген праймеризде Республикалык жана Демократиялык партиялардан президенттикке ким талапкер болору аныкталат. Трамптын жалгыз атаандашы Никки Хейли жарыштан чыкты.