Депутат Акаев: Коменданттык саатсыз өзгөчө абал жарыялап, шайлоону токтото туруу керек
Депутат Жанарбек Акаев парламент төрагасы Дастанбек Жумабековду өлкөдөгү абалды талкуулаш үчүн Жогорку Кеңешти чукул жыйынга чогултууга чакырды. Бул тууралуу депутат 9-июлда “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялаган видеокайрылуусунда айтты.
Депутат парламенттик шайлоого бюджеттен 526 миллион сом, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө 21 миллион сом кетерин айтып, эпидемия учурунда дары-дармек жана аппараттар жетишпей жатканда мынча акчаны шайлоого коротуу орунсуз экенин белгиледи.
Акаев, ошондуктан, шайлоону башка убакытка которуу керектигин, бул үчүн өлкөдө өзгөчө абал жарыяласа болорун айтты. Ал өзгөчө абал коменданттык саатсыз жарыяланса болорун кошумчалады:
“Коменданттык саат киргизбестен өзгөчө абал жарыялоого мыйзам жол берет. Өзгөчө абал учурунда эч кандай шайлоо өтпөйт. Мыйзам боюнча шайлоого катышам деген партиялар август айында съездин өткөрүшү керек. Ушундай шартта, элибиз ооруканалардын алдында кулап жатса ким “Мага добуш берип койгула” деп айыл-апага барат? Бул жеткен акылсыздык жана акмакчылык болот”.
Буга чейин оппозциядагы дагы бир депутат Рыскелди Момбеков эпидемия маалында шайлоонун мөөнөтүн узартып, жоопкерчиликти жеке өзүнө алууну президентке сунуштаган.
Социалдык түйүндөрдөгү талкууларда мындай жол кайрадан тоталитардык жеке басар башкарууга алып барат дегендер да, эпидемия учурунда шайлоо өткөрүү элди сыйлабастык болот дегендер да болууда.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтогон, бирок 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал режими уланууда.
БШК шайлоону эпидемияга карабастан өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин билдирип жатат.
Президент Сооронбай Жээнбеков кезектеги парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу жарлыкка 3-июлда кол койгон.
Кезектеги парламенттик шайлоого катышкысы келерин 44 саясий партия билдирди. (RK)