Ысык-Көлдүн Каракол шаарында "Тез жардам" кызматындагы кырсыктан улам төрт жылдан бери жүрбөй турган автоунааны жаштар оңдоп бергени жатышат. Бул тууралуу демилгечи жаштардын бири Жоомарт Жамангулов маалымдады.
"Март айында карантин башталганда постторго тамак ташып, ошол жерде туруп аттык. Ошол эле учурда муктаждарга азык-түлүк жеткирип да жүрдүк. Бул жолу шаардык штабдын мүчөлөрүнө кандай көмөк керек деп кайрылдык. Шаардык поликлиниканын жетекчиси 2015-жылы жол кырсыгына кабылган "Тез жардам" автоунаасы бар экенин айтып, ошону жасатып берүүбүздү суранган".
Жамангуловдун айтымында, жаштар ушундай эле үлгүдөгү жарактан чыккан автоунаанын тетиктерин ооштуруп оңдоп жатышат.
2015-жылдан бери Каракол шаардык "Тез жардам" кызматынын короосунда турган бул автоунаа 2014-жылы алынган. Бир жылга жетпей кырсыкка кабылып, жарактан чыккан. Бул окуя боюнча соттук териштирүү бүтө элек.
Караколдук демилгелүү жаштар каражат чогултуп, бир жаңы "Тез жардам" автоунаасын алып берүүнү пландап жатышат. Каракол шаарында эки "Тез жардам" автоунаасы бар. 2019-жылы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду облуска тогуз машине алып берген. (KS)
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Семинар библиотекарей Ленинского округа прошел в Центральной библиотеке
Владимир Путин сенсационно получил ключевое признание от Н А Т О.
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Владимир Путин сенсационно получил ключевое признание от Н А Т О.
Инго Экосистема стала победителем национальной премии FinTech Awards Russia
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Депутат бундестага Котре: санкции против Мосбиржи нанесут ущерб ФРГ и Евросоюзу
Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
В Московской области сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в краже электроинструментов
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде