Кытай АКШга жооп катары үч мыйзам чыгаруучуга санкция салды
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 13-июлда билдиргендей, Бээжин АКШ Конгрессинин мүчөлөрү Марк Рубио, Тед Круз жана Крис Смитти, Кошмо Штаттардын дин эркиндиги боюнча атайын чабарманы Сэм Браунбэкти санкция тизмесине киргизди. Ошондой эле АКШ Конгрессинин Кытай боюнча аткаруучу комиссиясына да санкция салынды.
Бул комиссия Кытайдагы адам укуктарынын сакталышына көз салып, Конгресске жана президент Дональд Трампка жылдык баяндамасын сунуштап турат.
“Кытайдын ички иштерине олуттуу кийлигишүү менен АКШ эл аралык мамилелердин негизги эрежелерин бузуп, Бээжин-Вашингтон алакаларына зыян келтирип жатат”,- деп билдирди брифинг маалында министрликтин маалымат катчысы Хуа Чунин.
9-июлда Вашингтон Шинжаңдагы уйгурлардын жана башка мусулман азчылыктарынын укуктары үрөй учура тургандай ырааттуу бузулуп жатышына байланыштуу Кытайдын жогорку даражалуу расмий адамдарына санкцияларды киргизген.
Ага ылайык, Кытай бийлигинин үч өкүлүнө АКШга виза берилбейт жана алардын Американын аймагындагы активдери камакка алынат.
Эл аралык укук коргоо уюмдары жана бир катар Батыш өлкөлөрү Кытай бийлиги Шинжаңдагы уйгур, казак жана кыргыз сыяктуу улуттарды «саясий тарбия лагерлеринде» негизсиз кармап турганын билдирип келет. Буга чейин Кытайдан келген ондогон казактар жана кыргыздар жардам сурап, бийликке кайрылышкан.
Кытайдын жетекчилиги Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөгөн.