Испания коронавирус пандемиясынын курмандыктарын эскерди
Испанияда падыша Филипп VI жана анын жубайы каныша Летиция баштаган өлкөнүн жана чет мамлекеттердин жогорку даражалуу өкүлдөрү пандемия маалында ажал тапкандарды эскерди.
Мадридде падышанын сарайынын жанындагы иш-чарада 400гө чукул конок кара беткап тагынып отурду жана пандемия маалында ажал тапкан 28 миңден ашык адамдын элесине арналган кара текчеге кара роза гүлдөр коюлду.
Падыша Филипп VI каза болгондордун жакындарына, тууган-уругуна кайрылып, "силер бул кайгыда жалгыз эмессиңер, бул жалпыбыздын азап-тозогубуз", - деп айтты. Ал көз жумгандардын көбү кары-картаңдар экенине токтолуп, өлкөнүн демократиялык жолунда алардын эмгеги зор болгонун белгиледи.
Эскерүүгө Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Лейен баштаган Европа Биримдигинин жогорку кызматтагы өкүлдөрү, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейсус катышты.
Испания - Европада оорудан эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири.
Жон Хопкинс университетинин эсебинде, COVID-19ду дүйнө жүзүндө жуктуруп алгандар 13,5 миллион адамга жетти. Бул илдет 584 миңден көп бейтаптын өмүрүн кыйды.
Ооругандардын жана курман болгон адамдардын санына карап АКШ биринчи орунда турат. Кошмо Штаттарында ооруга кабылгандар дээрлик 3,5 миллионго чамалады, коронавирустан 137 миңден көп киши көз жумду.