Милициянын кайгуул кызматы машина ээлерине кайрылды
Машинасын сатканда жаңы ээсине документалдык жактан толук өткөрүп бербегендер Милициянын кайгуул кызматынан жардам сурап кайрылып жатышат.
17-июлда мекеменин басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу “Азаттык” радиосуна билдиргендей, машинанын жаңы ээси жол эрежесин бузганы үчүн “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айыппул төлөө талабы мурдагы ээсине коюлууда.
Жалпысынан жыл башынан бери 1010 адамдан арыз түштү, алардын 215и боюнча аткарылган иш натыйжасын берип, машинанын мурдагы жана жаңы ээлери жолуктурулган.
Байказы Айтикул уулу жарандарга кайрылып, мындай проблемага туш болбош үчүн машинаны саткан ар бир адам сатуу-сатып алуу жөнүндөгү документтерин тийиштүү түрдө толтуруп, жоопкерчиликти толугу бойдон өткөрүп бериши зарыл экенин белгиледи:
“Милициянын кайгуул кызматы автоунаасын жөн гана келишимдин негизинде саткан адам документ боюнча анын мыйзамдуу ээси болуп кала берерин, эгер жаңы ээси жол эрежесин бузса ошол факт боюнча айыппул “Бузуулар жөнүндө” кодекстин негизинде мурдагы ээсинин дарегине келип түшөрүн эскертет”.
Жол коопсуздугун сактоого багытталган “Коопсуз шаар” долбоору Кыргызстанда 2019-жылдан тартып иштей баштаган. Эреже бузгандарды аныктоо үчүн жолдорго атайын камералар орнотулган.
Мамлекеттик каттоо кызматы машина сатууда ишеним кат жазып берүү менен гана чектелбестен, аны жаңы ээсине толук өткөрүп берүү керектигин, анткени айыппул каттоо кимде болсо, ошого салынарын эскерткен. (RK)