Мурдагы элчи Кылычбек Султан 23-июлда кечке жуук сурактан чыкканын, 24-июлда түшкө чейин жана кечке маал дагы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) бара турганын "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.
“Тилекке каршы, сурактын маңызы тууралуу азырынча айтууга тыюу салынды. Бирок соңку күндөрү болуп жаткан тенденция аркылуу өзүңөр деле түшүнсөңөр болот”, - деди мурдагы элчи.
Буга чейин Кылычбек Султан “Азаттык” радиосуна социалдык тармактарда бийликти сындап жазганы үчүн суракка чакырылып жатышы мүмкүн экенин айткан. Атайын кызмат мурдагы элчи кайсы иш боюнча чакырылганын кабарлай элек.
Кылычбек Султан «Фейсбуктагы» баракчасына 5-августта президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо боюнча нааразылык акциясы болорун жазган. Интернетте пандемия шартында бийликтин кетирген кемчиликтерин, коррупцияга каршы күрөш начар болуп жатканы тууралуу сын пикирлерин жазып келген.
Кылычбек Султан 2018-жылдын декабрында Түштүк Кореяда элчи болуп турган кезинде элчиликтерде коррупциялык иштер бар экенин жарыялаган. Терс көрүнүштөр тууралуу Тышкы иштер министрлигине, УКМКга, президенттик аппаратка жазган каттарына жооп болбогону үчүн президентке ачык кайрылганын айткан. Мындан кийин Султанов, мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев дагы кызматтан алынган. (TSh)
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
Ежегодная церемония вручения Всероссийской премии Евгения Зубова прошла в библиотеке Видного
Профилактический рейд по противопожарной безопасности прошел сегодня в Ленинском округе
В Подмосковье сотрудники Росгвардии спасли пожилого мужчину, который оказался один дома и плохо себя почувствовал
Бурятский Театр кукол Ульгэр в Улан-Улан-Удэ показал в Этнографическом музее народов Забайкалья перед детьми и родителями в семейный праздник сказку Колобок - Новости и Культура, Дети и Россия
«В девять лет я уже был очень любвеобильным». Актер Михаил Богдасаров вспомнил детство в шоу «Вкусно с Анфисой Чеховой» на ТВ-3
Скидки на звуковые щетки и зубную пасту для детей от компании "Ревилайн" до 6 июня 2024 года
Туристка заразилась плотоядной болезнью и потеряла руку: новая инфекция начала распространяться на людей, посещающих достопримечательности