Жумгалда тургундар түндүк-түштүк жолунун сапатына нааразы болуп чогулушту
23-июлда Жумгал районунун Куйручук айылынын жанынан өткөн түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушунун сапатына нааразы болуп жыйырмадан ашуун жергиликтүү жашоочулар чогулушту. Марат Оторбаев аттуу “Фейсбук” колдонуучу жайгаштырган видеодо тургундар саздак жердеги жол курулушунда тийиштүү технология колдонулбай жатканын айтууда.
“Жаштар көтөргөн маселени эң туура деп эсептейм. Бул жердин саздак экенин баарыбыз билебиз. Эч кандай технология колдонулган жок. Жолду туурасынан чоңойткондо болжолдуу 10 метрдей сазга кирди. Дренаж жок, суу турат. Эртең чөгүп кетпейт деп ким кепилдик берет?”, - деди жергиликтүү тургундарды бири.
Чогулгандар “эски асфальт айыл ичиндеги жолдорду оңдоого жумшалат” деген убада аткарылбай жатканын айтышты. Видеодо жол салып жаткан ишкананын өкүлүмүн деген киши курулуш иштери долбоордо көрсөтүлгөндөй жасалып жатканын түшүндүрүүдө.
Аким Адыл Сапаров райондо түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушунун сапаты боюнча талаптар буга чейин эле айтылып келгенин “Азаттыкка” билдирди. Сапаров Куйручук айылынын тургундарынын талабын тийиштүү органдарга жеткирүүгө убада берди.
“Бул жолу Жумгал районунун Куйручук айылында иштеп жаткан италиялык компаниянын саздын үстүнө шагыл төгүп жатканын көргөн жергиликтүүлөр нааразы болуп чогулушту. Анткени Жумгал районунда жайгашкан Кара-Кече көмүр кенинен КамАЗдар көмүр ташып өтүшөт. Жаңы оңдолгон жол бат эле жарабай калбашы керек. Эл чогулганда мен иш сапар менен Нарын шаарында жүргөм. Эртең жол куруп жаткан компаниянын өкүлдөрү менен жолугуп, элдин талабын жеткирем”.
Акимдин маалыматына ылайык, Куйручук айылынын тургундары түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун 89,5-159,2 чакырымындагы курулуш сапатына нааразы болуп жатышат. Ал бөлүктү италиялык Todini Costruzioni Generali Company ишканасы куруп жатат.
Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Автожолду 2023-жылы пайдаланууга берүү пландалып жатканы кабарланган. Дээрлик 500 млн. долларга бааланган түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. (TSh)