ӨКМ: Айрым аймактарды сел каптады
Кыргызстандын айрым аймактарында нөшөрлөгөн жаандан кийин кээ бир жерлерди суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Элмира Шерипова "Азаттыкка" билдиргендей, тоолуу аймактарда сел каптоо коркунучу бар экени эскертилген.
Бүгүн 27-июлда Нарында Жумгал районунун Чаек айылында кокту-колоттон келген суу үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык автожолдорду каптады. Баткенде Кадамжай районунун Көтөрмө, Орозбеков айыл аймактарында да каптаган селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат.
26-июлда Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда Казарман, Арал айылдарынын 21 үйүнүн короосун суу каптаган, үч үйдүн ичине суу кирген. Казарман–Жалал-Абад жолунун үч чыкырымын да суу каптап, машинелер жүрө албай калган. Жолдор жана короолор толук тазаланып бүттү. Чаткал районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен кум-шагыл толуп калган Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка автожолунун үч чакырымын, Токтогул районунда Үч-Терек айылында 240 метрлик ички чарбалык жолду суу каптаган. Азыр ал жерде жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Базар-Коргон районунда Арстанбап айыл аймагына караштуу Жарадар айылында да сел жүргөн.
Ушул эле күнү Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунда Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунун болжол менен 142-чакырымында жаандан кийин кокту-колоттон агып түшкөн суу жолду каптап, машиналардын өтүшүнө кыйынчылык жаралган. Жол кечинде тазаланып, ачылган.
Баткенде Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айылында нөшөрдөн кийинки сел алты көпүрөнү жарактан чыгарды. Лейлекте Ош–Баткен–Исфана автожолунун 323-332-чакырымдары, Өзгөрүш айылындагы ички чарбалык жол кум-шагылга толгон.
Адам өмүрүнө зыян келген учурлар катталган жок.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул күндөрү тоолуу аймактарда сел жүрүшү ыктымал экенин эскерткен. (RK)