Кыргыз-казак кырчылдашса
Таэквондо ITF Кыргыз-казак кырчылдашса… Алматыда өтө турган Казакстандын ачык биринчилигин көздөй, кыл чайнашкан мелдешке кыргыз спортсмендери катуу даярдыкта жөнөп кетишти. Арасында Чүй жана Ысыккөл облусунан...
Сообщение Кыргыз-казак кырчылдашса… появились сначала на presskg.
Таэквондо ITF
Кыргыз-казак кырчылдашса…
Алматыда өтө турган Казакстандын ачык биринчилигин көздөй, кыл чайнашкан мелдешке кыргыз спортсмендери катуу даярдыкта жөнөп кетишти. Арасында Чүй жана Ысыккөл облусунан иргелип, Азия биринчилигинде байгелүү орундарды жеңген Ростислав О, Дмитрий Ким, Наргиза Утешова жана дүйнө чемпиону Сергей Фаустов бар. «Бул эки күндүк мелдеште биздин атлеттер байгелүү орундарды алып келишерине толук көзүм жетет» деди федерациянын вице-президенти Салават Таласбаев.
Стол тенниси
Желим шар учат үстөлдө
Жаңы жыл жаңыраары менен КР стол теннис ассоциациясы өлкөнүн ачык биринчилигине аттанды. Турнирдин жүрүшүндө спортсмендер он жолу чоң таймашта күчтөрүн сынашып, акыры чемпион аныкталат. Биринчи турда көч башында Рашид Ахмедов келатат. Алишер Якупбаев жана Талгат Сагындыков азырынча экинчи жана үчүнчү орундарда.
Бокс
Оңду оңдой чаптыбы?
WBC жааты боюнча 62кг салмактагы мушкерлер арасында жылдын жыйынтыгы чыкты. Кыргызстандык мушкер Алмазбек Раимкулов 10унчу орунда турат. 2007-жылы болжогон эки таймашта атаандаштары баш тартпаганда жана ноябрь аягындагы чууга байланбаганда Алмазбектин көрсөткүчү мындан да жакшы болмок. Ал эми 1-орунда Хосе Армандо Санта Крус (АКШ) турат.
Орус «дөөсү» айыпка жыгылдыбы?
Николай Валуевди Санкт-Петербург шаарынын соту 130 миң рублге айыпка жыкты. Өз кезегинде «Спартак» спорт комплекстин кароолчусу Николайдын колунан жабыр тартып мазакталганына чыдабай сотко кайрылган эле. РФ УК 115-статьясына ылайык дүйнөнүн мурунку чемпиону Н.Валуев курун мойнуна салууга аргасыз болду.
Кулак тиштемей жок
Аты айды жанган, салмагы сайдын ташындай болгон америкалык мушкер Майк Тайсон: «Кайрадан рингге чыгып, чоң спортумду улантам. Майданга Эвандер Холифилдди чакырып, эки жолку жеңилүү ызамды кайтарып алгым келет» деди. Өзүңөр билгендей Холифилдге биринчи жолу 1996-жылы, кийинки жылы кайра чыгып Эвандердин кулагын тиштеп алгандыгы үчүн калыстар Тайсонду куржалак калтырган.
Шахмат
Жетинин бири кыдыр
РФнын аялдар арасындагы чемпионаты аяктады. Шахматтын тишин чаккан он эки айым айлампа түрүндө катуу салгылашып отуруп, акыры чемпиондукту Тамара Косинцева деген айым 11 оюндан 7 упай топтоп, чемпион болду. Биздин жердеш кызыбыз Светлана Матвеева 5,5 упай менен 7-орунда калды.
Даярдаган
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ
Сообщение Кыргыз-казак кырчылдашса… появились сначала на presskg.