VIP… (Б-И-И-ИП!)
Администрация жетекчилигине кимдер каралууда? Президенттин администрация башчылыгына Т.Мамытов, А.Жекшенкулов, К.Темирбаев, А.Келдибеков сыяктуу баатырлар каралып атканын каңкуулашууда. Медет Чоканович Садыркуловдун ордуна регионалдык теңсалмактуулукту сакташып, Түндүктөн коюлары...
Сообщение VIP… (Б-И-И-ИП!) появились сначала на presskg.
Администрация жетекчилигине кимдер каралууда?
Президенттин администрация башчылыгына Т.Мамытов, А.Жекшенкулов, К.Темирбаев, А.Келдибеков сыяктуу баатырлар каралып атканын каңкуулашууда. Медет Чоканович Садыркуловдун ордуна регионалдык теңсалмактуулукту сакташып, Түндүктөн коюлары да ажеп эмес. Ансыз да ажо, премьер-министр (орус), спикер, Жогорку сот, Башпрокурор тең Түштүктөн экени белгилүү. Бу саам калыстык болобу-болбойбу көрө жаталы…
Керимдин кабинетине кызыккан ажо
Кечээ ажо парламенттен элге кайрылгандан кийин адатынча күтүүсүздүгүн салып, депутат Керим Тураповдун кабинетине кирмекчи болуп калды эле, жанкошчу-кошоматчылар дароо Керим мырзанын кабинетине жаңы килем салышып, кабылдамасын жасалгалап ийгенге үлгүрүштү. К.Салиевич бардык депутаттардын кабинеттерине кирип чыкса кана (!), сыртын жалтыратып…
Дагы бир кызыгы, К.Тураповго Консерваториядан профессор наамын беришсе, өзү барбай кызы наамды алганы таңгалдырат…
Т.Мамашев кыргыздын Санта Клаусубу?
«Кыргызстан — Санта Клаус өлкө-сү» деп жар салган Т.Мамашевди тыйып койчу эстүү киши болбоду. Кыргыздын байыркы тарыхынан бери Санта Клаустун аты эмес, жыты болбогону, дегеле, аяз ата деген түшүнүктөн алыс болгонубуз талашсыз. Түпкү ата-бабаларыбыз жаңы жылды «21-март — Нооруз» деп кабылдап келишкени, мындай санта-мантасы жок эле 21-мартта жаңы бүчүрдү, төлдүн башталышын, күн-түн теңелерин, кайра жаралууну ырымдашкан. Т.Мамашевдин алабармандыгы кайсы улуттун рухуна багытталганы өзүнөн башкага белгисиз. Же батыштык туристтерди тартуу приманкасыбы?..
Жаңы устукан: кулак менен сөөмөй…
Жаңы жылга карата белгисиз бир эргул М.Садыркуловдун үйүнө кооз жасалгада бадарке таштап кеткен. Мындай күтүүсүз белекти Медет мырза аялы экөө ача салып, Кудай артын салбасын, кутучадан адамдын кулагы менен сөөмөйү чыгып атпайбы. Мына сага жаңы жылдык устукан! Азыр бул ишти кимдер уюштурганы боюнча иликтөөлөр жүрүп атыр. Мунун өзү не деген эскертүү? Кыкеңдер ушунча да кетеби, түшүнүп бовойт.
«Апа, атка така как!»
Кечээ Жогорку Кеңештен өкмөт мүчөлөрү ант беришти. Министрлер Н.Сулайманов менен И.Исаков антты жатка айтышса, ТИМ жетекчиси Э.Карабаев эне тилин кой, орусча даяр текстти окуй албай тердеп-кургап, депутаттарга шерменде болду. Ошондой эле өкмөттүн аппарат жетекчиси, министр М.Исмаилов кыргызча анттан тили сынып «ит» эле болсо, финансы министри Т.Калимбетова алдындагы баракты теңирден тескери окуп, кыраан каткырык жаратты. Мына, «кыкеңский» өкмөттүн жүзү.
Үсөн акенин үнү өчкөндө
Үсөн аке Сыдыков кыйы-ын «карт бөрү» эмеспи. Жаңы жыл астында партиялашы Ө.Жанкабыловдун оозу менен Ж.О.го арыз-муңун төктүрүп, ажодон кидайтетилгенин мышык ыйлагандай арман кылып, «Жаңы Кыргызстан» партиясы талаада калганын кабарлатты. Эгер партиясына чындап күйсө, жең ичинен түтөбөй эле К.Бакиевге ачык каршы чыкпайбы? Көрсө, аэропортту жетектеген уулу Бакыт Сыдыков кө-өп «косяктарды» кетирип, ошонун айынан Үсөн аке шүк отурган кербези дейт.
«Чыңгыз Айтматов жылы» дейби?
Маданият министрлиги 2008-жылды «Чыңгыз Айтматов жылы» деп жар салды. Өкмөттүн эсебинен Ч.Айтматовдун 80 жылдыгына үлкөн даярдыктар, чоң суммадагы акча сарпталары дайын болду. Кыргыздын башына мүшкүл түшүп, жери сатылып, уулдары атылганда үндөбөгөн Чыкеге адаттагыдай эле оңдой берди болду. «Күн тийген жердин күкүгү» деген макалды улуу жазуучу ушул демилгени көтөргөн Султан палван Раевге чечмелеп берсе, маданият министрлигине чоң жакшылык кылар эле.
Өкмөт жазда кайра өзгөрөбү?
Жаңы күчүнө кирген өкмөт курамы жазда түп орду менен кайра өзгөрөрү ишенимдүү булактардан айтылууда. И.Чудинов башында турган өкмөт курамы көңүл үчүн куралганын Акүй билермандары кыйытышты. Буюрса, жаз менен кошо дагы жаңырабыз…
«Агым-пресс»
Сообщение VIP… (Б-И-И-ИП!) появились сначала на presskg.