Пейджер
Урматтуу окурман! Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайда сын-пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна...
Сообщение Пейджер появились сначала на presskg.
Урматтуу окурман!
Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайда сын-пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна чалып же AGYMpage деген сөздөн баштап 3030 номуруна SMS-билдирүү жөнөтсөңүз болот. 3-4 сүйлөмдөн ашпаган куйкум сөзүңүздү, боорду эзген азил оюңузду, көңүл көтөргөн куттуктоолоруңузду күтөбүз. Бүйүр кызыткан билдирүү ээси «Пейджердин» белегине арзыйт. «Пейджер» — сиздин үнүңүз! Чалыңыз, SMS-билдирүү жөнөтүңүз.
1-апрелде «Пейджер» менен сүйлөшкөндөр:
П-265. «Агымдын» өткөн сандарында «мигранттардан өлкөгө 1 млрд. доллар келди» деп конфетке алданган баладай эмнеге кубанасыңар? Ээн жерлерибизди кошуна мамлекеттер ээлеп атса, кулчулугуң үчүн деп берген садагасынын кыргызга кереги бар беле? Ошолор өзүбүздө эле чыгармачылык менен иштешсе келечекте чексиз млрд. ээси болот элек го. Деги бизде намыс барбы?! Караш Насер.
П-266. 90-жылдан баштап ата-тегин «уулу», «тегин» деп метрике алгандар азыр «ов», «ова» дегенге өтө башташыптыр. Буларды кыргыздын баркына жетпей, ата-тегинин маданиятын унутуп калгандарына кулчулуктун сезими сиңип, орноп калгандар деп түшүнсө болот. Караш Насер.
П-267. Жер-сууңду сатпагын деп бийликтен, / Калайыктын ушул эле сураганы. / Кулак салбай мындай сөзгө депутаттар, / Олтурушат басып коюп бураманы. / Көлдүн жээгин берсекпи деп жылмыңдашып, / Ушул болду бир-биринен сураганы. Сейдана Бейшебекова.
П-268. Майнап чыкпай убададан, кебинен, / Кыйраттык деп төшүн кагып теминген. Тонналаган буудай бар деп кампада, / Калың журтка убадалар берилген. / Карандай калп, жел сөздөргө ишенип, / Эли-журтум кара сууга семирген. Сейдана Бейшебекова.
П-269. Көлдүк экс-депутат Садыр Жапаров жана «Ак жолдун» желегин көтөргөн депутаттар Канимет Жангорозов, Каркыраны казактарга берип коюп кантип чыдап жүрөсүңөр? С.Жапаров депутат болордо жол тостуруп атып болду эле, эми Бакиевдин артына туруп алып, унчукпайт. Каркыра казактарга берилип кетсе, экөөңөрдү Балбай атанын арбагы уруп кетсин! Түптүк тууганыңар.
П-270. Ататүрк паркын өөнөп жалаң байдан, / Мыйзамсыз аксарайлар канат жайган. / Жардылар салган заңсыз кепелердей, / Талкалап жогот ханым, болсун жайкам. Эркин Жаныбеков.
П-271. Деги кыргыз тилинин баркын, баасын качан барктайбыз, пайдасын качан көрөбүз? Казак туугандар чөнтөк телефондогу жазууларды казакча которуп алышыптыр. Бизде аны кой, жадагалса чоң сөрөйлөрүбүз кыргызча сүйлөгөндөн уялып, орусча саймедирешет. Сөз жок! Айкеев Давлес, пенсионер.
П-272. Бишкектин тургуну, атабыз Матраимов Сейдакматты 5-апрель туулган күнү менен куттуктайбыз. Денсоолук, бакубат өмүр, апабыз Сайра экөө төрүбүздө күлүп-жайнап жүрө беришин каалайбыз. Кызы Жазгүл, күйөө баласы Таштанбай, небереси Мирбек.
П-273. О айланайын көлдүктөрүм! Акаев Үзөңгүкуушту Кытайга бергенде Көлдөн Жекшеев, Түштүктөн Бекназаров чыркырап каршы чыкканда, бириң да үндөбөй момурап жатып алдыңар. Мисалы, силер Казакстан, Өзбекстан же Ош жактан жер сурап көргүлөчү, алар силерге жер эмес, турмугун бербейт. Көлбай.
П-274. Даминова Назгүл Мамасыдыковнаны 1-апрель туулган күнү менен куттуктап, ишине ийгилик, өзүнө денсоолук каалайбыз. Аида, Азиза.
П-275. Көптөн бери мамкатчынын орду каңгырап бош турат. Ал орунга «хоп, майли» деген бир аке-үкөнүн ылайыгы келбей атат го… Болбосо регионалдык балансты сактап Н.Мотуевди койсо, бул баатырдын ораторлук таланты жана мимикалары төп келишмек. Эсен.
П-276. Канимет Жангорозов, Үзөңгүкууш сатылганда кол коюп бердиңиз эле, эми Каркыра сатылса дагы кол коюп бересизби? Айбек.
П-277. Сойкулар турмушуна улам артып, / Азыткы шайтандардын пулу артык. / Кылтактап күйүгүшүп жаткан жерден, / Узакка кесиш керек, торго тартып. Эркин Жаныбеков.
П-278. Ажобуз Германиядан келгенден кийин Россиянын эмес эле Кыргызстандын бир белдүү журналистине маек куруп берсе болбойбу? «Элим мындай ушак чыгарыптыр, тиги айтты, бу айтты» деп даттангандай болсо, күйбөгөн жериңди күл болот экен. Жаңыл.
П-279. Салимова Айдай Кудайбергеновнаны апрель айындагы туулган күнү менен куттуктайбыз. Ишиңдин ийгилиги артып, денсоолугуң чың, өмүрүң узун болсун. Аскарбек, Тынара.
П-280. Тобо, же «Мен ишенбейм…» акциясынын уюштуруучулары улам бир нерсе ойлоп чыгарышкандан чарчашпады же аларды улам кармап жоопко тарткандан кызыл шапкечендер тажашпады. Макен.
П-281. Деги бирөөгө сынтагып кереги жок экен. Сөз кылып, күлүп койсоң эле бүттү, өз башыңа муш болуп тиет окшойт. Досумдун сүйлөшкөн кызын алакачып кеткенде «жакшылап карабайсыңбы» деп күлдүм эле, эми минтип досумдун кейпин кийип калдым. Канат.
П-282. Жеңем Жакенова Аманатты апрель айындагы туулган күнү менен куттуктайм. Жеңе, денсоолугуңуз чың, өмүрүңүз узун болсун. Эч нерседен кем болбой, байкем Чолпонбай менен бакубат карылык доорун сүрүңүз. Зарина.
Жеңүүчүбүз — сүйгөнүн уурдаткан Канат (П-281), редакция менен байланышыңыз.
Даярдаган Канышай БЕШБАЕВА