Достук, махабат, бакыт, ийгилик, саякат…
— Кыялыңды көбүнчө кандай ойлор ээлейт? — Дайым бакыт жандап, кучагына бөлөп турса экен дейм. А бакыт — мен үчүн максаттарыма жетип, тилегеним орундалганы, жакындарымдын...
Сообщение Достук, махабат, бакыт, ийгилик, саякат… появились сначала на presskg.
— Кыялыңды көбүнчө кандай ойлор ээлейт?
— Дайым бакыт жандап, кучагына бөлөп турса экен дейм. А бакыт — мен үчүн максаттарыма жетип, тилегеним орундалганы, жакындарымдын аман-эсендиги, айланамдагылар мени сүйүп, барктап, сыйлаганы, ошону менен катар өзүм да бирөөнү сыйлап, сүйө алганым, айтор, баары жайында, көңүлдөгүдөй болушу.
— Сезимге багынасыңбы же сени акыл башкарабы?
— Менде сезимге караганда акыл күчтүүлүк кылып кетет. Бирок, жүрөгүнө баш ийип, анын көрсөтмөсү менен жашаган адамдарды аябай сыйлайм. Жашоомдо мен жалгыз жүрөгүмдү гана угуп, анын чечимдери менен гана алдыга кадам таштай турган кандайдыр бир окуянын болушун күтөм.
— Сүйүүгө аныктама бераласыңбы?
— Сүйүү эмне экендигин билбейм, бирок, ал адамга кандай таасир этерин билем. Эгер чыныгы сезим болсо, ал бийик, айкөл, акылман, максаттуу боло түшөт. Эгер сүйүүсү багытталган адамы сезимин тепсеп кеткен күндө да, ал эч качан кек сактабайт. Мен башымды жоготуп сүйөлекмин, бирок, алдыда бактылуу махабат күтөрүнөн шек санабайм.
— Достук сен үчүн кандай баалуулук? Досторум деп санаган адамдарың арбынбы же сага «досуңмун» деп кайрылгандар көптүк кылабы?
— Адамдын чыныгы жүзү кандайдыр бир окуяда так көрүнүп чыга келет, андан кийин аны кандай болсо, ошондой кабыл алууга даяр болушуң керек. Достук мен үчүн чоң мааниге ээ. Жаш болсом да, бул жаатында тажрыйбам жетишерлик деп ойлойм. Мектепте ар башка класстардан беш кыз курбу болчубуз. Алар мага аябай жакын, кымбат эле. Бирок, мен алардын чыныгы жүзүн мектепти аяктоо кечесинде көрдүм. Мен аларды күнөөлөбөйм, анткени, арбир адам жаңылат, жаңылууга арбирибиздин акыбыз бар.
— Виртуалдык дүйнө менен баарлашып, мырзалар менен таанышкан учурлар болобу?
— Мен тирүү адам менен кадимкидей көзмө-көз жолугуп мамиле курганды туура көрөм. Анткени, оозу жалган айтса да, маңдайыңдагы адамдын көздөрүнөн чындыкты тапсаң болот.
— Келечекте — 10-15 жылдан кийинки өзүңдү сүрөттөп бераласыңбы?
— Ийгиликтүү, калыптанып калган, өздүк ишин ачып, иштеткен инсанды көралам. Мен үчүн ийгилик — жандүйнөнүн гармониясы. Анан албетте, ыр, сахнасыз келечекти көралбайм. Азыр менин маанайым көбүнчө сырткы факторлордон көзкаранды, а мен ички дүйнөмдөгү гармония сыртка чагылышын каалайм. Негедир, кандай кыялдансам да, анда сөзсүз ата-энем, сиңдим менен дүйнө таанып, саякаттап жүргөн болом. Көбүнчө мени Европа өзүнө тартып турат, ал эми дүйнөнүн жаңы жети кереметинин ичинен албетте, Египет пирамидаларын көргүм келет. Апам эларалык ишканада эмгектенет, ал компаниянын акционерлеринин катарында мен да бармын. Ошол себептен, дүйнө кыдырууга апам тарабынан да менде мүмкүнчүлүк бар.
— Башка бирөөнүн катачылыгынан сабак ала аласыңбы?
— Бөтөн жаңылыштык сабак бербейт. Адам өзүнө багытталган бардык нерсени басып өтөт, так ошол жаңылыштыктар үйрөтөт, ал эми андан буйтап өтүү — бул сенин акылмандыгың, амалкөйлүгүң эмес. Канчалык кыйынчылыктарды жеңип өтсөң, ошондо гана сен тажрыйбалуусуң, акылдуусуң.
Сообщение Достук, махабат, бакыт, ийгилик, саякат… появились сначала на presskg.