Пакистандын түштүк-батышында хазара тегиндеги 11 кенчини жоочулар өлтүрүштү
Пакистандын түштүк-батышындагы Балучистан вилайетинде көмүр кенинде иштеген хазара улутундагы кенчилерге белгисиз жоочулар кол салып, аларды барымтага алган соң, 11 кенчини өлтүрүп салышканын 3-январда пакистандык бийликтер маалымдашты.
“Алтүндөгү чабуулдун айынан бери дегенде 11 кенчи набыт болду”, – деп жергиликтүү полициянын өкүлү Нурулла маалымдады.
Жарым аскердик топтун өкүлү Муаззам Али Жатойдун айтымында, бул чабуул Кветта шаарынан 48 чакырымдай чыгышыраактагы Мач көмүр кенинде болгон.
Жатойдун айтымында, барымтага алынган кенчилерди жоочулар жакыныраак коктуга алып барып, аларга ок жаадырышкан. Кенчилердин алтоосу дароо курман болуп, бешөө ооруканага жеткирилип бара жаткан кезинде жолдо каза болушкан.
Бул кенчилер этностук жана диний азчылыкты түзгөн шийи ишениминдеги хазаралар болгондугу үчүн бутага алынышкандыгын, башка тектеги кенчилерге жоочулар тийишпегендигин Жатой тастыктады.
Пакистандын премьери Имран Хан “Твиттерде” билдирүү жарыялап, “күнөөсүз он бир көмүр кенчисинин” өлтүрүлүшүн “коркоктук жана адемгерчиликсиз террордук аракет” деп терең айыптады.
Исламдын шийи нугун туткан хазаралар акыркы жылдары Пакистандагы жана Ооганстандагы сунний жоочуларынын, алардын арасында ашынган “Ислам мамлекети” тобунун террорчуларынын чабуулуна кабылып келет.
Балучистан вилайети Ооганстан жана Иран менен чектеш. Бул чөлкөм 2004-жылдан бери жикчилдик, зомбулук, диний араздашуу жана башка аракеттердин запкысын көрүп келет. (TT)