«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын мурдагы башкы директору 19-январга чейин камакка алынды
«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын мурдагы башкы директору Дүйшөн Ирсалиев 19-январга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Мындай чечимди 9-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады.
Атайын кызмат «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын мурдагы башкы директору жана директордун милдетин аткаруучусу кармалганын 6-январда билдирген.
УКМКнын билдирүүсүндө, «Бишкек» эркин экономикалык аймагы мамлекеттик ишканасында иликтөө жүрүп, коррупциялык схема аныкталган. Маалыматта мекемени Дүйшөн Ирсалиев башкарган 2016-2020-жылдар аралыгында мамлекеттик бюджетке акча которууда мыйзам бузулганы, бир катар сатып алуу иштеринде, каражаттарды колдонууда жемкорлук болгону аныкталганы айтылат.
«Бишкек» эркин экономикалык аймагы 1995-жылдан бери иштейт. Аймакка бир катар экономикалык жеңилдиктер берилип, 346,09 гектар аянттагы атайын жер бөлүнгөн.
Учурда эркин экономикалык аймакта 313 субъект катталган, анын 58и биргелешкен ишкана, 139 субъект кыргыз жарандары тарабынан, 116 субьект чет элдик капитал менен түзүлгөн. Расмий маалыматка караганда, ал жерде жалпысынан 32 мамлекеттен келген инвесторлор иш алып барат. (NT)