Помпео: «Ал-Кайида» Иранда «жаңы уюгун» түзүп алды
АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео эч кандай далилдерди келтирбестен, эл аралык «Ал-Кайида» террорчу уюму Иранда жаңы уюгун түзүп алганын билдирди.
Бул тууралуу ал 12-январда Вашингтондогу маалымат жыйында айтты. Кызматтан кетерине сегиз эле күн калган Помпео Иран "Аь-Кайиданын" лидерлерине баш калка берип, колдоо көрсөтүп жатканын кошумчалады. Бирок бул маалыматка АКШ Конгресси жана чалгын кызматтары бир аз ишениңкиребеген маанайда карашат.
2020-жылы ноябрь айында "New York Times" басылмасы 1998-жылдагы Африкадагы Американын эки элчилигин жардырууга айыпталган Абу Мухаммад ал-Масри Ирандагы израилдик тыңчылар тарабынан атып өлтүрүлгөнүн жазган. Иран бул маалыматты четке кагып, анын аймагында «Ал-Кайиданын» эч кандай жоочулары жок экенин билдирген.
Помпео ал-Масринин өлүмү тууралуу алгачкы ирет ачык айтып жатканын белгилеп, анын Иранда болушу таң калыштуу эмес экенин кошумчалады. «Анткени "Ал-Кайиданын" эми жаңы базасы бар. Бул - Иран Ислам Республикасы», - деди ал.
Мамкатчы Ирандын «Ал-Кайида» террорчулар чынжыры менен байланышы бар экенин мурда деле айтып келген, бирок ал эч кандай далил келтире алган эмес.
Исламдын шийи багытын кармаган Иран менен сунни багытын карманган «Ал-Кайида» көп жылдар бою өз ара каршылаш болуп келишкен. Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Помпеонун айыптоолорун четке какты.
Трамп президенттикке келгени Иран менен өтө жаман мамиледе болуп келди. Помпео соңку апталарда Тегеранга жаңы санкцияларды киргизүү менен басымды күчөтүп жатат.
Шайланган президент Жо Байдендин кеңешчилеринин айтымында, Трамп жаңы администрациянын Иран менен болгон мамилесин калыбына келтирүү жараянын оорлоштурууга аракет кылып жатат.
Байдендин администрациясы Трамп өкмөтү 2018-жылы чыгып кеткен Иран менен дүйнөлүк алты мамлекеттин ортосунда түзүлгөн келишимге кайрадан кошулуусу күтүлүүдө.