Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2021

Ант берүү аземинде айтылган сөздөр

0
Ант берүү аземинде айтылган сөздөр

Садыр Жапаров инаугурация учурундагы сөзүндө экономиканын абалына, карыз маселесине, ички-тышкы саясатка кеңири токтолду.

Президент Садыр Жапаровдун 28-январда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда ант берүү учурунда сүйлөгөн сөзү 27 мүнөткө созулду. Кайрылуунун 18 мүнөтү кыргыз, калганы орус тилинде болду. Жапаров президенттик кызматка расмий киришип жатып сүйлөгөн сөзүндө бийликке келишине себеп болгон октябрь айындагы элдик толкундоо жөнүндө кеп кылды. Ал 5-октябрь элдин парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндө талабынын бийликти биротоло кетирүү тууралуу талапка өсүп жетиши мыйзам ченемдүү көрүнүш болгонун айтты: 

«Бу сапар элибиздин улуу максаттарга умтулушу, үзүлбөгөн үмүт, татыктуу жашоо тууралуу кыялы баарыбызды тооруган пандемия коркунучунан да күчтүүлүк кылды. Натыйжада калың эл түрө көтөрүлүп, парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга, мурдагы президенттин жана өкмөттүн бийликтен кетишине алып келди. Өлкөбүз башаламандыктын жана мыйзамсыздыктын чеңгелинде каларда, улуттук ынтымакты сакташ үчүн, 5-октябрь күнү элибиз аттанып, жапа тырмак талап кылган кыял-тилектин урматы үчүн чогуу-чаран жоопкерчиликти тайманбай өз мойнубузга алып, абалды турукташтыра алдык.  Депутаттык орундардын акчага бааланышы жалпы саясий маданияттын деградацияланышына алып келди, мамлекеттүүлүгүбүздүн келечегине коркунуч туудурган көрүнүшкө айланды. Ал ортодо, коомдогу социалдык жиктелүү күндөн-күнгө, жылдан-жылга курчуп отурду. Тилекке каршы, соңку 30 жылдын ичинде коомубуздагы бир ууч топ гана байыгандын үстүндө болду. Менчиктештирүүнүн жүрүшүндөгү калпыстыктар, экономикалык жаңылыш саясат адилет, байгер коом куруу жөнүндөгү кыялдарыбызга, улуттук кызыкчылыктарыбызга кедергисин тийгизди. Натыйжада калың журттун чыдамы түгөндү».

Садыр Жапаров ошол эле учурда Кыргызстан бийликтин мөөнөтүнөн мурда кетиши менен аяктаган элдик толкундоонун өлкөсү катары таанылганын билдирди. Президент мындай окуялардын арты коомдогу ыркты кетире турганын айтып, өлкөдөгү саясий күчтөрдү, улуттук азчылыктарды жана диний конфессияларды, коомдун бардык катмарын максатташ болууга чакырды. Мындан тышкары Садыр Жапаров өзү колдоп келген президенттик башкаруу формасына дагы бир жолу түшүндүрмө берди: 

«Президенттик башкаруу - адам укуктарын басынтуу, сөз жана ой эркиндигин чектөө деген кеп эмес, саясий партияларды ооздуктап, эл өкүлчүлүгү болгон парламентти жана сот бийлигин көз каранды бийлик бутагына айландыруу дегендикке жатпайт. Тар, өзүмчүл кызыкчылык үчүн элибиздин байлыгын тоноп, уул-кыздарын кордоого аракет кылган жеке басарлык, үй-бүлөлүк башкаруу эмнеге алып келерин, аягы эмне менен бүтөрүн жакшы билебиз. Ошондуктан, дагы бир мертебе кайталап кетейин, президенттик башкаруу - калың элдин алдында керт башы менен жооп берүү».

Садыр Жапаровдун инаугурация учурундагы сөзүнөн улам анын Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашыруу максаты бар экени белгилүү болду. Ал ушундай жол менен жумуш орундарын түзүп, миңдеген мигрант-мекендештерди өлкөгө кайтарып келсе болорун айтты. Жапаров мындан башка ишке ашыра турган долбоорлордун атын атаган жок. Ал эми президент болуп шайланган мөөнөттөгү пландары боюнча мындай деди:

«Менин президенттик кылган жылдарым — экономиканы калыбына келтирүүнүн жана ыкчам өнүктүрүүнүн, ишкердүүлүктү, экономикалык жаратмандыкты туш тараптан колдоонун, элибиздин жашоо стандартынын кескин жогорулашынын жылдары болуп калууга тийиш. Ал үчүн коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюлуп, калың журттун коомдогу акыйкатка болгон ишеними калыбына келтирилиши шарт. Эрки күчтүүлөр менен шыктууларга экономикалык эркиндик берилип, социалдык жактан алсыздардын катмары коргоого алынып, жаратмандык потенциалы ачылууга, чет элдик инвесторлорго колдоо көрсөтүлүп, Кыргызстанга болгон ишенимдин жана урматтоонун рейтинги артууга тийиш! Экономикалык өсүш улуттук маданияттын өнүгүшү, элибиздин рухий эргүүсү менен эриш-аркак жүрүшү абзел».

Садыр Жапаров Кыргызстандын тышкы саясаты көп векторлуу боло турганына басым жасады. Ал өз билдирүүсүнүн тышкы саясатка байланыштуу бөлүгүнүн башында «оор учурда бир туугандык колун сунган өлкөлөргө, ириде Орусияга терең ыраазычылык билдиребиз» деди. Ал эми Кыргызстан менен чектешкен кошуна төрт мамлекеттин ичинен Казакстан, Өзбекстан жана Кытай өлкөлөрүнүн атын атады. Тышкы саясат боюнча Садыр Жапаровдун сөзүнөн үзүндү келтирели:

«Кыргызстандагы саясий окуяларды кылдат байкап, олку-солку кылган окуяларга чын дилден кабатырлануусун билдирген, оор учурда бир туугандык колун сунган өлкөлөргө, ириде Орусияга терең ыраазычылык билдиребиз. Пандемия апаатынан өздөрү жабыр тартып турса да кыргыз калкына ак дилден көмөк көрсөтүүгө ашыккан коңшуларыбыз Өзбекстан менен Казакстандын аракетин айтпай коюуга болбойт. Бул өлкөлөр менен тамырыбыз менен тарыхыбыз да жалпы, тагдырыбыз да жалпы. Демек, стратегиялык өнөктөш бул өлкөлөр менен ар тараптуу мамилени чыңдоо, экономикалык жана маданий байланыштарды улантуу — тышкы саясатыбыздын приоритети. Бул саптагы мамлекеттердин катарына Борбор Азиянын башка өлкөлөрүн жана Түркияны кошо кетүүнү туура көрөм. Дүйнөлүк саясатта жана экономикада ойногон ролу күн санап өсүп жаткан улуу коңшубуз Кытай Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына эң жагымдуу таасирин тийгизүүнү улантат деп ишенебиз. Көп кылымдык коңшулук алаканы өз ара пайдалуу кызыкчылык үчүн колдонууга умтулуп, ал тажрыйбаны улам арттырып, жылдан-жылга байытып жүрүп отурушубуз керек. Биздин тышкы саясатыбыз көп векторлуу багытынан тайбайт. Эгемен Кыргызстан Американын, Европанын жана Азиянын мамлекеттери менен өз ара урматтоонун негизинде кеңири кызматташууга умтулат. Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай Кызматташтык Уюму, Евразиялык Экономикалык Биримдиги, Түрк Мамлекеттер Кеңеши жана башка эл аралык уюмдарда эл аралык милдеттенмелерин татыктуу улантат деп ишендирем».

Садыр Жапаров ант берүү аземинде сүйлөгөн сөзүнүн соңунда Кыргызстандын азыркы абалына токтолуп, аны «канааттандырарлык деп сыпаттагандан алысмын» деди. Ал экономикалык кризистен чыгууда элдин колдоосуна муктаж экенин билдирди:

«30 жыл бою топтолгон беш миллиард долларлык ички-сырткы карызыбызды толук төлөө милдети да менин багыма — президенттигим башталган мезгилге туш келди. Ал ортодо коронавирус пандемиясы да республиканын бюджетине кескин түрдө кедергисин тийгизди. Энергетика тармагындагы абал катастрофалык кырдаалга кабылып, 137 миллиард сом (1,5 млрд. доллар) карызы бар экен. Албетте, мындай абалдан чыгуу өтө оор кыйынчылык менен коштолору айкын. Ошондуктан менин алгачкы президенттик жарлыктарым кризистик жагдайдан чыгуу, экономиканы жандантуу чараларын камтууга багытталат».

Кыргызстандын алтынчы президентинин инаугурациясына катардагы жарандар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын, ата мекендик жана чет элдик маалымат каражаттарынын жетекчилери болуп жалпысынан миңден ашуун киши катышты. Алардын ичинен 50дөй адам дипломатиялык корпустун өкүлдөрү болду. Арасынан айрымдары ант берүү аземинин учурунда сахнага чыгып, Жапаровду куттукташты. Маселен, Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын жаңы президенти Садыр Жапаровду мамлекет башчылык кызматка киришүүсү менен куттуктаган сөзүн инаугурация учурунда анын атайын өкүлү Жансеит Туймебаев окуп берди.

Өз сөзүндө Назарбаев Жапаровдун элдин жаркын келечегине, Кыргызстандын эл аралык аренадагы беделин жогорулатууга багытталган аракеттерине тилектеш экенин билдирди. Ал эки өлкө ортосундагы достукка, стратегиялык шериктештикке негизделген ынтымактын өнүгүшүн каалады. Садыр Жапаровго бекем ден соолук, кыргыз калкына кут-береке жана өсүп-өнүгүү тилей турганын белгиледи. 

Ошондой эле ант берүү аземинде Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишелдин куттуктоосун окуп берди.

Куттуктоодо Мишел жаңы бийлик менен адам укуктары, басма сөз эркиндиги, демократиялык баалуулуктар багытындагы жана экономикалык кызматташтык улана берерин белгилеген: 

«Кыргызстан менен мамилени чыңдап, силердин өлкөнү эл аралык аренадагы ишенимдүү өнөктөш катары кабылдайбыз. Европа Биримдиги өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү жаатында сизди зарыл болгон реформаларды ишке ашыруучу катары көрөт. Биз сиздин президент катары, өлкөнү модернизациялоону дымактуу ишке ашырууңузга ишенүү менен, аймактык, глобалдык деңгээлде тынчтык үчүн кызматташууга барарыңызга үмүт артабыз. Мыйзамдуулуктун сакталышы, мамлекеттик башкаруунун сапатын арттыруу менен уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшөсүз. Айрыкча глобалдык пандемиядан улам келип чыккан оор кырдаалда Евробиримдик менен Кыргызстандын тыгыз байланышы болоруна ишенебиз. Европа Биримдиги өлкөдө ачык өкмөт, басма сөз эркиндиги болушун ар тараптан колдойт». 

27-январда ант берип, президенттик кызматка киришкен Садыр Жапаров 10-январдагы президенттик шайлоодо добуш бергендердин 79,20% колдоосуна ээ болгон эле. Добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышкан.







«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде

В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу


Волосы не выпадают, они стали гуще, а на лице разгладились морщины. Затрачивать можно 5 минут на массаж затылка, лба и головы

Сэкономить и оторваться с Angsana Velavaru

Концертный директор для музыкантов. Концертный директор для певцов. Концертное агентство в Москве. Букинг агентство. Организация концертов и гастролей.

Совместное заявление участников круглого стола, приуроченного ко «Дню защиты прав безвинно осужденных»


Creepy King Charles Painting Is Vandalized by Radical Animal Rights Activists, Gets a Cartoon Face and Speech Balloon!

'Hum bhi insaan hain': Pakistan allrounder Imad urges calm

Virtual Luck: Exploring Vavada Casino

Scotland star SENT OFF after ‘worst tackle ever seen’ as they capitulate in Euro 2024 opener against Germany


Всегда на связи: проводная гарнитура Fstyler FH150U от A4Tech

Рубена Варданяна в бакинской тюрьме заставляли долго стоять, его лишали воды, ему не разрешали мыться и менять белье и одежду

Бывшие сотрудники ФСИН выходят по УДО, их обвиняли в организации пыток

Открыто движение по отремонтированной полосе моста через реку Ува в Удмуртии


MMORPG Tarisland выпустили в Китае раньше времени

Моя Говорящая Кошка 3.2

По аниме и манге «Кайдзю № 8» выпустят PC и мобильную игру — Kaiju No. 8 THE GAME

Age of Sail: Navy & Pirates 1.0.1.13


Монтаж димоходів та вентиляційних систем у Києві


«Москва востребована мировым сообществом»: какое значение имеют военно-морские учения России и Египта

Неблагодарный батька или о чем говорил президент Белоруссии с делегацией Азербайджана?

Концертный директор для музыкантов. Концертный директор для певцов. Концертное агентство в Москве. Букинг агентство. Организация концертов и гастролей.

травят изгоя писателя на районе даже менты тоже


Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде

В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу

«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»

Путин вручил орден «За доблестный труд» коллективу Пироговского медцентра


Роспотребнадзор: в Москве временно откажитесь от покупки салатов

Партия «Солидарность во имя мира» попросила Путина отменить визы для Грузии

Хазин о "чёрном списке" Путина: Кто в нём числится и что ожидает провинившихся чиновников

Испания после трёхмесячного перерыва возобновила покупку железа и стали из России


Теннисист Медведев: я поеду на Олимпиаду для себя

«Ну и где здесь «группа смерти?» ATP показала, каким был бы Евро-2024 с теннисистами

Дзюба заявил, что был бы теннисистом уровня Сафина

Теннисистка Екатерина Александрова вышла в полуфинал турнира в Хертогенбосе


Партия «Солидарность во имя мира» попросила Путина отменить визы для Грузии

МО: артиллерия пресекла перегруппировку ВСУ на Каховском направлении

Шутки в сторону: готов первый русский литограф. Начинается десятилетие России

Курбан-Байрам 2024: прямая трансляция


Музыкальные новости

Рэпер Моргенштерн заявил, что у него на счетах находится примерно 9 млн долларов

В ТРЦ «Нора» «Мелодия скрипки» в исполнении Руфины Ахметшиной

Жаркое лето в Сочи: МOT, Джиган и Ольга Бузова выступят на сцене VИНОГРАD Pool Day&Night Club

Братья Грим и Найк Борзов выступят в Нижегородской области в День молодежи


Рок-версия гимна Белогорска прозвучала на масштабном рок-н-мобе

Музей Победы ко Дню медика открыл новую площадку

«Москва востребована мировым сообществом»: какое значение имеют военно-морские учения России и Египта

Концертный директор для музыкантов. Концертный директор для певцов. Концертное агентство в Москве. Букинг агентство. Организация концертов и гастролей.


Пожар у станции «Динамо» в Москве потушен

Новым генсеком «Единой России» вместо Турчака стал протеже Собянина

LG HVAC ACADEMY: ГОТОВИМ ПРОФЕССИОНАЛОВ ДЛЯ РАСТУЩЕЙ ОТРАСЛИ

В Москве пройдет Форум социального предпринимательства


Трасса М-4 «Дон» перекрыта из-за массового ДТП

Рок-версия гимна Белогорска прозвучала на масштабном рок-н-мобе

Шикарный лимузин, красная дорожка и элегантный black tie: слушатели «Авторадио» поехали на премию МУЗ-ТВ

Массовое ДТП произошло на Тверской улице


NetEase: США недовольны реакцией Путина на новые санкции из-за решения по юаню

Эрдоган сообщил, что Фидан и Путин обсудили выборы в курдских районах Сирии

Муфтий Гайнутдин пожелал Путину помощи Аллаха для побед

Путин по телефону обсудил с президентом Киргизии взаимодействие в рамках ЕАЭС




Роспотребнадзор: салаты с лобио и тунцом стали причиной заболевания ботулизмом

Музей Победы ко Дню медика открыл новую площадку

Медицинский портал Айтека

Хирург Аршакян рассказал, сколько сегодня стоят пластические операции в России


Трамп назвал Зеленского «величайшим торговцем» и пообещал разобраться с траншами Киеву


Рок-версия гимна Белогорска прозвучала на масштабном рок-н-мобе

В Москве выставили на продажу редкий Mercedes-Benz SLR McLaren за 100 млн рублей

Роман Костомаров поучаствовал в боксерской тренировке в Москве

Футболисты ЮФУ одержали три победы в домашнем турнире


Лукашенко обратился к Рамафосе


Собянин: В этом году к проекту «Открой#Моспром» присоединился один миллион человек

Собянин рассказал, как электробусы помогают улучшать экологическую ситуацию

Собянин утвердил проект строительства общественно-делового центра в ЗАО

Собянин рассказал о новом вольере для снежных барсов в Московском зоопарке


Собянин рассказал, как электробусы помогают улучшать экологическую ситуацию

О вызовах и возможностях России достижения углеродной нейтральности на форуме «Экология» рассказала Н.В. Лукина

Синоптик Ильин предупредил, что в Москве этим летом возможно образование смерчей

Овчинский: ОЭЗ «Технополис Москва» увеличит выпуск электрогрузовиков


Шутки в сторону: готов первый русский литограф. Начинается десятилетие России

Доходность частных домов в Амурской области выше, чем по России

Хазин о "чёрном списке" Путина: Кто в нём числится и что ожидает провинившихся чиновников

Губернатор Подмосковья Воробьев поздравил медработников с праздником


Express: АПЛ «Архангельск» представляет большую угрозу инфраструктуре НАТО

Актера Игоря Меркулова похоронят на Николо-Архангельском кладбище

Более 39 млн рублей направлено на летний отдых и оздоровление детей-сирот в Архангельской области

АО «Транснефть - Север» оказало благотворительную помощь детскому саду в Архангельской области


Фольклорно-литературная программа «Сказки детства, полные чудес, нас уводят в царство тридесятое»

В Нижнегорском районе Крыма проведен рейд по бывшим мигрантам

Футболисты ЮФУ одержали три победы в домашнем турнире

Аварийное отключение электроэнергии произошло почти в тридцати населенных пунктах Крыма


Доходность частных домов в Амурской области выше, чем по России

Хазин о "чёрном списке" Путина: Кто в нём числится и что ожидает провинившихся чиновников

В Красноярском крае произошел крупный пожар площадью 2,5 тыс. кв. м

Шутки в сторону: готов первый русский литограф. Начинается десятилетие России














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *