Оппозициячыл-митингчи Токторалиева Роза жашы жете элек неберелерин митингга мыйзамсыз катыштырганы жана катыштырам деп шантаждаганы
КР Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго
КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевке
АЧЫК КАТ
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!
Токторалиева Орозкан 2021 жылы Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылдык кеңешине депутат болгондон баштап, мыйзамсыз аракеттер жасап, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.
1. Токторалиева депутат катары элге үлгү болушу керек. Бирок, ал депутаттык этиканы одоно бузуп, жарандарга асылып, согуп, тилдеп, басмырлап, шылдындап, коркутуп, шантаждайт.
2. 22 миң аялы бар Кызыл-Кыштак айыл аймагында О. Токторалиева эч кандай шайлоо өткөрбөй эле, документтерди жасалмалап, өзүм билемдик менен өзүн-өзү аялдар кеңешине төрайым кылып мыйзамсыз “шайлап” алат. КР УКМК төрагасы К.К. Ташиев: “Кыргыз жана өбзек эли тынч жашаш керек, улутчулдарга чагым чыгарууга биз жол бербей, аларды камайбыз” - деп айткан. Бирок, улутчулдук кылып, айыл элин бир-бирине карама-каршы кылып, эл арасында ынтымакты бекемдөөнүн ордуна, калкты бөлүп жаткан самозванка О. Токторалиева аялдар кеңешине төрайым болууга укугу жок. Токторалиева депутат жана аялдар кеңешинин төрайымы катары ишине канаатанбаган айыл аймагынын элин арасында ызы-чуу чыгарып жатат.
3. Токторалиева электроэнергия, ичимдик суу үчүн карыз. Улуш жерине жана ФПС жерди ижарага алып, ага ижара акы, Соцфонд, сугат суу төлөмдөрүн убагында төлөбөй, карыз болуп жатат. Чуулгандуу Токторалиева Кызыл-Байрак айылында чоң аянттагы эки жер тилкени 1 га жана 0,30 га, Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагында 5,0 га жер тилкелерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз басып, ээлеп, бак-дарак эгип, мамлекетке бир сом ижара акы төлөбөй, мыйзамсыз байып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген, бирок, ошого карабай бардыгына акыл үйрөтөт.
4. “Бостон” балдар бакчасынын жетекчиси Б. Сабировага, курултай делегаты Рахмановго карата О. Токторалиева улуттар аралык кастыкты козутуп, тил негизинде басмырлаган.
5. Токторалиева депутаттар ватсап группасынан курултай делегаты Д. Рахмановго, айылдык кеңешинин депутаты Д. Номановга жана башка депутаттарга карата ар-намысына, аброюна шек келтирип, шылдындап, согуп, тилдеп, басмырлап, коркутуп, шантаждаган билдирүүлөр кылган.
6. 17 апрель 2023 ж. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн имаратында эл көзүндө, аппарат кызматкерлеринин алдында О. Токторалиева депутаттык этикасын, субординацияны, коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин сактабай, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б. Ашированы согуп, тилдеп, басмырлаган.
7. 26 август 2023 ж. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн имаратында эл көзүндө, аппарат кызматкерлеринин алдында О. Токторалиева депутаттык этикасын, коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин сактабай, курултай делегаты Д. Рахмановду согуп, тилдеп, басмырлап, денесине жараат келтирген (https://www.youtube.com/watch?v=iYNxSA6srks Кызыл-Кыштак жепжутаты өзүн-өзү аялдар төрайымы кылып алган самозванка шантажист Токторалиева Орозкан). Бирок, О. Токторалиева Б. Ашировадан, Д. Рахмановдон кечирим суроону ордуна, алардын үстүнөн арыз жазган. Мыйзамсыз аракеттер жасап, этиканы, коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин сактабаган О. Токторалиева неберелерин кандай тарбиялайт? Келечекте алардан тарбиясы жок, улутчул, бейбаш, чуулгандуу адамдар чыкпайт - деп ким кепилдик берет?
8. Токторалиевага мыйзамсыз аракеттерди токтотууну талап кылсак, депутаттык этиканы сактабай, коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин сактабай, адамдарга асылып, шылдындап, коркутуп, шантаждайт. Ошондуктан балдардын тарбиясы коркунучта!
9. О. Токторалиева жашы жете элек неберелери үстүнөн камкордук (опекунство) мыйзамсыз дайындатып, жашы жете элек неберелеринен өзүнүн саясий интригалырынан мыйзамсыз пайдаланып жатат. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин сентябрь 2023 ж. буйругу менен түзүлгөн этика жана мандат комиссиясына карата депутаттардын ватсап группасыдан Токторалиева: “Эгерде менин мандатымды жокко чыгарсаңар мен митингга чыгам, үч неберемди алып жөө жүрүшкө чыгам”-деп коркутуп, шантаждаган. Мыйзам талаптарына ылайык митинг жана пикеттерге жашы жете элек балдарды алып чыгуугө тыюу салынган. Мыйзам боюнча мындай мыйзамсыз аракетке барган адамдан жашы жете элек балдарды үстүнөн камкордук (опекунство) жокко чыгарылат. Бирок, ошого карабай, 13 июль 2021 жылы Токторалиева жашы жете элек неберелерин Кара-Суу райондук сотунун имаратына алып барып, аларды митингга мыйзамсыз катыштырган. Андан сырткары, Кара-Суу райондук сотуна мыйзамсыз басым жасоо максатында жашы жете элек неберелери ал митингда катышат деген мазмунда 13.07.2021 ж. билдирүүлөр берген. Башка митингдерге катыштырам -деген
10. 11 сентябрь 2019 жылы О. Токторалиева Бишкекда Ак Үй алдында бензин менен өзүн-өзү өрттөө актысын жасоо максатында митингга чыгып, денесине бензин чачканда, милиция кызматкерлери аны кармап, токтотуп калат. Бир эле шу факт туруксуз Токторалиева менен неберелерин калтырып болбостугун тастыктайт.
11. Үч баласы бар кызы каза болгондон кийин, аларды аталары тирик болсо дагы, Токторалиева
өзүнүн атына жашы жете элек неберелери үстүнөн камкордук (опекунство) дайындатат. Камкордук дайындалган мезгилде Кара-Суу райондук комиссиясына Токторалиева жасалма документтерди берип, өзүнүн атына опекунство мыйзамсыз дайындатат. Себеби, Токторалиеванын үйүндө жашы жете элек балдарды багуу үчүн шарттар түзүлгөн эмес, расмий кирешелери аз. Ошондой эле, Токторалиева жана неберелери жашаган үйүн банкка залого коюп, бирөөлөрдүн аттарына сатылып, Токторалиеваны үйдөн чыгаруу үчүн сотко доо арыздар берилген. Токторалиева коррупцияга белчесинен батканы үчүн, ким пара берет экен - деп айыл өкмөт кенсесине ар күнү каттап, үч небересине кароого, аларга тамак аш жасаганы убакыты жок, балдардын баштары бит-сирке болуп кеткен, келини китепканада иштейт. Токторалиеванын шарты болбогондуктан: “Мен үч небереме карап жатам, акча, жардам бериңиздер” - деп кайрылат. Ошондуктан үч небереси тамаксыз, ачка калып, алардын өмүрү коркунуч бойдон калууда. Үч небересинин аталары бар болгондуктан, аларда балдарды багуу үчүн бардык шарттары бар, расмий кирешелери көп. Ошондуктан Токторалиеваны үч небереси үстүнөн камкордугун (опекунство) жокко чыгарып, балдарды аталарына берүү зарыл.
КР Конституциясынын 20 бер. 1, 3 бөл. ылайык Балалык коомдун жана мамлекеттин коргоосунда турат. Балдар - Кыргыз Республикасынын эң баалуу байлыгы. Мамлекет балдардын ар тараптуу руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жана дене-бой жактан өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу шарттарды түзүү менен аларды мекенчилдикке жана атуулдукка тарбиялайт.
КР Конституциясынын 26 бер. 2 бөл. ылайык Балдарга камкордук көрүү, аларды тарбиялоо - камкорчунун милдети.
КР Конституциясынын 27 бер. 1, 2, 3 бөл. ылайык Ар бир бала анын дене-боюнун, акыл-эсинин, руханий, адеп-ахлактык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укуктуу. Кыргыз Республикасында баланын эң маанилүү кызыкчылыктарын колдоо жана камсыз кылуу принциби колдонулат. Баланын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыз кылуу жоопкерчилиги камкорчуга жана көзөмөлчүгө жүктөлөт.
КР Үйбүлө Кодексинин 1 бер. ылайык Балалык - бүткүл коомдун камкордугунун жана айрыкча мыйзамдык коргоонун жүйөсү.
КР Балдар жөнундө Кодексинин 16 бер. 1 бөл. ылайык Мамлекет баланын дене-бойлук жана (же) психикалык зомбулуктан, ырайымсыз, орой же адамдык беделди кемсинткен мамиледен, кылмыштуу ишке тартуудан жана КР Конституциясында бекемделген адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин кемсинткен коомго каршы аракеттерди жана башка аракеттерди жасоодон коргоону жүзөгө ашырат. Мындай аракеттерге күнөөлүү адамдар КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат
КР Үйбүлө Кодексинин 61 бер. 2, 3 бөл. ылайык Баланын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктары, анын ичинде ата-энеси (аларды алмаштырган адамдар) тарабынан баланы тарбиялоо, билим берүү боюнча өз милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбаганда, болбосо ата-энелик укуктардан кыянаттык менен пайдаланганда, бала ата-энесинин (аларды алмаштырган адамдардын) кыянатчылыгынан коргонууга укуктуу.
Баланын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч туулгандыгы жөнүндө, анын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулгандыгы тууралу билген уюмдардын кызмат адамдары менен дагы башка жарандар бала турган жердеги балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө бул жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Мындай маалыматтарды алганда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү баланын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого зарыл болгон чараларды көрүүгө милдеттүү.
КР Үйбүлө Кодексинин 82 бер. ылайык Баланын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч туулган өзгөчө учурларда (күч колдонуп же психологиялык зордук, орой мамиле же эксплуатациялоо жана башка учурларда) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүм балдардын укугун коргоо жана аны үй-бүлөдөн сырткары жайгаштыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу боюнча шашылыш чараларды көрөт. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүм шашылыш көрүлгөн чаралар жөнүндө бир сутканын аралыгында прокурорго жана балдар иштери боюнча комиссияга маалымат берет жана үч күндөн кечиктирбестен балдарга коргоо көрсөтүүнүн планын иштеп чыгат, материалдарды балдар иштери боюнча комиссияга жана андан ары сотко жөнөтөт. Жогоркулардын негизинде суранабыз:
1. О. Токторалиеванын үч небересине камкордугун (опекунство) жокко чыгарып, балдарды аталарына, чоң энесине же болбосо мамлекеттик жатак билим берүү уюмдарына өткөрүп берүүнүздү.
2. Оппозициячыл-митингчи Токторалиева жашы жете элек неберелерин митингга мыйзамсыз катыштырганы жана катыштырам деп коркутуп, шантаждаганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуунузду.
3. Жашы жете элек балдарга мыйзамсыз аракеттерди аныктоо максатында аларды медициналык, психологиялык экспертизадан өткөрүп берүүнүздү.
Карапайым айыл аймагынын элинен, 13.02.2024 жыл