Токторалиева Роза Коммунист айылынын тургуну Олимжанов Обиджонду опузалап, шантаждап, алдоо жолу менен өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлкүн уурдаган
КР Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго
КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевке
АЧЫК КАТ
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!
Токторалиева Орозкан 2021 жылы Кызыл-Кыштак айылдык кеңешине депутат болгондон баштап, мыйзамсыз аракеттер жасап, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.
1.Депутат Токторалиева Кара-Суу районунун маданият бөлүмү башчысына мурда басым жасап, айылдык китепканага келинин жана кызын, ишке алып киргенин, бирок мыйзамсыз коррупциялык схема түзүп, факт жүзүндө иштебей, айлык алганын жазганбыз. 26 январь 2024 ж. Токторалиеванын кызы жумуштан кеткен. Бирок, “өлүк жан” келини иштен алынган эмес, аз келгенсип, кызын ордуна Токторалиева өзүнүн табакташы Касимова Зульфияны ишка аласын-деп анын айлыгын дагы деле жеп жүрөм-деп, мамлекет эсебинен мыйзамсыз баюуну кылмыштуу планын түзгөн.
2. Кызыл-Кыштак жергиликтүү бюджетинен ишке келбей мыйзамсыз айлык алган алты маданият кызматкерин иш ордун кыскартып, бюджет акчаларын үнөмдөп берүүнү суранганбыз. Бирок, алардан доля алып, крышевать кылган Токторалиева кызмат адамдарына басым жасап, алар ишке келет деген корутунду алууга жетишип, натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.
3. Токторалиева кызын ордуна өзүнүн табакташы “өлүк жан” З. Касимованы жасалма ишке алып, бирок факт жүзүндө Касимова ишке келбей, айлыгын Токторалиева жеп жүрөт. Токторалиева “Күн балдары” балдар бакчасынын жетекчиси А. Субанкуловага басым жасап: “Мен сени ушул балдар бакчасына койдум” – деп жана ал менен алдын ала сүйлөшүп, “Күн балдары” балдар бакчасынын тазалагычтарына басым жасап, аларды мажбурлап З. Касимованы ордуна полду тазалатат. Мисалы үчүн, 30.01.2024 ж. аны айыл өкмөттүн имаратында коюлган видеокөзөмөл менен тастыктаса болот. Ошол эле учурда Токторалиеванын депутттык мандатынан кыянаттык менен пайдаланышы жана табакташы “Күн балдары” балдар бакчасынын жетекчиси А. Субанкулованын функционалдык милдеттерине шалаакылык мамиле жасагандыктан “Күн балдары” баалдар бакчасынын кызмат адамдары өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарбай, жаш балдар кароосуз калып, алардын омурлоруно коркунуч жаралып, Токторалиева пол артпай, аларга басым жасап, мажбурлап аларга полду арттырат.
4. О Токторалиева аялдар кеңешине самозванка төрайым болуп, эч ким шайлабаган, бирок өзүнө кызмат кылган аялдарды аялдар кеңешине дайындап, айыл өкмөт кызматкерлерине мыйзамсыз басым жасап, айлык алган кызмат адамдары - айыл башчылар таркатышы шарт болгон гумжардамды эч ким шайлабаган аялдар кеңеши жана табакташы З. Касимова аркылуу мыйзамсыз таркатып, аларды дагы жеп, мамлекетке зыян келтирген болсо тан калбайбыз.
5. Токторалиева Коммунист айылынын тургуну Алимжанов Обиджон эсебинен мыйзамсыз баюу максатында 2020 жылы аны алдап: “Мурда иштеткен ФПС жериңизди бир гектар жериң менин атыма келишим түзүп коюнуз, жериңизди өзүнүз иштете бересиз, мен сизди калкалап жүрөм”-деп аны алдап, А. Алимжанов акча коротуп иштеткен ФПС жеринде А. Алимжанов өстүргөн айыл чарба продукциясы базар баасы жүз миң сомлук чөп пресс, беде пресстерди О. Токторалиева уурдап, мыйзамсыз сатып, А. Алимжанов эсебинен мыйзамсыз байып кетет. Токторалиева: “Жердин келишими менин атымда, ошондуктан жердеги пресстерди алып чыгып кеттим”-деп айтат. А. Алимжанов Токторалиеванын мындай аракети мыйзамсыздыгын айтса, Токторалиева улуттар аралык кастыкты козутуп: “Обид ака сиз өзбексиз, мен кыргызмын, мен мыйзамдан өйдө турам, укук коргоо органдары мени эчтеке кыла албайт, себеби, мен Ш. Капаровду мурда жазганым үчүн укук коргоо органдары менден коркот”-деп аны шантаждайт.
Жогоркулардын негизинде Сизден суранабыз:
1. О. Токторалиеваны КР КЖК 206 бер. 4 бөл. 1 п. (Өзгөчө ири өлчөмдө тоноо), 209 бер. 4 бөл. 1 п. (Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык), 208 бер. 3 бер. 2 п. (шантаж кылуу менен өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү алуу максатында опузалоо) фактылары менен кылмыш жоопкерчилигине тартуунузду.
2. О. Токторалиева тарабынан дыйкан А. Алимжановко келтирген 100 миң сом сомдук материалдык жана 100 миң сомдук моралдык зыянды өндүрүп берүүнүздү.
3. О. Токторалиева: “Кара-Суу районунун жана Ош облусунун укук коргоо органдары менден коркот, себеби мен Ш. Капаровду жазганмын”-деп айткандыктан, тергөөнү КР Башкы Прокуратурасы жана КР УКМК борбордук аппаратына тапшыруунузду.
Карапайым айыл аймагынын элинен, 13.02.2024 жыл