Бул тууралуу «Азаттыкка» Жалил Атамбаевдин жактоочусу Шумкарбек Абжапаров билдирди. Анын айтымында, Жалил Атамбаев Ыдырыс Исаковду кечирди.
- Доо арызды кайтарып алдык, - деди ал. - Бул боюнча 7-май күнү шаардык сотко өтүнүч бердик. Жалил Атамбаев «ыйык Орозо айында кечирдим, соттошпойм» деди.
Абжапаровдун айтымында Жалил Атамбаев журналисттен тышкары дагы эки ишкерге каршы доо арызын да кайтарып алган.
17-апрелде «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер»» деген иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө жылына Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй калары айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон. Анда милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев тууралуу кеп болуп, анын салыкка байланышкан аракеттери жана күмөндүү схемалары баяндалган. Көп өтпөй ишкер, милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, Исаковдон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган.
Бул окуядан кийин жалпы журналист коомчулугу жана жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылып, журналист Ыдырыс Исаковду коргоого чакырды. Маалымат өкүлдөрү президенттин билдирүүлөрүндө өлкөдө коррупцияга каршы олуттуу күрөш жүргүзүлөрүн, жемкорлукка барган адамдар коомчулуктун алдында ашкереленерин айткан убадасын эске салып, андан бул ишти өз көзөмөлүнө алууну өтүнүшкөн. (MdN/ZKo)
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона
В России запустили бесплатного цифрового ЗОЖ-помощника
СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.
Как Россия уступила Азербайджану значительные территории Дагестана и два села
«Понял, что скоро позовут в «Динамо»: 17-летний ставропольский футболист играет за команду мастеров
Те самые русские с флагами на матче-открытия Евро — мы их нашли! Как попали на стадион и как реагируют вокруг?
Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети: Учащиеся Гурульбинской школы восхитились мастерством жонглирования, игрой с хула-хупами, иллюзионистами цирка Бурятии