Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Май
2019

Новости за 23.05.2019

Сот Шамил Атахановду 26-июнга чейин камакта калтырды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча шектүү катары кармалган мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун баш коргоо чарасын карап, 26-июнга чейин абакта калтырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган соттон билдиришти. Маалыматка караганда, Атаханов 1-тергөө абагына жеткирилет. "Мыйзамдагы ууру" делген Азиз Батукаев 2013-жылдын апрелинде Нарын шаардык сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, чартердик каттам менен Чеченстанга учуп кеткен. Соттун... Читать дальше...

Түркияда кыргызстандык келин жол кырсыгында каза болду

Azattyk.org 

Кырсык 22-майда Түркиянын баш калаасы Анкарада болгон. Кыргызстандык Г. К. аттуу келинди катуу ылдамдыкта келе жаткан машине сүзүп кеткен. Окуя боюнча маалыматты Анкарадагы элчиликтин консулу Чыңгыз Абдуракманов тастыктады:  - Кыргызстандык келин жолдон өтүп бараткан жеринен машине коюп кеткен экен. Ал өзү жол эрежесин сактабаганы айтылып жатат. Учурда окуя боюнча тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз.  Кыргызстандык келин окуя болгон жерде каза тапкан. Мaркум Анкара шаарында эмгек мигранты болуп жүргөнү айтылууда. Читать дальше...

Конгантиевдин иши боюнча депутат Жапаров суралмай болду

Azattyk.org 

Бүгүн, 23-майда Биринчи май райондук сотунда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин иши боюнча сот отуруму өттү. Анда ИИМ Академиясынын мурдагы жетекчиси Абдыкапар Мавлянов күбө катары көрсөтмө берди. Бул тууралуу «Азаттыкка» жактоочусу Икрамидин Айткулов маалымдады:  - Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров сотко чакырыла тургандардын тизмесинде экен. Тергөө киргизген экен. Ошондуктан аны сотко чакырабыз дешти. Конгантиевге 2005-жылы 24-марттан, 2010-жылдагы апрель окуясынан... Читать дальше...

Таза суу: Жээнбековдун бешинчи убадасы

Azattyk.org 

Сооронбай Жээнбеков өзүнүн президенттик мөөнөтү бүткүчө Кыргызстандын аймагын 100% таза суу менен камсыз кылуу жөнүндө убадасын бешинчи жолу кайталады.

Аборт маселеси АКШны экиге бөлдү

Azattyk.org 

Пентагон Жакынкы Чыгышка 5000дей аскер жөнөтүү планын караштырып жатканы кабарланды. АКШда аборт маселеси чоң саясий талкууга айланды. Орусияда тажикстандык мигрант аны департациялоону караган соттун чечимине каршы арыз менен кайрылды. Ал жол эрежесин бузганы үчүн "кара тизмеге" түшкөн.

Батукаевдин чуусу судьяга жетти

Azattyk.org 

Кримтөбөл Азиз Батукаевди боштондукка чыгаруу жөнүндө чечим чыгарган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовго карата сотко чейинки өндүрүш башталды.

Президент Зеленский эми элин күлдүрөбү?

Azattyk.org 

Украинада жаңы президент кызматка киришти. Саясий тажрыйбасы жок мурдагы куудул Зеленскийди кандай сыноолор күтүүдө? Кыргызстанда да системадан сырткаркы лидер бийликке келиши мүмкүнбү? Тажик түрмөсүндөгү тополоңдо 32 киши өлдү. Коңшу өлкөдө жарым жыл ичинде эки түрмөдө тополоң чыкты.

Аэропорттун айынан айдоо куурады

Azattyk.org 

Нарын районунун Кеңеш айылындагы 150дөй гектар айдоо сугарылбай куурап калды. Ага айылда жайгашкан аэропорттун каналды тосуп алган коругу себеп болууда. Союз тараган кезден бери иштебей турган Нарындагы аэропорттун тегерек-чети стратегиялык объект катары 2017-жылы корулган.



Жээнбеков: Кыргызстан 100% суу менен камсыз болот

Azattyk.org 

Сооронбай Жээнбеков өзүнүн президенттик мөөнөтү бүткүчө Кыргызстандын аймагын 100% таза суу менен камсыз кылуу убадасын бешинчи жолу кайталады. Бишкектеги атайын форумда ал өлкөдөгү суу жетпеген 600дөн ашуун айылга суу берилип, 24 шаардын тиешелүү инфраструктурасы жаңыланарын билдирди. Мамлекет башчы муну бюджеттин жана эл аралык уюмдардын эсебинен ишке ашырарын айтты. Бирок мындан күмөн санагандар аз эмес.

Аборт маселеси саясий тирешке жеткирди

Azattyk.org 

Аялдардын бойдон алдыруу укугу боюнча талаш-тартыш АКШда чоң саясий талкууга айланды. Республикачылар басымдуулук кылган сегиз штатта бойдон алдыруу катаалдаштырылды. Демократтар ага каршы чыгышты.

АКШдагы аборт талашы

Azattyk.org 

АКШда аялдардын бойдон алдыруусу тууралуу талаш-тартын чоң саясий талкууга айланды. Соңку кезде республикачылар басымдуулук кылган сегиз штатта аборт жасатуу катаалдантылды.

«Акыркы коңгуроо» күндөрү коомдук тартипке милиция көз салат

Azattyk.org 

ИИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, 25-май күнү жалпы өлкө боюнча 4 миңден ашуун милиционер шаарларда, парктарда, эс алуучу жана сайрандоочу жайларда коомдук тартипти көзөмөлдөйт. Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу максатында бүтүрүүчүлөрдүн кымбат жолтандабас жана башка машинелер менен сайрандоосуна тыюу салынат.  «Акыркы коңгуроо» майрамы 25-май күнү өлкөнүн булуң-бурчундагы 2262 мектепте өтөт. 2019-жылы 9-классты 95 миң, 11-классты 61 миң бүтүрүүчү аяктайт.  Бүтүрүүчү класстардын окуучуларына... Читать дальше...

Банктардын кризиси «Чанг Андан» башталды

Azattyk.org 

Кыргызстандагы «Чанг Ан» банкы чакан насыя компаниясы болуп кайра түзүлгөнү калды. Мекеме мунун себебин ачык айтпаганы менен адистер банктын уставдык капиталы азайып кеткен болушу мүмкүн деп түшүндүрүшүүдө.

Кремль Би-Би-Си каналындагы анимациялык Путин тууралуу жооп кайтарды

Azattyk.org 

Би-Би-Си каналы жаңы программасында Орусия президентинин образын колдонууга Кремлден уруксат сураган эмес. Владимир Путин ага жасалган карикатураларга көңүл бурбайт жана аларга окшош болгусу келбейт. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатканда билдирди. Ушул аптада «BBC Two» каналы «Владимир Путин менен бүгүн түнүндө» деп аталган жаңы программа даярдалып жатканын билдирген. Анын алып баруучусу орус президентинин 3D форматындагы анимациялык сүрөтү болору кабарланган. Читать дальше...

Москвада кыргызстандык аялдын сөөгү табылды

Azattyk.org 

19-майда Москвадагы батирлердин биринде кыргызстандык аялдын өлүгү табылган. Айрым маалыматтар боюнча ал тумчуктурулуп өлтүрүлгөн.  Теги кыргызстандык 40 жаштагы К.З. Москвада иштеп жүрүп Орусиянын жарандыгын алган.  Тааныштарынын айтымында батирде бир ай мурун баш кошкон кыргызстандык А.У. аттуу жаран менен жашаган. Батирден маркумдун акчасы, алтын буюмдары жоголгон. Кыргызстандын ИИМинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, учурда аялдын күйөөсү А.У. изделүүдө.  Учурда туугандары аялдын сөөгүн Кыргызстанга алып кетүү аракетинде. Читать дальше...

Лукашенко Казакстанга мунай боюнча сүйлөшүүлөрдү сунуш кылды

Azattyk.org 

Казакстандын элчиси Ермухамет Ертысбаев менен жолугушууда Беларус президенти Александр Лукашенко Казакстанга мунай ташуунун жолдору тууралуу сүйлөшүүлөрдү жандандырууну сунуш кылды. Лукашенко быйыл Беларус мунайды кайра иштетүүчү заводдорду жаңылап бүтөөрүн, ошондуктан дүйнөлүк рыноктон мунайды сатып алуу жеңил болорун белгиледи. Бул тууралуу мамлекеттик БелТА маалымат агенттиги кабарлады. Элчи Ермухамет Ертысбаев Казакстан Беларуска мунай ташууга даяр экенин, бирок бул маселени биринчи кезекте Орусия менен жөнгө салуу зарыл экенин айтты. Читать дальше...

Текебаевдин жактоочулары Жогорку сотко кайрылышты

Azattyk.org 

«Ата Мекен» партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары саясатчынын ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу боюнча Жогорку cотко кайрылышты. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын штабы «Азаттыкка» маалымдады. Буга чейин саясатчынын адвокаттары жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароону өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышкан. Бирок башкы көзөмөл органы бул боюнча Жогорку cотко кайрылууну сунуш кылып, арызды кароодон баш тарткан.  Жогорку сот 23-апрелде Текебаевдин жана Чотоновдун ишин карап... Читать дальше...

Европада Европарламентке шайлоо башталды

Azattyk.org 

23-майда биринчилерден болуп Нидерланддын жана Британиянын жарандары добуш беришти. 26-майга чейин улана турган бул жолку шайлоо Европа менен Британияда улутчулдар популярдуу болуп турган чакта өтүп жатат. Европадагы ашынган оңчул көз карашты карманган партиялар шайлоо өнөктүгүндө иммиграцияны катаалдаштырууга басым жасашты. Франциянын президенти Эммануэл Макрон Евробиримдикти таркатууну көздөгөн коалицияларга жол бербөө керек экенин белгиледи. Жалпы Европа боюнча жарандар 751 мыйзам чыгаруучуну шайлашат. Читать дальше...

Италияда жол кырсыгында тогуз казакстандык жабыркады

Azattyk.org 

Италияда 22-майда болгон автобус кырсыгында жабыркагандардын арасында Казакстандын тогуз жараны бар. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Кырсык Монтерижони аймагында болгон. Автобуста казакстандык туристтерден тышкары Орусия, Армения, Украина, Беларус, Молдова, Грузия жана Румыния өңдүү бир нече өлкөнүн жарандары да болгон. 37 турист ооруканага түштү, Орусиянын бир жараны каза тапты. Төрт адамдын абалы оор экенин Италиядагы Орусиянын элчилиги билдирди. Автобус Орусия... Читать дальше...

Сомалиде жанкечтинин кол салуусу тогуз кишинин өмүрүн алды

Azattyk.org 

Сомалинин баш калаасы Могадишодо жанкечтинин машинеси жарылып, бери дегенде тогуз киши мүрт кетти. Алардын арасында мурдагы тышкы иштер министри Хусейн Элабэ Фахие да бар. «Аш-Шабааб» террордук тобунун согушкеринин кол салуусунан дагы 13 киши жарадар болду. Террордук топ кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, чабуул аткаминерлер бараткан машинеге багытталганын билдирди. Жардыруу президенттик резиденциянын алдындагы өткөрмө бекетте болгон. Ошол маалда күч кызматкерлери негизги жолдогу машинелерди текшерип жатышкан. Читать дальше...

Жалал-Абадда диний радикалдашуунун зыяны түшүндүрүлүүдө

Azattyk.org 

Облус аймагындагы бардык район-шаарларда дин аалымдары менен эксперттер жергиликтүү тургундарга, имам-хатибдерге жана жаштарга диний экстремизмдин, терроризмдин жана радикализмдин алдын алуу боюнча атайын окутуу жүргүзүп жатышат. Облустук милициянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, иш-чара учурунда катышуучуларга «Хизб ут-Тахрир», «Акромия» диний-экстремисттик жана «Йакын инкар» диний агымынын ишмердүүлүгү, алардын коомдогу жана мыйзамга каршы терс көрүнүштөрү жөнүндө кеңири баяндалууда. Читать дальше...

Бишкек мэриясы токтотмолор үчүн акы алууну көздөйт

Azattyk.org 

Мэриянын бул демилгесин 23-майда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жарандык активисттер талкуулашты. Демилге боюнча баш калаа бир нече аймакка бөлүнгөн, ортоңку бөлүктө автоунаалар үчүн токтотмолордун акысы кымбатыраак болот. Шаардык муниципалдык токтотмолор департаментинин башчысы Дамир Жумашевдин маалыматы боюнча, баш калаадагы 56 көчөдө 10 600 токтотмо бар. Анын айтымында, сыноо иретинде ишке киргизилген Шопоков көчөсүндөгү токтотмодон шаар бюджетине жыл сайын 2,5 млн. сом киреше түшөт. Каражат толугу менен жолдорду оңдоого... Читать дальше...

Аба ырайы: Күн күркүрөп, жаан жаайт

Azattyk.org 

24-майда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.  Абанын температурасы:  Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;  Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17;  Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;  Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18... Читать дальше...

Индияда шайлоонун алгачкы жыйынтыктары чыкты

Azattyk.org 

Индияда алты жумага созулган шайлоонун алгачкы жыйынтыктарына ылайык, премьер-министр Нарендра Модинин партиясы алдыда баратат. Коомдук сурамжылоолор жумушсуздукка жана өлкө калкынын дээрлик үчтөн бири жашаган айыл-кыштактардагы дыйкан-фермерлердин кирешеси аздыгына карабастан азыркы премьер-министрдин партиясы алдыда экенин көрсөткөн.  Шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, премьер-министр Нарендра Модинин «Бхаратия Жаната» улуттук партиясы 542 шайлоо бекетинин ичинен тең жарымында алдыга чыкты. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *