Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Май
2019

Новости за 20.05.2019

Тегеран Трамптын эскертүүсүнө жооп кайтарды

Azattyk.org 

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф АКШ президенти Дональд Трамптын эскертүүсүн четке кагып, аны Тегеранды коркутпоого чакырды.  "Агрессорлор эбак кетсе да ирандыктар миң жылдардан бери эр жүрөктүк менен бекем турат. Экономикалык террорчулук жана геноцид сымал шылдыңдоолор Ирандын "күнүн бүткөрө албайт". Иран жаранын коркутпагыла. Сыйлаганга аракет кылгыла, ал иштейт!", - деп жазды Зариф 20-майда "Твиттердеги" барагына.  Анын алдында президент Трамп Иранга жаңы эскертүү берип, ортодо жаңжал чыга турган болсо... Читать дальше...

Ишкер аялдарга ишенели

Azattyk.org 

Ишкерлик аялга каржылык көз карандысыздык берет деп жүрөбүз. Бирок өз ишин баштоодо аялдар кандай тобокелдикке барып, кандай тоскоолдуктарга кабылат? Эмне үчүн мамлекет аялдардын ишкерлигин колдоого албайт? Ишкерликти эми гана баштаган аялдар үчүн кандай окуулар бар? "Эже-сиңдилер” берүүсүндө бул жолу ишкерликти жаңы баштаган аялдар жана бул багыттагы тоскоолдуктар тууралуу баарлаштык.

Украин премьер-министри кызматтан кетерин жарыялады

Azattyk.org 

Украинанын премьер-министри Владимир Гройсман иштен кетерин жарыялады. Ал өкмөттүн 22-майдагы жыйынында кызматын тапшырып берерин дүйшөмбүдөгү телекайрылуусунда айтты. Мурдагы президент Петро Порошенконун саясий биримдигинин мүчөсү болгон Гройсман кийинки парламенттик шайлоого катыша турганын белгиледи. Анын алдында ант берип, расмий түрдө президенттик кызматка киришкен Владимир Зеленский Жогорку Раданы таркатаарын, эки айдын ичинде чукул шайлоо өтөөрүн билдирген. Ал инаугурациялык сөзүндө бир... Читать дальше...

«Так талаш» элди эки жаат кылды

Azattyk.org 

2011-жылдан бери көрсөтүлүп, дүйнөлүк феноменге айланган «Так талаш» (Game of Thrones) телесериалы соңуна чыгып, ал социалдык тармактардагы көрөрмандарын экиге бөлдү. Сериалдагы окуялар ойдон чыгарылганы менен, тасмадагы саясий оюндар жана тирештер көпчүлүк үчүн тааныштай сезилет.

Тажик түрмөсүндөгү тополоңдо оппозициянын өкүлдөрү каза тапты

Azattyk.org 

Тажикстандын Ички иштер министрлиги Вахдат түрмөсүндө жазасын өтөп жатып, 19-майдын кечинде чыккан тополоңдо каза тапкан 29 кишинин тизмесин жарыялады. Министрликтин дүйшөмбү күнү жарыяланган билдирүүсүндө түрмөдө жок кылынгандардын кеминде 17си "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун мүчөлөрү деп мүнөздөлгөн. Дагы беш киши Тажикстанда тыюу салынган оппозициядагы Ислам кайра жаралуу партиясынын өкүлдөрү катары көрсөтүлгөн. Азырынча бул тизмени көз карандысыз булактар ырасташа элек. Расмий маалыматка ылайык... Читать дальше...

Пашинян сот системасын чукул реформалоого үндөдү

Azattyk.org 

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөнүн сот тармагында радикалдуу реформа жүргүзүүгө чакырды. Ал өзүн бийликке алып келген бир жыл мурунку революциянын "экинчи баскычы" башталып жатканын 20-майдагы конференцияда айтты.  Пашинян армия кызматкерлери, сот өкүлдөрү жана бир катар саясатчылар катышкан бул иш-чарада Армениянын сот системасы мурдагы "коррупциялашкан өкмөттүн" чеңгээлинде калганын белгиледи.  Ишемби күнү Еревандагы сот "2008-жылы демонстранттарга күч колдонууга буйрук берген"... Читать дальше...

Ошто түрк тилдүү өлкөлөрдүн акындарынын кечеси өтүп жатат

Azattyk.org 

Иш-чара азербайжан элинин белгилүү акыны Имадеддин Насиминин 650 жылдыгына карата уюштурулууда. Түрк тилдүү акындардын поэзия кечеси Ош шаарындагы Кыргыз-өзбек университетинде өтүп жатат. Анда Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Македония, Казакстан, Якутия, Башкырстан жана Кыргызстандын акындары ыр окуп, чыгармачылык жолдору менен бөлүшүүдө. Акындарды ТҮРКСОЙдун Кыргызстандагы өкүлү Кожогелди Култегин коштоп жүрөт. Иш-чаранын алкагында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Дюсен Касеинов баштаган... Читать дальше...

Сузакта сабалды делген наристе чарчап калды

Azattyk.org 

12 күндөн бери эс-учун жоготкон абалда Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан эки жаштагы кыз чарчап калды. Бул тууралуу аталган ооруканадан “Азаттык” радиосуна билдиришти. Маалыматка караганда, оор абалда ооруканага түшкөн наристе өзүнө келген эмес. 7-май күнү кечинде “Тез жардам” кызматы Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылынан эки жашар кызды оор абалда облустук клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алып келген. Дарыгерлер кыздын денесинде көгала тактар бар экенин айтышып... Читать дальше...



Прокуратура Темир Болотбекке чыккан өкүмгө байланыштуу шаардык сотко даттанды

Azattyk.org 

Прокуратура Биринчи май райондук сотунун “улут аралык кастыкты козутту” деп шек саналып жаткан окутуучусу Темир Болотбекти актаган өкүмгө байланыштуу шаардык сотко даттанды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, апелляциялык арыз 16-майда берилген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусу Темир Болотбекке карата 2018-жылы 1-мартта “улут... Читать дальше...

«Salam»: түзүлө элек оператордун санаасы

Azattyk.org 

Кыргызстанда «Salam» бренди менен виртуалдык оператор түзүү иштери башталганы кабарланды. Бирок бул милдетти өзүнө алган «Мегаком» компаниясы «КТ-Мобайл» ишканасынын жетекчилери кызматтан кеткендиктен азырынча жылыш жок экенин билдирүүдө.

Тажик түрмөсүндөгү кандуу тополоң

Azattyk.org 

Тажикстандагы колонияда чыккан тополоңдо каза тапкандардын саны 32ге жетти. Украинада жаңы президент Владимир Зеленский ант берип, кызматка расмий киришти. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян "революциянын экинчи жана эң башкы баскычы” башталганын жарыялады.

Өмүрбекова: Иманкадыр Рысалиев январдан бери айлык албай иштеген

Azattyk.org 

“Ачык өкмөт” улуттук форумунун кызматтан кеткен катчысы Иманкадыр Рысалиев быйыл январдан тарта маяна албай иштеген. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 20-майда "Ачык өкмөт" улуттук форумунун кезектеги жыйынында "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып билдирди.    - Ал кишиден кандайдыр бир кемчиликтер табылганы айтылган жок да. Аны тууганы (Ред: премьер-министрдин) болгону үчүн, эмнеге кызматка коюлду деген маселе козголду. Ошондуктан резонанс жаратты. Ал өз арызында "Ачык өкмөт" идеясы дискредитация болбосун... Читать дальше...

Москвада «Ысык-Көл» туристтик форуму өтүүдө

Azattyk.org 

Москвада «Күнөстүү Кыргызстан Ысык-Көл 2019» туристтик форуму өтүп жатат. Иш-чара Москвада иштеген жердештердин «Ысык-Көл» коому тарабынан уюштурулган.  Москвадагы «Ысык-Көл» коомунун төрагасы Акбар Маразыковдун белгилешинче, бул Орусияда иштеген мигранттардын Кыргызстандагы облус жетекчилери  - жергиликтүү бийлик менен тыгыз байланыш түзүп, мигранттардын аймактарды өнүктүрүүдө салымын күчөтүү менен Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды Орусияда жайылтууга, туризмди өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында уюшулган. Читать дальше...

Жүрөгү Ала-Тоо деп соккон чехтин тукуму

Azattyk.org 

Эльвира Маречек. Байбиченин чоң атасы 1930-жылдары Кыргызстанда көзгө басар ишканаларды курган “Интергельпонун” уюштуруучусу Рудольф Маречек, атасы жана апасы республикада белгилүү альпинисттер.

Жалал-Абад: милиция 70тен ашык кайырчыны шаардан чыгарды

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарында милиция көчө бойлоп кайыр сурап жүргөн лөлү тектүү адамдардын жашаган жерин жана документтерин текшерди. Буга шаар тургундарынын кайырчыларга карата арыз-даттануулары себеп болгон.  Атайын жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында 73 лөлү тектүү адам кармалды. Алардын 26сы балдар. Кармалгандар автобустар менен Ош шаарына жөнөтүлдү. Ал эми Жалал-Абадда аларга турак жай берген адамдарга чара көрүү жагы жергиликтүү бийликке тапшырылды. Орозо айы башталгандан тарта калаанын көчөлөрүнүн... Читать дальше...

Зеленский парламентти таркатмай болду

Azattyk.org 

Украинада жаңы президент ант берип, ишке расмий киришти. 41 жаштагы актер жана куудул Владимир Зеленский инаугурациялык сөзүндө Донбасста орусиячыл жикчилдер менен жүрүп жаткан урушту токтотууга артыкчылык берилерин айтты.

Ош: жергиликтүү тургундар кафелердин ишине нааразылык билдирип чыгышты

Azattyk.org 

Ош шаарындагы Шакиров жана Москва көчөлөрүнүн тургундары “Манас ата” кафесин жабуу өтүнүчү менен мэрияга кайрылышты. Бул тууралуу Москва көчөсүнүн тургуну Райымбек Нурманов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, арыз жазгандар кафенин кардарларынын автоунааларды коңшу жайгашкан үйлөрдүн алдына токтотуп, таштандыларды ыргытып жатканына нааразы:  - Күнү-түнү түтүн, майдын жытын жыттап отурабыз. Муздаткычтарынын моторлору тынбай иштеп турат. Кыскасы, тынчтык жок. Тротуарды тосуп, шишкебек жасашат. Читать дальше...

Трамп Тегеранга кайрадан эскертүү берди

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп Иранга жаңы эскертүү берип, ортодо жаңжал чыга турган болсо, анда Ислам республикасынын күнү бүтөөрүн билдирди. "Эгер Иран согушкусу келсе, ал расмий түрдө Ирандын күнү бүткөнү болуп калат. Мындан ары АКШны эч качан коркутпагыла",-деп жазды Трамп 20-майда "Твиттердеги" барагына.  Анын алдында Кошмо Штаттардын чөлкөмдөгү өнөктөшү саналган Сауд Арабиясы да Тегерандын болжолдуу чагымчыл аракеттерине "болгон күчү менен" жооп кайтарарын эскерткен.  Вашингтон менен Эр-Рияддын... Читать дальше...

Жол жээгинде куураган миллиондор

Azattyk.org 

Таласта жол боюна тигилген төрт жарым миллион сомдук туя-арчалары куурап калды. Кыргыз-тажик чек арасында 27 жыл мурда түптөлгөн Максат айылынын азыркы абалы. Үйүндө гүлдүн эки жүз түрүн өстүргөн гидротехник. Кыргыз уулу үчүн жан үрөп жашаган түрк эне. Кыргыздын улуттук суусундуктарын алгач ирет даамдаган чет элдик дипломаттардын реакциясы.

Эки полковник каза болгон жол кырсыгы териштириле баштады

Azattyk.org 

Бишкек-Ош жолунун 97-чакырымында 20-майдын таңында болгон жол кырсыгынан эки аскер кызматкеринин өмүрү кыйылды. Алардын бири Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын полковниги, экинчиси запастагы полковник экени айтылды. Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, маркумдардын бири "Мазда" үлгүсүндөгү машинени башкарып келе жаткан. Кырсыкка анын уктап кетип, рулду башкара албай жол четинде токтоп турган жүк ташуучу автоунаага урунганы себеп болгон деген версия бар.  Автоунаа Бишкекти көздөй келе жаткан. Читать дальше...

Карашев: Өкмөт экономиканы эптей албады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат, мурдагы вице-премьер-министр Аалы Карашев “Бийлик сырлары” көрсөтүүсүндө азыркы өкмөттүн алешемдиктери тууралуу кеп салды. Экономикалык саясатты алып барууда өкмөт чабалдык кылып жатканын белгилеген депутат аткаруу бийлиги иштин көзүн билген жетекчилерге муктаж экенин билдирди. Ошондой ал өзүнүн КСДПнын партиялык тизмесин түзүүдөгү ролу жана 2017-жылы эмне себептен аткаруу бийлигинен кеткен себептерин айтып берди.

Арменияда сотторго каршы нааразылык акциясы өтүп жатат

Azattyk.org 

Арменияда премьер-министр Никол Пашиняндын чакырыгынан көп өтпөй ондогон демонстранттар баш калаа Еревандагы сот имараттарынын алдына топтолушту. Алар Армениянын Конституциялык соту баш болгон бир катар соттордун имаратынын кире беришин тороп турушат. Бир күн мурда Пашинян өлкөдө “революциянын экинчи жана эң башкы баскычы” башталганын, ал сот системасын реформалоого багытталганын жарыялаган. Анын мындай билдирүүсүнө ишемби күнү мурдагы президент Роберт Кочаряндын камактан күрөөгө бошотулганы себеп болгон. Читать дальше...

Зеленский украин парламентин таркатмай болду

Azattyk.org 

Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленский Жогорку Раданы тарката турганын билдирди. Бирок ал мөөнөтүнөн мурда шайлоо качан өтөөрүн так айткан жок.  "Мен Жогорку Раданын 8-чакырылышын таркатам",-деп билдирди Зеленский өзүнүн инаугурациялык сөзүндө.  20-майда парламентте ант берип, президенттик кызматка киришкен Зеленский депутаттар Украинанын башкы прокурору, коргоо министри жана коопсуздук кызматынын башчысы сыяктуу бир катар жогорку кызматтагы адамдарды иштен кетирип, эки айдын ичинде шайлоого... Читать дальше...

Тажик түрмөсүндө 32 киши өлдү

Azattyk.org 

Тажикстандын Вахдат шаарындагы колонияда 19-майдын кечинде чыккан тополоңдо каза тапкандардын саны 32ге жетти. Анын 29у абакта кармалгандар, үчөө түрмө кызматкерлери.

"Google" компаниясы "Huawei" смартфондоруна чектөө киргизди

Azattyk.org 

"Google" корпорациясы Кытайдын "Huawei" компаниясы чыгарган смартфондордогу Андроид операциондук системасынын айрым функцияларын чектей турганын билдирди. Ошондой эле бул телефондордун жаңы версияларында "YouTube" жана "Maps" сыяктуу тиркемелер жана "Google" компаниясынын тиркемелер дүкөнү иштебей турган болду.  Өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы "Huawei" компаниясын “АКШнын улуттук коопсуздугуна каршы келген ишмердүүлүгү үчүн” америкалык фирмалар менен соода алакасын... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *