Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Февраль
2018

Новости за 06.02.2018

Сирияда набыт кеткен орус учкучунун сөөгү мекенине кайтарылды

Azattyk.org 

Сирияда набыт кеткен орусиялык учкучтун сөөгү 6-февралда мекенине кайтарылды. Маркум Роман Филипповго "Орусиянын Баатыры" деген наам ыйгарылды. СУ-25 аскер учагы 3-февралда Идлиб чөлкөмүндө исламчы жоочулар тарабынан атып түшүрүлгөн. Учкуч Филиппов секирүүгө үлгүргөн, бирок аткылашууда набыт болгон. Орусия Сириядагы аскердик иш-аракеттерин 2015-жылдын күзүнөн бери жүргүзүп келатат.  Президент Владимир Путин орус аскерлерин чыгаруу тууралуу буйругун бир нече жолу кайталаган. Расмий маалыматтар... Читать дальше...

Сирияда курман болгон орус учкучунун сөөгү мекенине кайтарылды

Azattyk.org 

Сирияда курман болгон орусиялык учкучтун сөөгү 6-февралда мекенине кайтарылды. Маркум Роман Филипповго "Орусиянын Баатыры" деген наам ыйгарылды. СУ-25 аскер учагы 3-февралда Идлиб чөлкөмүндө исламчы жоочулар тарабынан атып түшүрүлгөн. Учкуч Филиппов секирүүгө үлгүргөн, бирок атышууда мерт болгон. Орусия Сириядагы аскердик иш-аракеттерин 2015-жылдын күзүнөн бери жүргүзүп келатат.  Президент Владимир Путин орус аскерлерин чыгаруу тууралуу буйругун бир нече жолу кайталаган. Расмий маалыматтар боюнча... Читать дальше...

ЭКОго үмүт арткан тажик келиндер

Azattyk.org 

"Каректе Евразиянын" бул жолку чыгарылышына Өзбекстан менен Түркмөнстандагы кымбаттап жаткан күйүүчү май, Тажикстанга киргизүүгө тыюу салынган эски унаалар, Ирандагы милдеттүү жоолук салынууга каршы чыккан кыз-келиндер, Тажикстанда жайылып бараткан жасалма жол менен боюна бүтүрүү ыкмасы, израилдик окумуштуулардын дүйнөнү дүңгүрөткөн табылгасы тууралуу баяндар камтылды.

Мальдив: Президент өз агасын камады

Azattyk.org 

Сирия өкмөтү кайрадан химиялык курал колдонуп жатат деген маалыматтар Орусия менен АКШнын кезектеги кайым айтышуусуна себеп болду. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Казакстандын Коопсуздук Кеңешин өмүр бою жетектеши мүмкүн. Мындай мыйзам долбоору казак парламентине сунушталды. Мальдив республикасында саясий кризис күч алды. Мамлекеттин президенти, өз агасын- мурунку өлкө башчысын жана Жогорку соттун башкы судьясын камады. Азербайжанда оппозициячыл Демократиялык күчтөрдүн улуттук кеңеши... Читать дальше...

Мадумаров: соттор бир кишинин камчысына айланды

Azattyk.org 

Саясатчы, экс-спикер Адахан Мадумаров Кыргызстандагы саясий кырдаал, саясатчыларга карата соттук чечимдер жана жылуулук кризиси боюнча маалымат жыйын курду. Иш-чарага журналисттер, шаардыктар жана студенттер катышты.



Кремл: Орусия өз куралын кайда жайгаштыраарын өзү чечет

Azattyk.org 

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бүгүн "Орусия өзүнүн аскердик ресурстарын өз аймагында кайсы жерге жайгаштыраарын өзү чечет" деп билдирди. Анын алдында "Орусия "Искандер" ракеталарын Калининград эксклавына орнотууну пландап жатат" деген кабарлар чыккан. Ушул эле күнү Литванын президенти Далия Грибаускайте "орто аралыкка учуучу "Искандер" ракеталары ушул тапта Калининградга туруктуу негизде жайгаштырылууда. Бул Литвага эле эмес, Европа өлкөлөрүнүн жарымына коркунуч жаратат" деп билдирген. Читать дальше...

Чернобылдын Кыргызстандагы изи

Azattyk.org 

Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин басууга барган кыргызстандыктардын арасы суюлуп баратат. Апаатка катышкандар радияциянын залакасынан бүгүнкү күнгө дейре жапа чегүүдө. СССР маалында - 1986-жылдын 26-апрелинде Украинадагы Чернобыль өзөктүк кубат ишканасында болгон жарылуу айлана-чөйрөгө оор зыян келтирип, жүз миңдеген адамдарды там-жайын таштап кеткенге аргасыз кылган. Кыргызстандан Чернобылды тазалоого бир нече миң киши катышкан.

Абактагы саясатчылардын эрктүү жубайлары

Azattyk.org 

"Күчтүү эркектин артында андан да күчтүү аял турат" дешет. Учурда ар кандай себептер менен абакта отурган саясатчылардын жубайлары ким? Алар башына келген сыноону кантип көтөрүп жатышат?

Кадамжайда күйүүчү май ташыган автоунаа оодарылып кетти

Azattyk.org 

Ош-Баткен-Исфана автоунаа жолунун 125-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.  Окуя бүгүн түштөн кийин болгон. Баткен облусунун Кадамжай районунда кырсыкка учураган "Renault" үлгүсүндөгү автоунаа 40 тоннага ылайыкташкан. Анда солярка болгон. Анын көлөмү канча экени жана канчасы төгүлүп калганы такталууда. Жабыркагандар жок. Окуя болгон жерге Кадамжай райондук №76 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. Читать дальше...

Кыргызстанда биринчи ири дата-борбор ачылды

Azattyk.org 

Бүгүн, 6-февралда Бишкек шаарында эл аралык стандарттарга жооп берген биринчи ири дата-борбор ачылды. Бул тууралуу Кыргыз-Орус өнүктүрүу фонду билдирди. Фонддун каржылоосу менен NSP компаниясы ачкан борбор маалыматтарды иштетүү багытында коммерциялык багытта иш алып барат. 500 чарчы метр аянтты түзгөн борборго 80 серверге чейин коюу мүмкүнчүлүгү бар. Үзгүлтүксүз иштеген жабдуулар мамлекеттик жана жеке фирмалардын сайттарына жана башка иштерине сервер берип, хостингдик жана тармактык байланыш түзүп берет. Читать дальше...

Матрезервдеги жети миллион сомдук зыян боюнча иш козголду

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Материалдык резервдер фондунун ишине байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Мекеменин басма сөз кызматы бүгүн кабарлагандай, иш Кылмыш-жаза кодексинин 189 ("Ачык соода-сатыктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу"),  304 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 306 ("Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу") жана 308 ("Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу") беренелеринин негизинде, минералдык... Читать дальше...

Бажыдагы миллиарддар: учугу уланабы?

Azattyk.org 

Бажы кызматы быйыл январь айында бажы төлөмдөрү бир нече эсеге көбөйгөнүн жарыя кылды. Бажыдагы төлөмдөр түштүк аймагында күнүнө он эсеге чейин көбөйгөнүн кабарланды. Өлкөдөгү коррупциялашкан тармактардын бири катар аталып келген Бажыдагы акыркы жыйынтыктар жемкордукка каршы күрөш жыйынтыгыбы же өкмөттүн кезектеги пиар кадамыбы?

Сирия: "химиялык чабуулдун" жаңы чуусу

Azattyk.org 

Сирия өкмөтү "кайрадан химиялык курал колдонуп жатат" деген маалыматтар Орусия менен АКШнын кезектеги кайым айтышуусуна себеп болду. Американын БУУдагы элчиси Орусияны "Сириядагы аба чабуулдарын иликтөөгө бөгөт койду" деп күнөөлөдү. Орус тарап болсо дооматтарды четке кагып, өз жүйөсүн келтирди.

Салянованын сотунда чуу чыкты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын сотунда судья Ирина Воронцова адвокат Рабига Садыкованын жарыш сөзүн токтотту. Натыйжада соттук жыйын нааразылык менен коштолуп, чуу чыкты. Судьянын айтуусунда, адвокат буга чейин айтканын кайталап жатат. - Сиз эртең менен айтканыңызды кайталап жатасыз. Бул сотту атайылап созуу аракети жана ал сизге да сый алып келбейт, -  деди судья.  Көпкө созулган талаш-тартыштардан кийин сот кайрадан адвокатка жарыш сөздү улантууга мүмкүнчүлүк берди... Читать дальше...

Кабулдагы терактка байланыштуу эки генерал шалаакылык үчүн иштен алынды

Azattyk.org 

Ооганстандын президенти Ашраф Гани Кабулдагы аскердик базага кол салууга байланыштуу бир нече офицерди шалаакылык үчүн иштен алды. Бул тууралуу мамлекет башчы бүгүн "Твиттерде" жазды. Жумуштан алынгандардын арасында эки генерал да бар. Алардын иши эми тергөөгө алынмакчы. 29-январда болжол менен беш куралчан киши Улуттук армиянын комплексине чабуул койгондо 11 жоокер окко учуп, 16сы жарадар болгон. «Ислам мамлекети» экстремисттик уюму бул терактты ишке ашырганын кийин билдирген.  Ганинин өкмөтү... Читать дальше...

Орусияда Путин президенттикке талапкер болуп расмий катталды

Azattyk.org 

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Владимир Путиндин президенттикке талапкерлигин расмий каттады. Аны колдогон 315 миң адамдын колунун бир пайызга жетпеген бөлүгү гана жараксыз деп табылды. Путин 4-мөөнөт үчүн ат салышаарын туура эки ай мурун билдирген.  Талдоочулар президент мүмкүн болушунча ишенимдүү жеңип чыгууга жана добуш берүүгө элдин көп катышуусун камсыз кылууга аракеттенет деп эсептешет. Өлкөнүн Конституциясы эң жогорку кызматты катары менен эки мөөнөттөн көп аткарууга жол бербейт. Читать дальше...

Абакта ачкачылык кармаган үч саясатчынын абалы канааттандырарлык

Azattyk.org 

Абакта ачкачылык кармап жаткан үч саясатчынын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү кабарлашты. Мекеменин медицина башкармалыгынын башчысы Назгүл Солтобекованын айтымында, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков күн сайын дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүп жатышат. Баарынын кан басымы, тамырынын кагышы, каны жана башка биохимиялык анализдери нормада. Бүгүнкүгө пландалган УЗИ жана гастроскопиялык текшерүүдөн үчөө тең баш тартып коюшту. Читать дальше...

Казакстанда Сириядагы жихадчыларга кошулууну көздөгөн аял соттолду

Azattyk.org 

Казакстандын Караганды шаарынын 30 жаштагы тургуну “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна кошулууну көздөгөн деген айып боюнча 9 жылга кесилди. Прокурорлор Жансая аттуу аял Сирияга барып согушкерлердин катарында медайым болуп иштөөнү пландаганын билдирип жатышат. Ал ошондой эле өспүрүм тууганын террордук уюмга кошулууга көндүрүүгө аракет кылган деп айыпталды. Өткөн сентябрда кармалган аял күнөөсүн танып, анын ишин Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери атайлап уюштурушканын айтып келатат. Читать дальше...

Тышкы карыздын көбү Кытайга төлөнөт

Azattyk.org 

Каржы министрлигинин 2017-жылдын апрелиндеги маалыматы боюнча 1991-жылдан бери Кыргызстан эл аралык донорлордон 9,2 млрд доллар насыя жана грант алган. Бул сумманы ар бир кыргызстандыкка бөлсөк, 1,5 миң доллардан тиет. Карыздын 40 пайызы Кытайдан алынган жана 21 пайызы энергетика тармагына жумшалган....

АКШнын фондулук биржаларында акциялар кескин арзандады

Azattyk.org 

Дүйшөмбүнүн кечинде Американын фондулук биржаларында акциялардын куну кескин түшүп кетти. 30 чакты америкалык компанияга караштуу акциялардын баасын көрсөткөн "Dow Jones" индекси 4,6 пайызга же 1175 пунктка төмөндөдү. Бул 2011-жылдан берки эң ири арзандоо. АКШдан кийин Азиядагы фондулук биржаларда да төмөндөө байкалды. Япониядагы "Nikkei" 225 шейшембинин таңында 5, 3 пайызга төмөндөсө, Гонконгдогу "Hang Seng" -4,7%га арзандады. Акциялардын арзандашы бир нече күн мурда, АКШда айлык-маяна кескин... Читать дальше...

Азербайжан оппозициясы президенттик шайлоону бойкоттойт

Azattyk.org 

Азербайжандын оппозициядагы Демократиялык күчтөрдүн улуттук кеңеши эрте президенттик шайлоону бойкот кыларын билдирди. Оппозиция лидери Жамил Хасанлы коалиция ошондой чечим кабыл алганын "Рейтер" агенттигине билдирди. Кечээ президент Илхам Алиев 17-октябрга пландалган шайлоону 11-апрелге которуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Бирок андай кадамдын себеби түшүндүрүлгөн эмес. Шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү Конституцияга жана Шайлоо кодексине каршы келбеси гана айтылган. Президенттин кеңешчиси... Читать дальше...

Мадумаров: Текебаев жана башка саясатчылар акыйкатсыз камалды

Azattyk.org 

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров учурда камакта жаткан саясатчылар акыйкатсыз соттолду деп эсептейт. Ал бүгүн Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, өлкөдөгү коомдук-саясий абал тууралуу пикирин билдирди. Мадумаровдун пикиринде, Кыргызстанда сот системасы бир топтун кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат:  - Эл да, саясатчылар да сотторго ишенбейт. Талгарбеков, Жапаров, Текебаевдер акыйкатсыз камалды. Соттор - бир кишинин колундагы камчы. Эмнеге соттоп жатышканын өздөрү да билбейт. ... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *