Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Февраль
2018

Новости за 09.02.2018

Элчи: эркелеген аткаминерлерге убактым жок

Azattyk.org 

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлиги элчиликти бул өлкөгө жеке иштери менен барган кишилерди тосуп алууга мажбурлап жатканын айтып чыкты. "Азаттык" элчи менен байланышып, айрым суроолорду узатты.

Элчи Султан: эркелеген аткаминерлерге убактым жок

Azattyk.org 

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлиги элчиликти бул өлкөгө жеке иштери менен барган кишилерди тосуп алууга мажбурлап жатканын айтып чыкты. "Азаттык" элчи менен байланышып, айрым суроолорду узатты.

Путин: Батыш санкция киргизгенден чарчаганда мамиле оңолот

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин орусиялык ишкерлер менен жолугушууда "жакында Батыш Москвага каршы санкция киргизе бергенден чарчап, ошондон кийин алакалар жакшырат" деп айтты. 9-февралда Путин Орусиянын өндүрүшчүлөр жана ишкерлер биримдигинин жыйынында сүйлөдү. АКШ, Евробиримдик жана башка бир катар мамлекеттер Орусиянын Крым жарым аралын аннексиялап алышына жана Украинанын чыгышындагы орусиялык козголоңчуларды колдогонуна жооп катары бир нече ирет экономикалык санкцияларды киргизген. Кийинчерээк... Читать дальше...

Путин: Батыш санкция киргизе бергенден чарчайт

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин орусиялык ишкерлер менен жолугушууда "жакында Батыш Москвага каршы санкция киргизе бергенден чарчап, ошондон кийин алакалар жакшырат" деп айтты. 9-февралда Путин Орусиянын өндүрүшчүлөр жана ишкерлер биримдигинин жыйынында сүйлөдү. АКШ, Евробиримдик жана башка бир катар мамлекеттер Орусиянын Крым жарым аралын аннексиялап алышына жана Украинанын чыгышындагы орусиялык козголоңчуларды колдогонуна жооп катары бир нече ирет экономикалык санкцияларды киргизген. Кийинчерээк... Читать дальше...

Журналист Али Ферузга Орусиядан чыгууга уруксат берилди

Azattyk.org 

Москванын Басманный райондук соту "Новая газета" басылмасынын журналисти Али Ферузга үчүнчү өлкөгө чыгып кетүүгө уруксат берди. 9-февралда өткөн процессте судья Елена Ланская журналист тиешелүү документтерди топтоп, өлкөдөн чыгып кетүү тууралуу арыз менен тиешелүү органдарга кайрылышы зарыл экенин айтты. Феруздун адвокаты журналист кийинки аптада Германияга кетүүгө ниеттенип жатканын билдирди. 2-февралда Москва шаардык соту Ферузду Орусиядан күчтөп чыгаруу процедурасын токтоткон. Соттун чечимине ылайык... Читать дальше...

"Азаттык+": окуу акысы өзүн актайбы?

Azattyk.org 

Бир кездери окуу жайлар арасында байрак башы саналган Улуттук университеттин студенттери имаратта билим алуу мүмкүн эмес деп нааразы. Кыргызстандын ЖОЖдорундагы билим берүүнүн сапаты жана шарттары окууга төлөнгөн каражатты актап жатабы?



Ооруган жоокер командирлерине нааразы

Azattyk.org 

Көк-Жаңгак шаарындагы аскердик бөлүктө келишимдик негизде кызмат өтөп жатып ооруканага түшкөн аскер кызматкеринин жакындары облустук аскер прокуратурасына кайрылышты.

"Дени сак эл" уюмунун дарыгерлери 15 миң тургунду акысыз дарылады

Azattyk.org 

Оштогу "Дени сак эл" дарыгерлер ассоциациясынын кызматкерлери бир жыл ичинде алыскы айылдардын 15 миң жашоочусун акысыз текшерип, кеңеш берип чыгышты. Бул тууралуу уюмдун жетекчиси Максатбек Жумабаев “Азаттыкка” билдирди. Дарыгерлер Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын Өзгөн, Кадамжай, Чоң-Алай, Араван райондорунун тоолуу, алыскы, адистер жетишпеген айылдарын кыдырып, жарандарга акысыз кызмат көрсөтүшкөн. Алар барган жерлеринде 22 медициналык адистик боюнча бейтаптарды кабыл алып, жеринде дарылашкан. Читать дальше...

"Күүгүм": театрдагы муундардын кагылышы

Azattyk.org 

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык улуттук драма театрынын февраль айындагы театралдык репертуары “Күүгүм” спектакли менен ачылды. Орусияда билим алып жаткан жаш режиссер Уланмырза Карыпбаев спектаклде театрдагы муундар ортосундагы келишпестикти жана актрисалардын коомдо болуп жаткан окуяларга карата ички кыйкырыгын чагылдырылган.

Президент өз аппаратынын кадрларын дайындады

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президентинин аппаратынын бир катар бөлүмдөрүнүн башчыларын дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясаты бөлүмү кабарлады. Ага ылайык, президенттик аппараттын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчылыгына Турдуназир Бекбоев, жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчылыгына Мира Карыбаева, тышкы саясат бөлүмүнүн башчылыгына Айзада Субакожоева жана стратегиялык өнүктүрүү... Читать дальше...

Кыдыкбаев: Ачкачылык кармаган үч саясатчынын абалы оорлоп кетти

Azattyk.org 

Ачкачылык кармап жаткан камактагы саясатчылар Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Эрнест Карыбековдун абалы оорлоп кетти. Бул тууралуу алардын адвокаты Марс Кыдыкбаев "Азаттык" радиосуна билдирди: Анын айтымында, саясатчылар туугандарынын да айткандарына көнбөй, ачкачылыкты улантып жатышат: - Бир туугандары, жакындары жана тарапкерлери суранса да болбой, ачкачылыгын улантууда. Кургак ачкачылык. Болгону дарыгерлер глюкоза, дары берип эптеп кармап турушат. Азыр абалдары өтө оорлоп кетти, өзгөчө Бектур Асанов кыйналып калды. Читать дальше...

10-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

10-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондоруна туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -12...-17, күндүз -2...+3; Таласта түнкүсүн -14...-19, күндүз -3...+2; Баткенде түнкүсүн -5...-10, күндүз 3...8; Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -3...-8, күндүз 3...8; Ысык-Көлдө түнкүсүн -7...-12, күндүз -3...+2; Нарында түнкүсүн -20...-25... Читать дальше...

Египет террорчуларга каршы ири операция баштады

Azattyk.org 

Египеттин армиясы жана полициясы жума күнү террорчуларга каршы ири операция баштады. Бул тууралуу өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү, полковник Тамер Рифаи билдирди. Операция негизинен Синай жарым аралында, Нил дарыясынын боюндагы аймактарда өткөрүлөт. Бир жум мурун айрым басылмалар Египет террорчулукка каршы Израил менен жашыруун кызматташып жатканын жазышкан. Тамер Рифаи мындай маалыматтарды жокко чыгарды. Египеттеги радикал уюмдар негизинен Синай жарым аралында утур-утур кол салуу уюштуруп келишет. Читать дальше...

Парламенттин бөлүм башчысына кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закировго кылмыш ишин козгоп, тергөө үчүн УКМКга өткөрүп берди. Бул тууралуу УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди. - Жогорку Кеңештин бөлүм башчысына карата Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу"), 350-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") боюнча кылмыш ишин козгоду. Буга парламенттин иш башкармалыгы "2 миллиондон... Читать дальше...

Жалал-Абадда 34 кишиге айдоочулук күбөлүк мыйзамсыз берилгени аныкталды

Azattyk.org 

Автотранспортторду каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Ноокен, Токтогул райондук жана Кара-Көл шаардык башкармалыктарынын кызматкерлери 34 кишиге мыйзамсыз айдоочулук күбөлүк берип жибергени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүдө айтылгандай, кылган кылмыш үчүн сот 2015-жылы үч жылга кесип, үч жылга айдоочулук укуктан ажыраткан С.Т. аттуу жаранга 2017-жылы бул органдын Ноокен райондук бөлүмү мыйзамсыз түрдө айдоочулук күбөлүк берип койгон. Читать дальше...

Оор атлет Иззат Артыков Азия оюндарына катышат

Azattyk.org 

Кыргызстандык оор атлет Иззат Артыков 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда өтө турган Азия оюндарына катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” спортчу өзү билдирди. 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимп оюндарында Иззат Артыковдун канында тыюу салынган стрихнин дарысы чыкканы тууралуу кабарлардан кийин Спорт боюнча эл аралык арбитраждык сот Артыковду эки жылга ири мелдештерден четтеткен. Быйыл жайында дисквалификациянын мөөнөтү аяктамакчы. (SDz)

Трамп менен Моди Ооганстандагы кырдаалды талкуулашты

Azattyk.org 

АКШ президенти Доналд Трамп Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Ак үй 8-февралда билдирди. Эки лидер аймактык бир нече теманы, анын ичинде Ооганстандагы кырдаалды жана Мьянмадагы рохинжа мусулмандарынын абалын талкуулашты. Моди менен Трамп Ооганстандагы коопсуздуктун сакталышына кызыкчылыгы бар экенин билдиришти. Былтыр Вашингтон Индиянын коңшусу Пакистанга буга чейин берип келген жардамын азайткан. Муну АКШ "Исламабад террорчуларга колдоо көрсөтүп жатат" деп негиздеп... Читать дальше...

Исаков ички иштер органдарындагы коррупцияны сынга алды

Azattyk.org 

Премьер-министр Сапар Исаков Ички иштер министрлигинин коллегиялык кеңешмесине катышып, милиция кызматкерлери коррупция менен жетиштүү деңгээлде күрөшпөй жатканын сындады. Өкмөт башчы бүгүнкү күндө укук коргоо органдарын реформалоо жүрүп жатканын, анын алкагында бир катар функционалдык милдеттер кайрадан каралып чыгарын билдирди. “Тилекке каршы, коррупциялык элементтер ички иштер органдарында да болуп жатат. Андай фактыларга жол берилбеши керек, анткени милиционерлер мамлекеттик бийликтин күзгүсү катары... Читать дальше...

Ошто энеси сабап койгон бала эсине келе элек

Azattyk.org 

Ошто энеси сабап койгон бала эсине келе элек. Бул тууралуу Ош облустук балдар ооруканасынын башчысы Ташбай Алиев билдирди. Дарыгердин айтымында, баланын абалы бир аз турукташып калды, бирок оор бойдон турат. Наристенин бөйрөктөрү жабыркаган жана мээсине кан уюп калган. Маалым болгондой, 4-февралда А. Д. аттуу келин Ош облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө оор жаракат алып, эстен танып калган баласын алып келген. Ал 2 жаш 8 ай болгон баласын “тепкичтен кулап кеткен” деп түшүндүргөн. Наристенин денесин кароо учурунда ал денеси көгала... Читать дальше...

Олимпиада Бишкек убактысы боюнча саат 17.00дө ачылат

Azattyk.org 

Түштүк Кореянын Пхёнхчаң шаарында өтчү 23чү Кышкы Олимпиаданын ачылыш аземи 9-февралда, Бишкек убактысы боюнча саат 17.00дө башталат. Салтанатка катышканы бир катар өлкөлөрдүн президенттери, премьер-министрлери келишти. Алардын арасында  Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Йо Чон жана АКШнын вице-президенти Майк Пенс да бар. Андан тышкары, ачылыш аземин стадионго чогулган 35 миңдей киши да көрөт. Сууктан улам иш-чара эки саатка чейин кыскартылды. Уюштуруучулар чогулгандарга топуларды... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *