"Эйр Кыргызстандын" тагдыры талашта
"Эйр Кыргызстан" улуттук авиакомпаниясын сатып алууга чет элдик инвесторлор кызыкдар болууда. Бирок Жарандык авиация агенттиги компанияны сатууга каршы.
"Эйр Кыргызстан" улуттук авиакомпаниясын сатып алууга чет элдик инвесторлор кызыкдар болууда. Бирок Жарандык авиация агенттиги компанияны сатууга каршы.
Украинанын президенти Петро Порошенко мындай маалыматты бүгүн Киевден “2018-жылдын чакырыктары” деген басма сөз жыйында билдирди. Анын айтымында, Кошмо Штаттар бере турган куралдын алгачкы бөлүктөрү жакынкы апталарда келе баштайт. Арасында антиснайперлик комплекстер, минемотко каршы радарлар, абадан коргонуунун, радиоэлектрондук уруштун каражаттары болот. Порошенко бул маалыматтын купуялуулугуна таянып, чоо-жайын кеңири айта албай турганын белгиледи. АКШнын администрациясы Украинага адам өмүрүнө зыян келтирбей турган курал-жарак... Читать дальше...
Совет доорунда өзбек улуттук эстрадасында таанылган ырчы Дилором Саипова Ошто чыгармачылыгын улантууда.
Мындай окуя Орусия президенттигине талапкерлердин “Россия 1” телеканалында, 28-февралдагы теледебатында болду. РИА-Новости агенттигинин маалыматына караганда, ЛДПРдин лидери дебат учурунда Ксения Собчакты “жинди” деп атап, “бул жерге көчөдөгү жеңил-желпи селкилерди алып келүүнүн кереги жок, мунун баары ыпыластык”, - деп айткан. Жириновский Собчакты тилдеп жатканда, Собчак саясатчыга стакандагы сууну чачып, “өзүңүздү жакшыраак алып жүрүңүз, мен сиздин ыкманы колдонуп жатам”,- деп айтты. Буга Жириновский туталанып... Читать дальше...
Ушул күндөрү Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында грек-рим күрөшүнөн кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Азия чемпиону болду. 28-февралда грек-рим күрөшүнөн беш салмакта байгелер ойнотулду. 72 килограмм салмакта Акжол Махмудов алтын байге үчүн казакстандык Демеу Жадраев менен таймашып, 8:6 эсебинде жеңишке жетип Азия чемпиону аталды. Махмудов финалга чейин үч беттеш өткөрүп, атаандаштарын ири айырма менен жеңген. Алгач ал иорданиялык Ахмед Махмудду 12:2, жарым финалда индиялык Кулдееп Маликти 8:0 эсебинде жеңди. Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн аппаратынын башчысы Фарид Ниязовдун кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырган жок. Бирок аппарат башчынын бул арызына байланыштуу кабар коомчулукта кош бийлик тууралуу талкууларга жем таштады. Эмне себептен президент Жээнбеков Ниязовдун арызын кабыл албай койду? Мурдагы мамлекет башчынын командасынын азыркы президентке таасири канчалык? Президент көз карандысыз, өз алдынча саясат жүргүзүү үчүн кандай кадамдарга баруусу керек?
Расмий өкүлдөр билдиргендей, бул эки окуя тең өлкөнүн түштүгүндө, Кандагар жана Урузган провинцияларын туташтырган кан жолдун боюнда болду. Кандагардын полиция башчысы, генерал Абдул Разиктин айтымында, согушкерлер тобу көзөмөл бекетке кол салганда, алты полициячы мерт болуп, бешөө жаракат алган. Ал эми Урузган провинциясынын бийлиги өлгөндөрдүн саны бешөө экенин кабарлады. Расмий өкүлдөр ошондой эле уурадалгандарды бошотуу аракети көрүлүп жатканын маалымдашты. Полиция кызматкерлеринин өлтүрүлүшү... Читать дальше...
Казакстанда ушул тапта президенттин тил тууралуу айтканы кызуу талкууланууда. Назарбаев бийликтегилер казак тилинде иш алып барышы керектигин талап кылган эле. Анын эртеси эле өкмөттүн жыйыны дароо казакча өттү. Бирден бир жабык өлкө саналган Түндүк Кореянын лидери бир кезде атасы менен дүйнө кыдырууну көздөгөнбү? Рейтер агенттиги ата-бала 90-жылдары Бразилиянын паспортун алышканын жазып чыкты. АКШ президенти Дональд Трамп 2020-жылкы шайлоого камылганы эмитен баштады. 27-февралда саясий технолог... Читать дальше...
Кочкор районундагы Ара-Көл айылы бир гана күйгөн суусу же туз шахтасы менен белгилүү эмес. Бул жердеги көлмө балыкчыларды өзүнө магниттей тартып турат. Балык уулоо үчүн 250 чакырым жол жүрүп,атайын Бишкектен келгендер да бар. Алардын бири Таалай Мамытов жана досу Эркин Матисаков.
Орусия Сириянын химиялык куралына тиешелүү милдеттемесин бузганын Кошмо Штаттардын куралсыздануу конференциясындагы чабарманы Роберт Вуд бүгүн Женевадан билдирди. - Орусия Сириянын химиялык курал кору текшерилген жол менен жок кылынышына кепилдик алгандыктан, ал Сирия химиялык куралды колдонушуна жол бербөөгө да кепилдик алышы керек эле. Орусия өз милдеттенмесин айдан-ачык эле бузду, - деди ал. АКШнын расмий өкүлүнүн бул сөздөрү Сириянын өкмөттүк күчтөрү жайкын тургундарга каршы хлор... Читать дальше...
Kyrgyz Clock
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тараткан маалыматка караганда, 2018-жылдагы ажылыкка талапкерлерди каттоо иши бүгүн, 28-февралда аяктады. Ажылык серверге катталгандар өлкө боюнча 6895 талапкерди түзүп, Кыргызстан үчүн берилген квотадан 1580 кишиге ашкан. Алар 2019-жылдагы ажылык сапарына барыш үчүн аймактык кезекке турушмакчы. Ажылыкка барыш үчүн каттоодон өткөндөрдүн саны боюнча Ош облусу алдыда турат. Бул аймактан 2548 адам катталса, эң азы Нарындан 45 адам катталган. Ажылыкка барчулар... Читать дальше...
Москвада энергетика тармагында окуп келген 22 жаштагы Санжар Жумабеков Бишкекке келип инженерия курсун ачкан. Учурда ал заманбап техника тилин үйрөнүүнү, робот куроо, ар кандай инженердик техникаларды жасоого кызыккан жаштарды окутуп, аны менен кошо робот курап жатат. Санжар Бишкекте 3Д принтер алып келгендердин бири. Аны менен ар кандай буюм-тайымдарга буюртма алып жасап берет. Азырынча Санжардын бул эмгектери демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашып жатат.
Эсеп палатасы "Чыгышэлектр" ишканасы массалык-маданий жана демөөрчүлүк иштер үчүн жумшалган акчаны электр энергиясынын өздүк баасына кошуп эсептеп салганын аныктады.
Ысык-Көл облусунда диний көз караштан улам балдарын мектепке жибербеген ата-энеге карата козголгон кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Ысык-Көл райондук прокуратурасынын өкүлдөрү кабарлашты. 47 жаштагы Жыргалбек Асанбеков жана 43 жаштагы Бактыгүл Абдрахманова Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси боюнча ("Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбай коюу") айыпталууда. Прокурорлор алар Кыргызстанда экстремисттик деп табылган «Йакын инкар» диний агымынын мүчөсү катары... Читать дальше...
Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусуна карата "улут аралык кастыкты козуткан" деген негизде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди. Кылмыш иши Темир Болотбек аттуу окутуучунун социалдык түйүндөрдөгү башка улут өкүлдөрүн кемсинткен комментарийлеринен улам январь айында козголгону кабарланды. Учурда териштирүү жүрүп жатат. Темир Болотбектин буга чейин "Facebook" аркылуу орус улутундагыларга каршы пикир билдиргенин айрым сайттар жазып чыккан эле. Читать дальше...
1-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз айрым жерлерде жаан жаашы ыктымал. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метр. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 0...5, күндүз 6...11; Таласта түнкүсүн -3...+2, күндүз 6...11; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 1...6, күндүз 9...15; Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...+1, күндүз 3...8; Нарында түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...+3; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16...-21... Читать дальше...
Жаз айларынан баштап Ош облусундагы кыргыз-өзбек “Достук” өткөрмө бекетин кеңейтүү иштери башталат.
Кыргызстанда Дипломатиялык академиянын макамын өзгөртүү сунушталууда. Бул маселе бүгүн Жогорку Кеңеште талкууланды. “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык академиянын Уставын өзгөртүп, ректорду дайындоо укугун тышкы иштер министрине берүү каралууда. Талкуу учурунда бир катар депутаттар өкмөт менен Тышкы иштер министрлигин эл аралык иштер боюнча адистиктин сапатын, кадыр-баркын жогорулатууга багытталган иш-чараларга көңүл бурууга чакырышты. Эл өкүлдөрүнүн пикиринде... Читать дальше...
Орусиянын тышкы иштер министри бул тууралуу бүгүн Женевада, БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде сүйлөп жатып билдирди. Сергей Лавровдун айтымында, Москва Сириянын президенти Башар Асаддын өкмөтүнө “террор коркунучун” жеңүүдө жардам берүүнү улантат. Сирия менен Орусиянын өкмөттөрү Асаддын оппоненттерин адатта “террорчулар” деп баалашат. Орус министринин бул сөздөрү акыркы он күндөн бери Сирия өкмөтүнүн чабуулунан борбор шаар Дамасктын чет-жакасында жүздөгөн жайкын тургундар кырылган учурда айтылды. Читать дальше...
Дүйнөнүн төрт ири державасы Тегеранды "Йемендеги козголоңчуларга курал-жарак жеткирип жатат" деп сынга алып, муну токтотууга чакырды. АКШ, Британия, Германия жана Франция 27-февралда биргелешип тараткан билдирүүдө Ирандын бул аракеттери Коопсуздук кеңешинин резолюцияларына каршы келери жана аймактагы туруктуулукту бузары жазылган.
“Азаттыктын” тажик кызматынын маалыматына караганда, Мусалмон Холовго жана анын үч шеригине карата алгачкы инстанциядагы соттун өкүмү 21-февралда чыккан. Сот өкүмгө комментарий берүүдөн баш тартты. Мүчөлөрү соттолгон трансулуттук наркокартел тогуз адамдан турат, алар Ооганстандан келген жүктү Тажикстан аркылуу Орусияга жеткирүү менен алектенишкен. Тажикстандын маңзаттарга көзөмөл агенттигинин директорунун орун басары Муртазо Хайдарзоданын жакындагы басма сөз жыйында билдиргенине караганда, наркокартелдин... Читать дальше...
“Мегаком” деген бренд менен белгилүү “Альфа Телеком” компаниясын сатып алууга “Goldenkey Asset Investment & Management» деп аталган компаниядан кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду кабарлады. Түштүк Кореяда катталган компания “Альфа Телекомдун” акцияларынын 100 пайызын сатып алууга кызыгууда. Кайрылуу мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте кароо үчүн “Альфа Телекомго” жөнөтүлдү. Кыргыз өкмөтү "Мегакомду" алгач 2015-жылы сатыкка чыгарган. Андан бери үч жолу сынак жарыяланып... Читать дальше...
Түркиялык студент Тефик күндө кечинде салттуу ичимдик деп эсептелген бозону көчө кыдырып сатат. Бир чыкканда жонуна 40 литрге жакын бозону көтөрүп алып сатып келет. Муну менен бозо салган апасы экөө чакан ишкерге айланышты.
АКШ, Британия, Германия, Франция биргелешкен билдирүүсүндө Ирандын Йемен боюнча курал эмбаргосун сактабай жатканы “аймактын тынчтыгы жана стабилдүүлүгү үчүн олуттуу коркунуч” жаратууда. Бул төрт мамлекет Иранды Улуттар уюмунун Йемендеги хусит согушкерлерге каршы курал эмбаргосун киргизген, 2015-жылкы резолюцияга шайкеш эмес иштеринин баарын “тезинен токтотууга” чакырды. БУУнун эксперттери Тегеран эмбаргону сактабаганын өткөн айда аныктап, муну ал Иранда жасалган ракеталар менен дрондор Йемендеги... Читать дальше...