Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Август
2018

Новости за 10.08.2018

Макрон Сенцовдун маселеси боюнча Путин менен сүйлөштү

Azattyk.org 

Франциянын президенти Эммануэл Макрон үч айга жакын Орусиянын түрмөсүндө ачкачылык кармап отурган украин режиссеру Олег Сенцовдун маселеси боюнча орус президенти Владимир Путин менен сүйлөштү. Бул тууралуу француз президентинин кеңсеси 10-августта кабарлады. "Республиканын президенти Сенцовдун абалы кескин начарлаганына байланыштуу өз тынчсыздануусун президент Путинге билдирди. Орусиянын мындай жагдайда гуманитардык чечим табышы маанилүү экени белгиленди",-деп айтылат расмий маалыматта. Сенцовдун... Читать дальше...

"Үйлөнүүдөн качты..."

Azattyk.org 

Сыдык Карачевдин “Үйлөнүүдөн качты” аттуу аңгемеси - улуттук профессионалдык кара сөз өнөрү жаңыдан каз-каз тура баштаган убакта жаралган чыгармалардын бири.

Газни шаарындагы кармашта 14 ооган жоокери мерт болду

Azattyk.org 

Ооганстандын Газни шаарына чабуул койгон талиб жоочулары менен кармашта 14 ооган аскери мерт болду. Дагы жыйырмадан ашык жоокер жарадар болгонун шаардагы оорукананын өкүлү билдирди. "Талибан" кыймылы бүгүн таң эрте Кабулдан 150 чакырым жерде жайгашкан Газниге чабуул кое баштаган. Натыйжада ооган күчтөрү менен талиб согушкерлеринин ортосунда бир нече саатка созулган куралдуу кармаш жүрдү. Жоочулар абадан урулган соккулардын жардамы менен шаардан сүрүлүп чыкканы кабарланууда. Чабуулдун мизин кайтаруу операциясына АКШнын дрондору... Читать дальше...

Ачкачылык кармаган режиссер алдан тайды

Azattyk.org 

Украинанын Акыйкатчысы орус абагында үч айга жакын ачкачылык кармап отурган Сенцовдун өмүрүн сактап калыш үчүн “тез арада чара көрүү” зарыл экенин айтып, коңгуроо какты.

Президент жоокерлерди мазактагандарды жазалоону тапшырды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевге №73809 аскердик бөлүктөгү мыйзамды жана тартипти бузууга алып келген себептерди иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну тапшырды.  Расмий маалыматка ылайык, мамлекет башчы 10-августта Сагынбаевди кабыл алды. Мындан тышкары Аскер прокуратурасына күнөөлүүлөрдү мыйзамга ылайык кылмыш жообуна тартуу боюнча көрсөтмө берилди. Буга чейин "Азаттыкка" Кой-Таш аскер бөлүгүнүн "Ала-Тоо" полигонунда кызмат өтөп жаткан айрым... Читать дальше...

Каспий деңизинин макамы боюнча конвенцияга кол коюлат

Azattyk.org 

Жыйырма жылдан ашуун убакытка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Каспий боюнда жайгашкан беш мамлекет деңиздин мыйзам жүзүндөгү макамы боюнча конвенцияга кол койгону жатышат. Кремлдин басма сөз кызматы кабарлагандай, документке Азербайжандын, Ирандын, Казакстандын, Орусиянын жана Түркмөнстандын президенттери Актау шаарында 12-августта өтө турган саммитте кол коюшат. Каспийди деңиз же көл деп таануу маселеси 1991-жылы Советтер Союзу ыдырагандан бери талкууланып келет. Союздун курамынан чыккан төрт мамлекет... Читать дальше...

Кыргызстандык ди-джейдин музыкасы мыктылардын катарына кирди

Azattyk.org 

Кыргызстандык ди-джей, музыкант Руслан Саскеевдин "Deep mix" жанрындагы музыкасы "Mixcloud" сайтынын эки чартында мыкты деп табылган 100 музыканын катарына кошулду. Бул тууралуу Саскеев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, бул музыка дүйнүдөгү мыкты микстердин ичинен 71-орунду алган. Музыка Тажикстандын борбору Дүйшөмбүгө баргандагы таасирлерди чагылдырат. "Deep mix" - электрондук багыттагы музыка. "Mixcloud" — музыкалык шоу, подкаст менен диджейлердин микстерин чогулткан сервис. Анда мыкты музыкалардын тизмеси түзүлүп турат. Читать дальше...

Пакистандык аскерлер Орусияда машыгуудан өтө башташат

Azattyk.org 

Пакистандын армия кызматкерлери Орусияда аскердик даярдыктан өтө баштайт. Мындай жобо эки өлкөнүн ортосундагы аскердик кызматташтык боюнча келишимде камтылган. Бул келишим Орусиянын коргоо министринин орун басары Александр Фомин бул аптада Пакистанда эки күндүк иш сапарында жүргөндө макулдашылды. Анын жоболору эки өлкөнүн жогорку армия өкүлдөрүнүн 9-августта Москвадагы жолугушуусунда да талкууланды. Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, макулдашуу пакистандык жоокерлерге Орусиянын аскердик... Читать дальше...



Бишкектеги жарылуу тартылган тасма Интернетке тарады

Azattyk.org 

Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектин борбордук бөлүгүндө 10-августта болгон жардыруу тартылган видеону Интернетке жүктөштү.  Тасмада кара футболкачан эркек эки адамдын коштоосунда "Lexus 570" машинесинен чыгып, тепкич менен бараткан учурда имараттын жанындагы көчөттөн белгисиз зат жарылган.  Маалымат каражаттары ал адам орусиялык ишкер Александр Гайдуков экенин, ага кол салуу уюштурулганын жазышты. Азырынча кол салуу фактысы болгону расмий бышыктала элек.  Үйдүн жашоочулары күндүзгү... Читать дальше...

Рублдин арзандашы теңгеге таасир этти

Azattyk.org 

Казакстандын Улуттук банкы теңгени колдош үчүн интервенция кылууга даяр экенин билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, 9-августта казак улуттук валютасынын курсу 1,6 пайызга түшүп, бир доллар 354,06 теңгени түздү. Буга Орусияга карата санкциялардын катаалдашуусунан улам рублдин арзандашы, мунай баасынын төмөндөшү себеп болууда. Бейшембиге караганда жума күнү теңгенин курсу бир аз көтөрүлүп, учурда бир доллар 356,5 теңгени түзүп жатат. Улуттук банк валюта рыногунда байкоо жүргүзүп жатканын кошумчалап... Читать дальше...

Киров суу сактагычында суу кескин азайганы кабарланды

Azattyk.org 

Таластагы Киров суу сактагычында 80 млн. куб метрге жетпеген суу калганын "Азаттык" радиосуна ошол тармакта иштеген, бирок атын атагысы келбеген адис кабарлады. Анын айтымында, ал жерден учурда 5 млн. куб метр суу агып чыгууда жана өтө азайып кетүү коркунучу пайда болду.  Жергиликтүү бийлик буга комментарий бере элек.  Киров суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыдан эки эсе аз экенин июль айында «Азаттыкка» облустагы суу чарба башкармалыгы билдирген болчу. Манас районунун акимчилиги абал сугат иштерине кедергисин тийгизбегенин айтууда. Читать дальше...

Беларуста кармалган журналисттердин көбү бошотулду

Azattyk.org 

Беларус тергөөчүлөрү "мамлекеттик “БелТА” жаңылыктар агенттигинен мыйзамсыз жолдор аркылуу маалымат алган" деген шек менен кармалган он чакты журналисттин баары бошотулганын 9-августтун кечинде билдиришти. Бирок кеминде эки журналист дале камакта экени кабарланып жатат. Убактылуу кармоочу жайдан чыгарылгандардын арасында "Tut.by" жеке менчик интернет-порталынын редакторлору Марина Золотова, Анна Калтыгина жана кабарчы Анна Ермачонак да бар. Мындан тышкары, "БелаПАН" жаңылыктар агенттигинин эки журналисти да бошотулду. Читать дальше...

Бишкекте көп кабаттуу үй курчоого алынды

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Исанов көчөсүндөгү №98 үйдүн тегерегин милиция курчоого алды. Жашоочулар жарылуунун үнүн укканын кабарлашкан. Сапёрлор окуя болгон жерди текшерип жатышат. Олуттуу жабыркагандар, курмандыктар жок. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Жапаркулова "Азаттыкка" билдиргендей, окуя тууралуу милицияга саат 11:28де кабар түшкөн.

Билим үчүн дүйнө кезген жаштар

Azattyk.org 

Кыргызстанда мектепте окуп жатып эле ар кандай программалар аркылуу чет өлкөдө билим алууга кеткен жаштар көбөйдү.

Караколдо "үйдү атайын өрттөдү" деп шек саналгандар кармалды

Azattyk.org 

Каракол шаарында кызганычтан улам сүйлөшкөн кызынын батирин өрттөөгө шектүү катары жаш жигит тууганы менен кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, милицияга 6-августта саат 03:30 чамасында көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринен өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милициянын ыкчам тобу барып, өрт өчүрүүчүлөр менен жалынды өчүрүшкөн. Өрткө каршы кызматтын эксперттери "өрт атайын коюлган" деп болжолдошкон. Читать дальше...

Туздуу көл: бийлик менен ишкердин талашы

Azattyk.org 

Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтү өз аймагында жайгашкан дарылыгы бар Туздуу көлдү жеке ишкерге ижарага 49 жылга берүү тууралуу 90-жылдардын башында чыккан өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу демилгесин көтөрүп жатат. Жергиликтүү бийлик муну инвестор тартып көлдүн инфраструктурасын оңдоо, туристтерге заманбап шарт түзүү максаты менен негиздөөдө. Туздуу көлдү 20 жылдан ашык иштетип келген жеке ишкер жергиликтүү бийликтин аракетин басым катары баалады.

Медведев АКШнын санкцияларын "экономикалык согуш" деп атады

Azattyk.org 

Орус премьер-министри Вашингтондун Москвага каршы санкцияларды күчөтүү аракетин "экономикалык согуштун жарыяланышы" катары мүнөздөсө болорун билдирди. Дмитрий Медведев Москва мындай чараларга жооп кайтара турганын 10-августта эскертти. "Эгер банктардын ишмердигине же кайсы бир валютаны колдонууга байланыштуу чектөөлөр киргизиле турган болсо, анда аны түз эле "экономикалык согуштун жарыяланышы" деп атаса болот. Ал согушка экономикалык, саясий же керек болгон учурда башка ыкмалар менен жооп кайтарууга туура келет", - деди орус өкмөт башчысы. Читать дальше...

Милиция "Бишкекте жардыруу болду" деген маалыматты тастыктай элек

Azattyk.org 

Бишкек шаарында "орусиялык ишкерге кол салуу уюштурулуп, жардыруу болду" деген маалымат расмий ырастала элек. Бирок Исанов көчөсүндөгү №98 үйдүн тегерегин ушул тапта милиция кызматкерлери курчоого алып турат. Жашоочулар бүгүн саат он бир жарымда катуу үн чыкканын билдиришкен. Саперлор окуя болгон жерди текшерип жатышат. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморовдун айтымында, олуттуу жабыркагандар, курмандыктар жок.  Буга чейин kaktus.media сайты милицияга таянып... Читать дальше...

Талас-Тараз-Суусамыр жолун кургандар айлык албай жатышат

Azattyk.org 

Талас-Тараз-Суусамыр жолун реконструкциялоонун 3-фазасынын алкагында жолго бордюр төшөгөн 20дай киши бир айдан бери эмгек акы ала элек. Бул тууралуу "Азаттыкка" жумушчулардын бригадири Самат Жыргалбай уулу билдирди. Анын айтымында, 7-июндан бери 300 миң сомго жакын эмгек акы кармалып турат. Аны түрктөргө тиешелүү "Чакыр япы санайи ве тижарет" компаниясы төлөп бермек. Аталган фирма менен байланышууга азырынча мүмкүн болгон жок.  Сөз болуп жаткан жолду оңдоонун үчүнчү фазасында айлык берилбей жатканына нааразы болуп... Читать дальше...

11-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

11-августта Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында 19...24, күндүз 33...38, Талас жергесинде түнкүсүн 14...19, күндүз 30...35, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31, Нарын облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 28...33, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 13...18 градус ысыйт. Читать дальше...

Ооган талибдери Газни шаарында чабуул коё баштады

Azattyk.org 

Ооганстандагы "Талибан" кыймылынын согушкерлери Газни шаарына чабуул коё баштады. Учурда жоочулар менен ооган армиясынын ортосунда айыгышкан кармаш жүрүп жатканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айтышты. Газни провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Ариф Нури "France-Presse" маалымат агенттигине билдиргендей, 10-августтагы кармаштан кеминде бир ооган аскери мерт болуп, дагы жети жоокер жараланды.  Анын айтымында, аймакта жайкын тургундардын үйлөрү жана полиция бөлүмдөрү артиллериялык аткылоого да туш болууда. Читать дальше...

Бишкекте көп кабаттуу үйдү милиция курчоого алды

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Исанов көчөсүндөгү №98 үйдүн тегерегин милиция курчоого алды. Жашоочулар жарылуунун үнүн укканын кабарлашкан. Саперлор окуя болгон жерди текшерип атышат. Олуттуу жабыркагандар, курмандыктар жок. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Жапаркулова "Азаттыкка" билдиргендей, окуя тууралуу милицияга саат 11:28де кабар түшкөн.  - Бишкек шаардык жана Биринчи май райондук милициясынын ыкчам иликтөө тобу, эксперттер иштеп атышат, - деди ал.  Окуянын чоо-жайы тууралуу толук маалымат бериле элек. Читать дальше...

Кыргызстанда маалыматтын чын-төгүнүн тактоочу сайт ачылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда Интернет айдыңында тараган маалыматтардын, журналисттер жазып жаткан кабар-баяндардын чын-төгүнүн аныктоого багытталган сайт иштей баштады. Быйыл 1-июнда ачылган factcheck.kg сайты өлкөдө медиа сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча долбоордун алкагында эл аралык "Сорос-Кыргызстан" фондунун каржылык колдоосунда иштеп жатат. Бул тууралуу аталган сайттын кызматкерлери "Азаттыкка" кабарлашты.  Анын негизги максаты - фейктердин бетин ачуу жана окурмандарды ар бир маалыматка дароо ишене бербестен... Читать дальше...

ӨКМ аба ырайы бузуларын эскертти

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 12-13-августта Кыргызстанда аба ырайы бузулуп, көпчүлүк аймактарда жаан-чачын, чагылган болорун, жайлоолорго жана тоолорго кар түшөрүн эскертти. Ушундан улам абанын температурасы төмөндөп, шамалдын ылдамдыгы айрым учурда 18-23 метрге жетет.  Учурда Кыргызстандын көп жерлеринде 40 градуска жакын ысык болуп атат.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *