Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Август
2018

Новости за 17.08.2018

Никол Пашиняндын 100 күнү

Azattyk.org 

Арменияда «Баркыт революциясынын» арты менен бийлик алмашканына 100 күн болду. Элдик толкундоолордун шарданында бийликке келген премьер министр Никол Пашинян 17-августта Еревандагы башкы аянтка элди топтоп, жасаган ишинин отчетун берди. Ал окуяга Али Токтакунов да күбө болду.

Ангела Меркел Грузияга, Арменияга жана Азербайжанга барат

Azattyk.org 

Германиянын канцлери Ангела Меркел 23-августта Грузияга барарын немис өкмөтүнүн басма сөз катчысы Штеффен Зейберт жума күнү билдирди. Меркел андан ары Армения менен Азербайжанга барары маалым болду. Зейберттин айтымында, ага чейин канцлер 18-августта Берлиндин жака-белинде орус президенти Владимир Путин менен жолугушат. Грузия Евробиримдикке жана НАТОго кошулууга умтулууда. Буга чейин Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев эгер Грузия НАТОго кошулса аймакта жаңы жаңжал чыгышы мүмкүн экенин билдирген. Читать дальше...

Tүркияда сот америкалык пасторду бошотуудан баш тартты

Azattyk.org 

Түркиянын Измир провинциясынын соту америкалык пасторго коюлган айыптарды алып салып, аны үй камагынан бошотуу тууралуу арызды четке какты. Эндрю Брансондун кармалышы Түркия менен АКШнын ортосундагы мамиленин чыңалышына түрткү болгон.   17-августта сот эки күн мурда чыккан соттун мурунку чечимин күчүндө калтырып, ага өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат берген жок.   Түркияда 20 жылдан ашуун жашаган христиан пастору Эндрю Брансон 2016-жылдын октябрында Измир шаарында камакка алынып, ага "Терроризм" жана "Тыңчылык” беренелери боюнча айып коюлган. Читать дальше...

Жээнбековго жолуккусу келгендер жазаланды

Azattyk.org 

Ноокенде президентке жолукканы барып, жолугушууга кире албай калган аялдар сот жообуна тартылды. Өлкө башчысына өз маселелерин айтууга барган аялдарды милиция беш саат кармап, "коопсуздук кызматкерлеринин талабына баш ийген жок" деген таризде жоопкерчиликке тарткан. Аймактын тургундары жана жергиликтүү укук коргоочулар президент жергиликтүү тургундар эмес, алдын ала даярдалган мамлекеттик кызматкерлер менен жолугушканын айтышууда.

Аблязов "киши өлтүрүү уюштурган" деп шек саналууда

Azattyk.org 

Казакстандык банкир, оппозиционер, бозгундагы Мухтар Аблязов "“ТуранАлем” банкынын директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Ержан Татишевди атайылап өлтүрүүнү уюштурган" деп шек саналып жатканын бул өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди. Мекеменин расмий сайтында жарыялаган билдирүүгө ылайык, Аблязов бул иш боюнча бир нече жолу чакыртылган, бирок ал барган эмес. Татишев 2004-жылы өлтүрүлгөн. Алгач тергөөнүн жыйынтыгында ишкер аңчылык маалында кокустуктан улам курман болгону жазылган. Аңчылык учурунда... Читать дальше...

Пакистанда Имран Хан премьер-министр болуп шайланды

Azattyk.org 

17-августта Пакистан парламенти мурдагы крикет оюнчусу, оппозициялык саясатчы Имран Ханды премьер-министр кылып шайлады. Хан парламенттин 343 орундуу төмөнкү палатасында 176 добушка ээ болду. Анын "Техрик-и-Инсаф" партиясы 25-июлдагы шайлоодо жеңишке жеткен.   Шайлоодо Хандын партиясы 172 добуш алып, парламенттик көпчүлүктү түзө албай калган. “Техрик-и-Инсаф” парламанетке кирген башка чакан партиялар жана көз карандысыз мыйзам чыгаруучулар менен коалицияга биригип, 176 мандатка ээ болгон. Хандын... Читать дальше...

Азия оюндары: кыргыз футболчулары Бахрейн менен тең ойноду

Azattyk.org 

Индонезияда өтүп жаткан XVIII Азия оюндарында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бахрейн менен ойноду. Кыргыз футболчулары оюндун аягына чейин 2:1 эсеби менен алдыда келе жатса да оюн бүтөргө бир мүнөт калганда дарбазага гол өткөрүп ийишти. Натыйжада жалпы жыйынтык 2:2 тең чыгыш менен аяктады. 15-августта Кыргызстан 3:1 эсебинде Малайзияга утулуп калган. Эми 20-августта Кыргызстан Түштүк Корея менен чечүүчү оюнду өткөрөт жана тайпадан чыгыш үчүн кыргызстандыктар тек гана утушу керек.... Читать дальше...

Кытайдын машыгуусу АКШны кооптондурду

Azattyk.org 

Кытай соңку үч жылда абадагы аскердик машыгуусун күчөттү. Пентагон Бээжин учактарын АКШга жана анын өнөктөштөрүнө каршы колдонушу мүмкүн деп жоромолдоду. Арменияда «Баркыт революциясынын» аркасы менен бийлик алмашканына 100 күн болду.



ИИМ: Экспертизанын бүтүмү боюнча Эгизбаев сууга чөккөн

Azattyk.org 

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги "Азаттыктын" журналисти Улан Эгизбаевдин өлүмүнүн себебин иликтеген экспертизанын бүтүмүн жарыялады. Экспертиза Эгизбаев сууга чөккөн деген жыйынтык чыгарган. Ошондой эле Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу Ысык-Көлдөгү “Акун” пансионатынын администрациясына жана куткаруучуларга кылмыш иши козголгону маалым болду.

Сузакта кыргыз паспорту менен өзбек жараны кармалды

Azattyk.org 

Жалал-Абаддын Сузак районунун аймагында 2014-жылдан бери убактылуу каттоодо туруп, кыргыз паспортун колдонуп жүргөн Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу облустук милиция “Азаттыкка” билдирди. Анын маалыматына караганда, 2014-жылы Өзбекстандын 27 жаштагы жараны паспорт алуу максатында Сузак райондук паспорт бөлүмүндө иштеген кызматкерге 2,5 миң доллар берип, 1991-жылы туулган кылып жаздырып, бөлөк ысым менен Кыргызстандын паспортун сатып алган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренеси ("Документтерди... Читать дальше...

Өзбекстан менен Тажикстан Стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюшту

Azattyk.org 

Өзбекстан Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда эки тараптуу кызматташтыктын узак жана туруктуу багыттарын камтыган Стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюлду. Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун 17-августта Ташкенттеги мамлекеттик сапарынын убагында кабарланды.  Эмомали Рахмон менен Шавхат Мирзиёевдин тар жана кеңири чөйрөдөгү жолугушуулары өзбек президентинин “Көксарай” резиденциясында өттү. Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында өндүрүш, чек ара, билим берүү... Читать дальше...

18-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас,Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14...19, күндүз 27...32; Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30; Баткен облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 29...34; Ош, Жалал-Абад облустарында 15...20, күндүз 29...34; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12...17... Читать дальше...

Активист мэр шайлоо боюнча Бишкектин район аралык сотуна кайрылды

Azattyk.org 

Бишкектин мэрин шайлоого байланыштуу журналист Канышай Мамыркулова Бишкектин район аралык сотуна доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу журналист “Азаттыкка” өзү кабарлады. Ал арызында буга чейинки Бишкектин Биринчи май райондук соту карабай койгон кайрылууну канааттандырууну суранды. Анда Мамыркулова Бишкек шаарынын мэрине талапкер Азиз Суракматовдун мамлекеттик тил боюнча сынагы мыйзамсыз өткөнүн көрсөткөн. Журналисттин жүйөсүндө, өкмөттүн 2017-жылдын 13-июлундагы №430 токтомунун негизинде, сынакты окумуштуулардан турган комиссия эмес... Читать дальше...

Ноокен: президентке жолугушууга баргандар жоопкерчиликке тартылды

Azattyk.org 

Жалал-Абаддын Ноокен районунун Сакалды жана Арал айылдарынан президент Сооронбай Жээнбековго жолугушууга барган беш аялды милиция кармап, үчөө сот жообуна тартылды. Бул тууралуу жоопкерчиликке тартылган аялдардын бири Бурулкан Ибрагимова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жолугушууга алдын-ала такташпай туруп барганы үчүн ушундай чара көрүлгөн.  - 15-августта Жээнбеков менен Кочкор-Ата шаарындагы маданият үйүнө жолугушууга барганбыз. Катышуучулар тизме аркылуу киргизилип жатканын айтып, бизди залга кое беришкен жок. Читать дальше...

Дайыма Күн, Ата-Эне, Бала бар болсун

Azattyk.org 

Советтик “Тегерек Күн” ырынын келип чыгышы, иврит жана швед тилдеринде жаңы мазмунда жашоосун уланткандыгы ж.б. тууралуу чакан баян.

Кененбаев президенттик аппарат жетекчисинин орун басары болду

Azattyk.org 

Алмаз Кененбаев президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басарлыгына дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Буга чейин бул кызматты ээлеп келген Досалы Эсеналиев президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалган. 42 жаштагы Алмаз Кененбаев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп иштеп келген. Ал Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү. (BkA)

Досалы Эсеналиев президенттик аппараттын башчысы болуп дайындалды

Azattyk.org 

Досалы Эсеналиев президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды. Мындай жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койгонун анын басма сөз кызматы кабарлады. Эсеналиев буга чейин президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп келген. 53 жаштагы Эсеналиев эмгек жолун мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. Кийин эл аралык уюмдарда иштеген. 2003-жылы президенттик аппаратка кызматка келип, 2010-жылга чейин өлкө башчысынын басма сөз кызматынын жетекчиси, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп эмгектенген. Читать дальше...

ИИМ: Эгизбаевдин өлүмүндө криминалдык кийлигишүү жок (видео)

Azattyk.org 

“Азаттыктын” журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмүндө "криминалдык кийлигишүү болгон" деген версияны учурда тергөө четке кагууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Утемисов басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, соттук-медициналык экспертиза "журналисттин өлүмүнө сууга чөккөнү себеп болгон" деген бүтүмгө келген. Утемисов буга чейин шек жараткан Эгизбаевдин бутундагы шектүү тактар ал каза болгон соң пайда болгонун экспертизага таянып билдирди. Читать дальше...

Ооганстандын президенти согуш болгон Газни шаарына барды

Azattyk.org 

Ооганстандын президенти Ашраф Гани апта башында талибдерден дээрлик бошотулган Газни шаарына 17-августта барды. Президент жергиликтүү уруулардын аксакалдары жана коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү менен жолугуп жатканда шаарды көздөй үч ракета учурулганы маалымдалды. Жергиликтүү бийлик эч ким жабыркабаганын жана Гани коопсуз жерде экенин билдирди. Ракеталык чабуулдар үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек. Президенттин сапарын утурлай АКШнын коргоо министри Жим Маттис билдирүү жасап, «Талибандын» согушкерлери... Читать дальше...

Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча "Акун” пансионатына иш козголду (видео)

Azattyk.org 

“Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча Ысык-Көлдөгү “Акун” пансионатынын администрациясына жана куткаруучуларга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Утемисов билдирди. Анын айтымында, иш Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренесинин (“Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү”) алкагында бүгүн козголду. Бул иштин алкагында тергөө эки ай жүрөт. Ишти Ысык-Көл райондук милициясы жүргүзөт. Читать дальше...

АКШда Манафорттун иши боюнча арачылар сотунун чечими чыгат

Azattyk.org 

Виржиния штатынын Александрия шаарындагы федералдык сот Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорттун иши боюнча чечимди арачылар соту талкуулай баштады. Атайын прокурор Роберт Мюллер башында турган топ Манафортту "арам акчаны адалдаштырган", "салыкты жашырган" жана "АКШга каршы кутумга барган" деп айыптап жатат.  Арачылар сотунун чечими жакынкы күндөрү жарыяланарын маалымат каражаттары жазып чыгышты. Эки жумага созулган сот процессинде күбөлөр суралып, тергөө материалдарында көрсөтүлгөндөй... Читать дальше...

Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча "Акун” пансионатына кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

“Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча Ысык-Көлдөгү “Акун” пансионатынын администрациясына жана куткаруучуларга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Утемисов билдирди. Анын айтымында, иш Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренесинин (“Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү”) алкагында бүгүн козголду. Бул иштин алкагында тергөө эки ай жүрөт. Ишти Ысык-Көл райондук милициясы жүргүзөт. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *