Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Август
2018

Новости за 11.08.2018

Салык кодексине өзгөртүү киргизилди

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков "Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2018-жылдын 27-июнунда кабыл алган. Анын максаты салыктын жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүдө кассаны көзөмөлдөө машинасын колдонуу жана пайдалануу тартибин иштеп бүтүрүү, ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо, айыл чарба кооперативдерин түзүүнү жана эсепке алууну иретке келтирүү болуп саналат. Ошондой эле соода-логистикалык борборлорду... Читать дальше...

Жаңылган кызга жаза катуубу?

Azattyk.org 

Никесиз төрөгөнү үчүн үйүнөн куулуп, чүрпөсү менен туугандарынан жашынып жүргөн кыз "Азаттыкка" арыз-арманын айтып кайрылды.

Аба ырайы: жаан жаайт

Azattyk.org 

12-13-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы ыктымал. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-23 метрге жетиши мүмкүн. 12-августта күндүз жана 13-августта абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо мал кармоону кыйындатат. Абанын температурасы... Читать дальше...

Румындар коррупцияга каршы митингге чыкты

Azattyk.org 

Румыниянын борбору Бухарестте полиция коррупцияга каршы митингге чыккандарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Өлкөнүн "Тез жардам" кызматы 65 адамды, анын ичинде тогуз полиция кызматкерин ооруканага жеткирди. Бийликтин маалыматында, 440 адам медициналык жардам алды. Каршы чыккандар Румыния менен Европа Биримдигинин желегин жана "Калыстык керек" деген плакаттарды көтөрүп турушту. Демонстрация "Фейсбуктагы" чакырыктан кийин башталган.

Абылгазиев «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө бекетинин иши менен таанышты

Azattyk.org 

Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 11-августта, Чүй облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө бекетинин иши менен таанышты. Өкмөт башчы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү жайынын өтмөлөрү жана инфраструктурасын көрүп чыгып, адамдарды өткөрүү шарттары менен таанышты. Анда көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоону баштоого даярдыктар тууралуу маалымат берилип, эки имараттуу комплекстин курулушу, инфраструктураларды модернизациялоо, заманбап техника жана жабдуулар менен камсыздоо каралган. Читать дальше...

Ашым Жакыпбековдун ак чокусу

Azattyk.org 

Окумуштуулар, айрыкча психологдор "жөндөм, талант деген нерсе ар бир адамда болот" деп айтышат. "Бирок ошол талант дайым эле ачыла бербейт экен же ачылса да толугу менен ачылбайт экен" дешет. Чындыгы бар сөз го. Алыс кетпейли да, өзүбүздүн кыргыз адабиятын алалы.

Бухаресттеги нааразылык акциясында 400дөн ашуун киши жабыркады

Azattyk.org 

Румыниянын борбору Бухаресттеги нааразылык акциясында 400дөн ашуун киши жабыркады. Өлкө боюнча нааразылыкка чыккандар өкмөттүн отставкасын жана парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылышты. Алар бийликтеги Социал-демократтар партиясын коррупцияга айыптап, аны “Уурулардын партиясы” деп атап жатышат. Ар кайсы маалымат булактарына караганда, акцияга 60 миңден 100 миңге чейин адам катышты. Митингчилер алгач Бухаресте борбордук аянтка чогулуп, жол кыймылын бууп турушкан. Кийин алар суу куюлган бөтөлкөлөрдү ыргыта баштаган. Читать дальше...



Бишкек – Нарын – Торугарт жолундагы кырсыктан ага-ини каза болду

Azattyk.org 

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда, Эчки-Башы айылына жакын жерде жол кырсыгы катталып, эки киши каза болду. Бул маалыматты ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, "Мерседес-Бенц Гелендваген G500" үлгүсүндөгү автоунаа менен "КамАЗ" кагылышкан. "КамАЗдын" 59 жаштагы айдоочусу ооруканага жаткырылды. Алдын ала маалыматка караганда, “Гелендваген” катуу ылдамдыкта келаткан. Андагы эки киши ага-ини экени айтылууда. Читать дальше...

Бурулай бүгүн 20га чыкмак

Azattyk.org 

Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызы бүгүн, 11-августта 20 жашка чыкмак. Ушул күнү Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы экспертизалык комиссиянын төрагасы Эрнис Акунов Бурулайдын денесиндеги тактар боюнча комментарий жарыялады. Акуновдун белгилешинче, денедеги жазууга окшогон тактар жүрөктү жандандыруучу аппараттан пайда болгон. Маалыматка караганда, экинчи кайталанып жасалган экспертиза 11-июлдан 3-августка чейин болгон. Ага Акуновдон сырткары Ахунбаев атындагы... Читать дальше...

Киев Орусиядагы саясий туткундар боюнча Европа сотуна кайрылды

Azattyk.org 

Киев Орусиядагы саясий туткундарга байланыштуу адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылды. Бул тууралуу Украинанын Юстиция министринин орун басары Иван Лищин "Фейсбук" баракчасына жазды. Анын белгилешинче, сөз 71 саясий туткун тууралуу болуп жатат. Киев адам укуктары боюнча конвенциянын бир катар беренелери, анын ичинде кыйноо, жеке эркиндиги жана оюн эркин билдирүү укуктары бузулуп жатканын айтып, Москваны айыптап келет. Адам укуктары боюнча Европа соту орус бийлигине кайрылып, украин режиссеру... Читать дальше...

"Ирденем деп келип илдет таптым"

Azattyk.org 

Таалайбек - үй-бүлө багуу аргасында Орусияга кеткен кыргыздардын бири. Сургут шаарында эки бөйрөгүнө суук жеп, азыр жардамга муктаж чагы.

Көчмөндөр оюндарына карата жергиликтүү штабдар уюштурулат

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыкчам штабдын кеңешмесин өткөрдү. Ал алдыда жооптуу жана зор иштер турганын белгилеп, мелдештерге даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча акыркы чараларды көрүп, тийиштүү маалыматтарды белгиленген мөөнөттө берип турууну тапшырды. Вице-премьер-министр Көчмөндөр оюндарынын иш-чараларынын алкагында мелдештерди... Читать дальше...

Курман айттын так датасы 12-августта белгилүү болот

Azattyk.org 

Курман айттын так датасы 12-августта белгилүү болот. Бул тууралуу муфтийдин орун басары Замир Ракиев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 11-августта айды кароо жөрөлгөсү болот. - “Зулхижжа” же Зуль-каада айынын эсеби боюнча бүгүн 29у. Бул түнү ай көрүнүп калышы мүмкүн, көрүнбөсө мусулманчылыкта 30унан эсептелет. Сауд Арабияда ай карашат, биз дагы алар койгон күнгө карап койобуз. Азыр кайсы күнү айт болору расмий чыга элек. Буга чейин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын... Читать дальше...

Мигранттын айлыгынын берекеси кетти

Azattyk.org 

10-августта Түркияда бир доллар алты лирага көтөрүлүп, бир аптада 32 пайызга кымбаттады. Өлкөнүн Борбордук банкы 6-августта лиранын күчүн сактап калыш үчүн 2,2 млрд. доллар интервенция жасаганы кабарланды. Лиранын кунун жоготуп жатканы Түркияда иштеген мигранттарга кандай таасирин тийгизди?

Авиакомпаниялар авиациялык коопсуздук боюнча эл аралык аудиттен өтөт

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Транспорт жана жолдор министрлигине атамекендик авиакомпаниялардын аба кемелеринин техникалык коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди күчтөндүрүүнү тапшырды. - Атамекендик авиакомпаниялардын учактары менен техникалык бузуулардан улам лайнерлер конууга мажбур болгон алты олуттуу окуя болуп өткөн. Мындайга жол бербөө керек, себеби жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жаралууда. Буга байланыштуу мен атамекендик авиакомпаниялардын аба кемелери үчүн авиациялык коопсуздук... Читать дальше...

Борбор Азияны жөө кыдырган туристтер

Azattyk.org 

Кыргызстанга акыркы жылдары чет өлкөдөн чоң машине жана велосипед менен келген туристтердин саны арбыды. Алардын айрымдары Борбор Азияга арзан саякат уюштурган фирмалар аркылуу келген. Бирок туристтер Кыргызстанда өзүн коопсуз сезе алабы? 29-июлда Тажикстанда чет элдик төрт велотуристке болгон кол салуудан кийин Борбор Азияга келүү оюнан баш тарткандар барбы?

Трамп менен Макрон Сириядагы кырдаалды сүйлөштү

Azattyk.org 

АКШ жана Франциянын президенттери Дональд Трамп менен Эммануэл Макрон телефондон сүйлөшүп, Иран менен болгон мамилени, Америка киргизген жаңы санкцияларды жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашты. Бул тууралуу "Франс пресс" агенттиги француз президентинин администрациясына шилтеме кылып жазып чыкты. Сүйлөшүү болгонун буга чейин Трамп "Твиттердеги" баракчасына жазган. Ал Макрон менен ар кайсы темада, анын ичинде коопсуздук жана соода маселеси талкууланганын билдирген. "Франс пресс" сүйлөшүү... Читать дальше...

Өзбекстанда абитуриенттерди окууга өткөрүп акча тапкан топ кармалды

Azattyk.org 

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү департаментинин кызматкерлери Самарканд облусунда абитуриенттерге сынак тапшырууда жардам берүү менен алектенип жүргөн адамдардын тобун кармашты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар көзөмөл органдын медиаборборуна шилтеме кылып жазышты. Укук коргоо кызматкерлери алгач топтун мүчөлөрүнүн бири аванс катары 3 миң доллар алып жаткан жеринен кармашкан. Тергөөнүн версиясы боюнча кылмыштуу топту Аброр Акрамжонов аттуу жаран негиздеген. Читать дальше...

Туздуу көл мамлекетке кайтабы?

Azattyk.org 

Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтү дарылык касиети бар Туздуу көлдү жеке ишкерге 49 жылга ижарага берген токтомду жокко чыгаруу боюнча демилге көтөрүп жатат.

АКШда уурдалган учак кырсыкка кабылды

Azattyk.org 

Вашингтон штатындагы Сиэтл аэропортунун кызматкери "Q400" үлгүсүндөгү учакты уурдап айдап кетип, Пьюжет булуңуна барып кулаган. Бул тууралуу ишемби күнү аэропорттун "Твиттердеги" расмий баракчасында жарыяланды. Маалыматка караганда, Horizon Air компаниясына таандык учакта жүргүнчүлөр болгон эмес. Сиэтл аэропортундагы каттамдар токтотулуп, кайра жанданды. Окуя болгон жерге АКШнын Жээктеги куткаруучулары барып, иликтөө-тергөө иштерин жүргүзүүдө. (КЕ)

Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүнө үй берилди

Azattyk.org 

Жаза аткаруу кызматынын 81 кызматкери үйлүү болушту. Жаңы салынган көп кабаттуу батирлердин ачкычын бүгүн, 1-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттыкка” кабарлады. - 12-август Жаза аткаруу кызматкерлеринин күнүнө карата Бишкек шаарында курулган үйлөрдөн 81 кызматкерге кызматтык турак үй берилди. Тогуз кабаттуу эки үй курулду. Дагы үч үй курулат деген пландар бар. Сабатарованын белгилешинче, үй бул тармакта иштеп эмгеги сиңген кызматкерлерге... Читать дальше...

Түркияда мигранттын айлыгы азайды

Azattyk.org 

10-августта Түркияда бир доллар алты лирага көтөрүлүп, бир аптада 32 пайызга кымбаттады. Өлкөнүн Борбордук банкы 6-августта лиранын күчүн сактап калыш үчүн 2,2 млрд. доллар интервенция жасаганы кабарланды. Лиранын кунун жоготуп жатканы Түркияда иштеген мигранттарга кандай таасирин тийгизди?





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *