Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Сентябрь
2018

Новости за 07.09.2018

Балдарды жана аялдарды коргоо маселеси Брюсселде талкууланды

Azattyk.org 

Үй-бүлөдөгү зомбулук, өзгөчө, наристелерди уруп-кордоо коом үчүн көндүм көрүнүшкө айланууда. Бул маселелер БУУнун Өнүгүү программасынын Евробиримдиктеги өкүлчүлүгү 6-сентябрда Брюсселде (Белгия) өткөргөн тегерек столдо талкууланды. Кыргыз парламентинин мүчөсү Аида Касымалиева өз баяндамасында аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо боюнча мыйзамдардын аткарылышына, өзгөчө, эмгек мигранттарынын балдарынын кейиштүү абалына токтолду. "Адам укуктары жана мыйзамдын үстөмдүгү боюнча Борбор Азия чөлкөмүндөгү... Читать дальше...

Санжыргалуу көчмөндөр

Azattyk.org 

"Азаттык плюстун" командасы бул чыгарылышта Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарындагы айрым кызыктуу учурларды көрсөтүп берет. Океандын ары жагынан келген америкалык көкбөрүчүлөр, Кырчын жайлоосунда уюштурулган этнобазар, ордолор жана ошондой эле уюштуруу ишине салымы чоң ыктыярчылар - мунун баарын ушул чыгарылышта көрө аласыз.

Кырчындагы башаламандык

Azattyk.org 

Айрым туристтер уюштуруу иштеринде башаламандык орун алганына таң калганын жашырышкан эмес.

Тегеран саммити Идлибдеги кырдаалды жөнгө салуу жолун издөө убадасы менен аяктады

Azattyk.org 

Иран, Түркия, Орусия президенттери: Хасан Роухани, Режеп Тайып Эрдоган, Владимир Путин 7-сентябрда Тегерандагы жолугушуусунан кийин кабыл алган биргелешкен билдирүүдө үч өлкө Сириянын Идлиб провинциясындагы кырдаалды жөнгө салуунун жолдорун издөөөнү макулдашканы айтылган. Бирок мунун чоо-жайы белгисиз. Түркия президенти саммиттеги сөзүндө Иран менен Орусияга Идлибге чабуулдун арты кыргынга айланышы мүмкүндүгүн кайрадан эскерткен. - Идлибге кандай гана чабуул болбосун бул кыйроого, кыргынга жана чоң гуманитардык трагедияга алып келет. Читать дальше...

Имамдар Лениндин эстелигин оңдошту

Azattyk.org 

Тажикстандын түштүгүндө имамдар Лениндин эстелигин калыбына келтиришти. "Динди зыяндуу" деп апийимге салыштырган коммунисттердин жол башчысынын эстелиги, тажикстандык дин кызматкерлеринин демилгеси менен оңдолуп, борбордук аянтка кайтарылды.

Аргымактар АКШга ташылууда

Azattyk.org 

Заводдон зыяндуу заттар чыгып кеткендиктен Крымдын бийлиги кислота жамгыры жаашы ыктымалдыгын айтып, эшикке чыкпай турууну эскертүүдө. Бразилия президенттигине талапкер Жаир Болсанаруну шайлоочулары менен жолугушуп жатканда бычактап кетишти. Азыр ал ооруканада. АКШда Дүйнөлүк ат оюндары башталганы турат. Ага 70 өлкө катышат.

Донецктеги жикчилдер жаңы лидерин тандашты

Azattyk.org 

Өзүн-өзү жарыялаган “Донецк Элдик республикасынын” “элдик кеңешинин” төрагасы Денис Пушилин эми Орусия колдогон жикчилдер көзөмөлдөгөн бул аймактын башчысынын милдетин аткаруучу болуп тандалды. Бул тууралуу орус медиасы кабарлады. Донецк аймагындагы жикчилдердин мурдагы лидери Александр Захарченко быйыл 31-августта кафеде отурган кезде болгон жарылуудан каза тапкан. Анын өлтүрүлүшү үчүн жоопкерчиликти расмий Москва менен Киев бири-бирине жүктөгөн. Маркум Захарченконун ордуна келип жаткан Денис Пушилин да... Читать дальше...



ДКО-2018: Кыргызстандын көкбөрүчүлөрү чемпион болду (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү болду. Финалда кыргыз көкбөрүчүлөрү Өзбекстандын командасын 32:9 эсебинде жеңип алды. Кыргызстан бул мелдеште жалпысынан үч оюн өткөрдү. Тайпалык мелдеште А тобунда ойноп, Монголия курама командасын 29:5 эсебинде жеңди. 2-турда Алтай командасынын оюнчулары Кыргызстан менен боло турган оюнга толук курамда чыкпагандыктан алтайлыктарга техникалык утулуш жазылды. Жарым финалда Кыргызстан Орусиянын Москва облусунун командасы менен беттешип... Читать дальше...

Орус өкмөтү курулушта иштеген мигранттардын санын чектейт

Azattyk.org 

7-сентябрда Орусиянын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри Татьяна Голикова 2019-жылдан тарта курулушта иштеген чет өлкөлүктөрдүн санына өкмөт чектөө киргизүүнү сунуштап жатканын маалымдады. Чет өлкөлүк мигранттардын саны курулуш компанияларында иштеген жумушчулардын 80 пайызынан ашпашы керек. Чектөө Москва, Хабаровск жана Амур облустарынан башка аймактарда кабыл алынат. Голикова мыйзам долбоору учурда тийиштүү мекемелер менен макулдашылып жатканын, жумушчулардын бирикмелери аны колдогонун билдирди. Читать дальше...

Эрдоган Орусия менен Иранга Идлибге чабуул кыргынга айланарын эскертти

Azattyk.org 

Иран, Түркия, Орусия президенттери: Хасан Роухани, Режеп Тайып Эрдоган жана Владимир Путиндин 7-сентябрдагы сүйлөшүүлөрү Сирияда Москва жана Тегеран колдогон өкмөттүк күчөр Идлиб провинциясына ири чабуул жасайбы деген кооптонуулардын шартында өтүүдө.  Тегерандан келген маалыматтарга караганда, Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Иран менен Орусияга Идлибге чабуулдун арты кыргынга айланышы мүмкүндүгүн эскертти. “Идлибге жасалган кандай гана чабуул болбосун бул кыйроого, кыргынга жана чоң гуманитардык трагедияга алып келет. Читать дальше...

Айтуганов: Казак көкбөрүчүлөрү жарым финалда Өзбекстанга атайын утулган жок (видео)

Azattyk.org 

Казакстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жарым финалында Өзбекстандын командасына атайын утулган жок. Мындай пикирин Казакстандын көкбөрү командасынын оюнчусу Шынболат Айтуганов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, "казакстандыктар финалдык таймашка чыкпоо үчүн атайын жарым финалда өзбек улакчыларына утулуп калды" деген пикир чындыкка жатпайт. - Оюн болгондон кийин ошондой болот экен. Бардык жерде биринчи орунду ала бербейбиз да. Бул спорт. Жарым... Читать дальше...

ЮНИСЕФ: Окуучулардын 83% мектепте курбуларынын зомбулугуна кабылган

Azattyk.org 

Кыргызстандык окуучулардын 83% мектепте курбуларынын зомбулугуна кабылганын айтып беришти. Бул тууралуу маалымат Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жарыялаган баяндамада камтылган. Уюмдун белгилешинче, мектептеги зомбулук дүйнөнүн өнүккөн да, кедей да өлкөлөрүндө кездешет. Жалпысынан сурамжылоого 13-15 жаштагы өспүрүмдөр катышкан. ЮНИСЕФ ар бир өлкөгө кайрылып, окуучулардын укугун коргогон мыйзамдарды кабыл алып, иштетүүнү, алдын алуу чараларын күчөтүүнү сунуштады. Мектептеги рэкет... Читать дальше...

Жаңы медресе ачуу дээрлик токтоду

Azattyk.org 

Кыргызстанда жаңы медреселерди ачуу дээрлик токтоду. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов бүгүн “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, 2014-жылы өлкөдө 114 медресе бар болчу, азыр алардын саны 107ге түштү, андан бери жаңылары ачыла элек. Комиссиянын талаптарын аткарбагандар жабылууда. Бүгүнкү күндө 24 медресеге үч айлык эскертүү берилген, эгер мамлекет койгон талаптар ишке ашырылбаса алар да жабылат. Эргешов белгилегендей, 107 медресенин 20-30га жакыны гана талаптарга толук жооп берет... Читать дальше...

Кыргызстанда дин саясатташтыбы?

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мечиттердин саны мектептерден көп болгонун жакшы көрүнүш катары баалады. Ошол эле маалда ал салттуу диндин баалуулуктарын тутунуп, мамлекеттик көзөмөл болушу керектигин билдирди. Саясатчылардын дин тууралуу билдирүүлөрү жана диниятчылардын ар кыл чакырыктары Конституцияга ылайык дин мамлекеттен ажыратылган Кыргызстан үчүн кандай көрүнүш? Кыргызстанда дин саясатташып кеттиби? Бул суроолорго «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө талкуулайбыз. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев... Читать дальше...

ДКО-2018: Казакстандын көкбөрүчүлөрү 3-орунду ээледи (видео)

Azattyk.org 

Казакстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында коло байге алды. Бүгүн 7-сентябрда 3-орун үчүн болгон беттеште казак көкбөрүчүлөрү Орусиянын Москва облусунун командасын 17:1 эсебинде жеңди. Казакстандыктар жарым финалда Өзбекстанга 4:5 эсебинде жеңилип, алтын байге үчүн күрөштөн четтеп калган эле. Алдыда финалда Кыргызстан менен Өзбекстандын командалары беттешет. Оюн саат 18:00дө башталат. Мелдештин байге фонду 6 млн 200 миң сом. 1-орунга 3 млн сом... Читать дальше...

Кыргызстанда 400дөй мечит каттоосуз иштеп жатат

Azattyk.org 

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 400дөй мечит мамлекеттик каттоодон өтпөй турат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов билдирди. Анын айтымында, көбүнчөсү техникалык талаптарга жооп бербегендер: - Негизинен уруксатсыз жерге курулуп калган, жер маселеси талаш, имараты жаңы, бирок документи эски имараттыкы бойдон жүргөн, ашар ыкмасы менен салынып, техникалык талаптарга жооп бербеген 400дөй мечит каттоодон өтө элек болууда. Бирок бул багытта иш жүрүп жатат. Читать дальше...

Казакстанда жоолугун чечүүдөн баш тарткан кыздардын ата-энеси айыпка жыгылды

Azattyk.org 

Түркстан облусундагы Фирдауси айылындагы мектептин жоолугун чечүүдөн баш тарткан 13 окуучусунун ата-энеси беш минималдык эсептөө көрсөткүчтүн эсебинде айыпка жыгылганын “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматына ошол мектептин директору Жанар Мамырова кабарлады. Бир минималдык эсептөө көрсөткүчү Казакстанда 2405 теңгеге барабар. Жоолугун чечүүдөн баш тарткан дагы жети окуучу кыздын ата-энеси айыл мектебинен балдарынын документтерин алып кеткен. Жергиликтүү бийлик Түркстан облусунун Фирдауси... Читать дальше...

Тажикстанда кылмышка шектүүнүн энеси өзүн өрттөөгө аракет кылды

Azattyk.org 

Тажикстанда велотуристтердин өлүмүнө шектүүлөрдүн биринин энеси өзүн Европадагы коопсуздук  жана кызматташтык уюмунун (ОБСЕ) кеңсесинин алдында өрттөөгө аракет кылды. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматы кабарлагандай, Гүлчехра Шодмонова тажик бийлиги кылмыштын уюштуруучусу катары шек санаган, Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын бозгундагы лидери Мухиддин Кабири ЕККУнун жыйындарына катышканына каршылык иретинде өзүнө бензин чачкан. Улгайган аялды милиция кызматкерлери токтотуп калышты. Читать дальше...

Бразилияда президенттикке талапкер бычак жеди

Azattyk.org 

Жаир Болсанару Бразилиянын чыгышындагы штаттардын биринде шайлоочулары менен жолугуп жаткан учурда бычактан жараат алып, ооруканага түштү. Азыр анын өмүрүнө коркунуч жоктугу кабарланууда. Окуя бейшемби күнү болгон. Бразилия медиасынын кабарларына караганда, талапкерге бычак шилтеген адам кармалып, кылмышын моюнуна алды. Бразилиядагы президенттик шайлоо 7-октябрда өтөт. Коомдук пикирди сурамжылоонун буга чейинки жыйынтыктарына караганда, ал 13 талапкердин көч башында жана алгачкы айлампадагы добуш... Читать дальше...

8-сентябрдын аба ырайы

Azattyk.org 

8-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда бир аз жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28, Таласта түнкүсүн 4...9, күндүз 22...27, Ош, Баткен, Жалал-Абадда түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31, Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27, Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз... Читать дальше...

АКШ учактары океан үстүндө Орусиянын учактарын коштоп учкан

Azattyk.org 

АКШнын аба күчтөрүнүн эки учагы Орусиянын стратегиялык жана бомба таштоочу эки  Ту-95 учагын 6-сентябрда Арктика океаны, Беринг жана Охотск деңиздери үсүтүндөгү учуу маалында коштогон. Орусиянын Коргоо министрлиги мындай инцидент болгонун, алардын бомба таштоочу  учактары “нейтралдуу суулардын үстүндө кадимки учууну аткарып жаткан кезде” АКШнын эки F -22  учагы коштогонун 7-сентябрда ырастады. Мунун алдында АКШнын Түндүк жана Түндүк Американын аба мейкиндигин коргоо командачылыгынын өкүлү Орусиянын... Читать дальше...

ДКО-2018: Эр эңиштен бардык алтын байгелерди кыргыз балбандары алды (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстандын эр эңиш боюнча курама командасынын III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында болгон мелдеште бардык алтын байгелерге ээ болду. Финалдык таймаш бүгүн, 7-сентябрда өтүп, байгелер беш салмакта ойнотулду. Мелдештин башкы катчысы Нуржан Сүймөналиевдин билдиргенине караганда таймашка 12 өлкөдөн 40 спортчу катышты. Жыйынтыгында беш салмакта тең финалда Кыргызстан менен Казакстандын балбандары күч сынашты. Алтын байгелерди Жекшенбек Турдубеков (60 кг.), Калыбек Бузурманкул уулу (70 кг.)... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *