Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Сентябрь
2018

Новости за 09.09.2018

Орусиядагы жүрүштөрдө 800дөн ашуун адам кармалды

Azattyk.org 

Орусиянын 33 шаарындагы пенсия реформасына каршы жүрүштөрдө кеминде 830 адам кармалды. Бул тууралуу "ОВД-Инфо" укук коргоо порталы кабарлады. Маалыматка ылайык, эң көп демонстрант Санкт-Петербургда кармалып, бул шаарда полиция бөлүмүнө жеткирилген митингчилердин саны 350дөн ашты. Өкмөттүн пенсия курагын көтөрүү планына каршы 9-сентябрда жүрүшкө чыгуу демилгесин оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный көтөргөн. Бирок ал январь айындагы "шайлоочулардын жүрүшү" үчүн 30 күндүк абак жазасын өтөп жаткандыктан акцияга катышкан жок. Читать дальше...

Орусия: камоолор менен коштолгон жүрүш

Azattyk.org 

Жекшемби күнү Орусиянын бир катар шаарларында пенсия реформасына каршы жүрүштөр өттү. Санкт-Петербург, Екатеринбург сыяктуу айрым шаарлардагы нааразылык акциялары камоолор жана кагылышуулар менен коштолду.

Саламаттык сактоо министрлиги бала сатуу ишин териштирет

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте бала сатууга шектелип колго түшкөн дарыгерлердин ишинин чоо-жайын азырынча тактай элек. Териштирүү аракеттери 10-сентябрда башталарын министрдин орун басары Мадемин Каратаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, окуя тууралуу министрликке расмий маалымат түшө элек.  Баш калаадагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген гинекологдор бала сатууга шектелип 7-сентябрда кармалышкан. Алар экөө экени кабарланганы менен Ички иштер министрлигинин басма сөз... Читать дальше...

Кыргызстандык айдоочу мекендештерин тебелетип кетти (жаңыланды)

Azattyk.org 

Москвада кыргызстандык, Орусия жарандыгын алган жигит "Volkswagen Polo" үлгүсүндөгү машине менен Новочеркасск бульварындагы жөө жүргүнчүлөрдү тебелетип кетти. Кол салуудан бир киши жан берип, беш киши оор абалда ооруканада.

Швецияда парламенттик шайлоо өтүп жатат

Azattyk.org 

Швецияда бүгүн өтүп жаткан парламенттик шайлоодо иммиграцияга каршы партия мурдагыдан көп добуш алат деп күтүлүүдө. Бул - швед өкмөтү Ооганстан жана Сириядан келген 163 миң мигрантты кабыл алууну чечкенден берки алгачкы шайлоо. Сурамжылоолор мигранттардын агымын чектөөнү көздөгөн ашкере-оңчул "Швециянын демократтары" партиясы добуштардын 20 пайызга чукулун алаарын көрсөтүп жатат. Натыйжада алар парламенттеги экинчи ири партияга айланмакчы. Премьер-министр Стефан Лёвендин Социал-демократиялык... Читать дальше...

Косово серб президентине анклавга барууга уруксат берген жок

Azattyk.org 

Косовонун бийлиги Сербиянын президенти Александр Вучичке сербдердин анклавына барууга уруксат бербей койду. 9-сентябрда ондогон адамдар Вучич бара турган Баня кыштагына кетчү жолду тороп алышты. Косовонун премьер-министри Рамуш Харадинай жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн серб президентине кыштакка барууга мурда берилген уруксат жокко чыгарылганын "Фейсбук" аркылуу кабарлады. Президент Хашим Тачи да өкмөттүн чечимин колдоп, бирок жолдун буулушу менен коштолгон нааразылык акциялары Косово... Читать дальше...

Молдованын президенти жол кырсыгына кабылды

Azattyk.org 

Молдованын президенти Игорь Додон 9-сентябрда баш калаа Кишинёвдон анча алыс эмес жердеги Страшены шаарчасынын жанында жол кырсыгына кабылып, андан жеңил жараат алды. Анын кеңешчиси Максим Лебедински президенттин кортежиндеги унаалар жол эрежесин сактабаган башка унаа менен кагышканын билдирди. Президент отурган "Мерседес" S-класс үлгүсүндөгү автоунаа аласалып кеткен. Лебедински президент Додондун абалы жайында экенин, ага медициналык жардам кереги жоктугун кошумчалады. Алгач президенттик автоунаада... Читать дальше...

"The Guardian": жүздөгөн орусиялыктар британ визасынан кол жуушу мүмкүн

Azattyk.org 

Британиядагы 700дөн ашуун бардар орусиялыктар “инвестордун визасын” узартууда кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн. Бул тууралуу "The Guardian" басылмасы Британиянын Ички иштер министрлигиндеги булактарга таянып жазды. Маалыматка караганда, бул Сергей жана Юлия Скрипалдын Солсберидеги уулануусунан кийин Лондондун Кремль таасирин азайтуу аракетине байланыштуу болушу ыктымал. Британ бийлиги 2008-жылдан бери орусиялык жана башка чет элдик жарандарга берилген 3 миңден ашуун инвестициялык визаны кайра карап чыгууну пландап жатат. Читать дальше...



Орусияда акция учурунда Навальныйдын тарапкерлери кармалды

Azattyk.org 

Москвада полиция Алексей Навальныйдын санаалашы Николай Ляскинди кармап кетти. Мындан сырткары Москванын борборундагы акцияны түз ободо көрсөтүүгө даярданып жаткан “Навальный Live” каналынын журналисти Дмитрий Низовцев да кармалды. Буга чейин каналдын алып баруучусу Любовь Соболь, Георгий Албуров, Владимир Милов кармалганы кабарланган. Шаар бийлиги пенсиялык курактын жогорулашына каршы нааразылык акциясын өткөрүүгө уруксат берген эмес. Навальный кышында өткөн акциядан кийин 30 күнгө камалган. Читать дальше...

Аба ырайы: жаан жаабайт

Azattyk.org 

Кыргызстандын аймагында 10-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2, күндүз 19...24, Таласта түнкүсүн 5...10... Читать дальше...

Башкы прокуратура Гуревичтин айткандары боюнча маалымат берет

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Евгений Гуревичтин айткандары боюнча Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде маалымат берет. Бул маселе парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 11-сентябрдагы жыйынынын күн тартибине кирди. Анда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов маалымат берери белгиленген. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткенин алардын финансылык кеңешчиси болгон, Кыргызстанда бир нече кылмыштар боюнча сыртынан соттолгон... Читать дальше...

“Өспүрүм” рейди учурунда беш окуучу кармалды

Azattyk.org 

Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун санын азайтуу, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Жалал-Абад шаарында “Өспүрүм” деп аталган рейд өткөрүлдү. “Балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу чаралары жөнүндө” мыйзамга ылайык өспүрүмдөрдүн түнкүсүн белгиленген убакыттан кийин улуулардын коштоосу жок көчөгө чыгуусу көзөмөлдөндү. Үч күндүк рейд маалында шаардын көчөлөрү, интернет-клубдар, көңүл ачуучу жайлар текшерилип, беш өспүрүм кармалды. Читать дальше...

Дарыгерлер бала сатууга шектелип кармалды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологдору бала сатууга шектелип 7-сентябрда кармалышты. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн алардын аты-жөнү айтылган жок. Дарыгерлер бала сатууга байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында колго түшкөн. Алардын бири убактылуу тергөө абагына камалды. Учурда иликтөө-тергөө иштери жүрүп жатат. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев дарыгерлердин кармалганы тууралуу маалыматты угушканын... Читать дальше...

Кыргыз элчилиги: Москвадагы окуяда бир жаран каза болду

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандык айдоочу катышкан окуянын чоо-жайын иликтей баштады. Элчиликтин өкүлү Гүлбарчын Байымбетованын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, окуяда бир жаран каза болду. Тогуз киши жабыркап, алардын бешөө ооруканада. Алардын баары Кыргызстандын жарандары. Абалдары боюнча маалымат азырынча айтыла элек. Элчиликтин жана Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери окуя болгон жерге барып, иликтөө-териштирүү иштерин жүргүзүүдө.  - Кызматкерлер... Читать дальше...

Абхазиянын премьер-министри жол кырсыгында каза болду

Azattyk.org 

Абхазия өкмөтүнүн башчысы Геннадий Гагулия жол кырсыгына кабылып, ооруканада каза болду. Окуя 9-сентябрга караган түнү болгон. Орусия маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Сириядан учуп келип Сочи аэропортунан Абхазияга бараткан өкмөттүк кортеж каршылаш келаткан машина менен кагылышкан. Гагулиянын жан сакчысы менен айдоочусу жараат алды. Орусиянын Ички иштер министрлиги каршы линияда келаткан ВАЗ үлгүсүндөгү машиненин айдоочусунун канынан баңгизат табылганын билдирди. Сирия жакында Абхазияны расмий тааныган. Читать дальше...

БУУ Түркияда качкындарды каттоону токтотот

Azattyk.org 

Бул тууралуу маалымат Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссариатынын расмий сайтына чыкты. Ага ылайык, БУУ 10-сентябрдан баштап Түркияда эл аралык башпаанек сураган чет өлкөлүктөрдү жана качкындарды каттоону токтотот. Маалыматта Түркияга келген чет өлкөлүк качкындарды мындан кийин жергиликтүү Миграция башкармалыгы колго алаары жазылган. 2018-жылдын маалыматы боюнча Түркияда төрт миллионго жакын качкын каттоодон өткөн. Алардын үч жарым миллиону сириялыктар. (ElB)

"Күйөөм балдарымды тартып алды"

Azattyk.org 

Эки баланын энеси, алабукалык 25 жаштагы келин токмоктолуп, Жалал-Абад шаарындагы кризистик борборго кайрылды. Ага чейин социалдык коргоо кызматынын чечими менен бул үй-бүлөнүн эки баласы келинден күйөөсүнө убактылуу өткөрүлүп берилген.

Иштин майын чыгарган студенттер

Azattyk.org 

Кыргызстанда окуп, ошол эле учурда иштеп да акча тапкан студенттер арбын. Айрымдары окуусу менен кесибин айкалыштырса, кээ бири такыр эле башка тармактарда иштейт.

Илим: Касапчы чымчык - ала дуңкан

Azattyk.org 

Күндүн ысыгы курт-кумурскаларды кара жемсөө кылат. 11 м пенальтини кантип таамай тебүүнүн жолу табылды. Калифорния күн энергиясын керектөөсүнөн ашыча өндүрүүдө.

Москвада кыргызстандык айдоочу мекендештерин тебелетип кетти

Azattyk.org 

Москвада кыргызстандык айдоочу "Volkswagen Polo" үлгүсүндөгү машине менен Новочеркаск бульварындагы жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, тебелетип кеткени айтылууда. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазды. ТАСС агенттиги Москва полициясына шилтеме берип жазганына караганда, айдоочу жөө жүргүнчүлөрдү атайылап тебелетип кеткен. Ага кафедеги мекендештери менен өз ара пикир келишпестик, андан чыккан чатак себеп болгон. Алдын ала маалыматка караганда, окуя болгон жерде тогуз адам жараат алган, бир киши каза болгон. Читать дальше...

Трамптын шайлоо штабынын мурдагы кеңешчиси 14 күнгө камалды

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы кеңешчиси Жорж Пападопулос 14 күнгө камалды. Сот аны 2016-жылдагы шайлоого Орусиянын кийлигишүүсү боюнча ишти тергөөдө Федералдык тергөө бюросуна жалган көрсөтмө берген деп тапты. Пападопулос 2017-жылы 27-январда көрсөтмө берген. Ал орусиялык өкүлдөр менен байланышын жашырууга аракет кылган. Былтыр Пападопулос ФБРге калп айтканын мойнуна алып, тергөө менен кызматташа баштаганы кабарланган. Буга чейин атайын прокурор Роберт Мюллер Пападопулосту эркинен ажыратып... Читать дальше...

ЕБ жикчилдердин Донбасста шайлоо өткөрүү планын сынга алды

Azattyk.org 

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөп турган аймактарда шайлоо өткөрүү ниетин сынга алды. Могерини Кремлди жикчилдерге таасир этип, бул аракетинен баш тартууга үндөөгө чакырды. Ошондой эле “Донецк жана Луганск элдик республикалары” деп аталган чөлкөмдө 11-ноябрга белгиленген шайлоо Минск келишимине такыр туура келбей турганын белгилеген. Украинанын Тышкы иштер министрлиги жикчилдердин мындай планын айыптаган. Читать дальше...

Айтматовдун жарыгы

Azattyk.org 

Чыгармалары дүйнөлүк классикага айланган алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эл-журт – коомчулук биле бербеген кызыктуу маселелери, албетте, көп болсо керек. Ушул өңүттөн алганда "Азаттык" жарыялаган "Мен билген Айтматов" деген темасы орундуу да, негиздүү. Муну менен Ч.Айтматовдун элге белгисиз дагы далай кызыктуу сырлары, жаңылыктары ачылышы толук мүмкүн.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *