Орусия: Приморьедеги шайлоонун тагдыры бейшемби күнү чечилет
Приморский крайынын шайлоо комиссиясы аймактагы губернаторлук шайлоо боюнча өз чечимин бейшемби, 20-сентябрда жарыялайт деп күтүлүүдө. Бул тууралуу орусиялык маалымат агенттиктери кабарлоодо. Ал эми 19-сентябрда Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясындагы жыйында Элла Памфилова крайдын губернаторун шайлоо жыйынтыгын жараксыз деп таанууну сунуш кылды. Памфилова комиссиясынын бүгүнкү жыйынында белгилегендей, колдо бар маалыматтардын анализи шайлоо “олуттуу укук бузуулар” менен өткөнүн көргөздү. Читать дальше...