Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Октябрь
2018

Новости за 02.10.2018

Ооганстанда шайлоочулар менен жолугушуу маалында чабуул болду

Azattyk.org 

Ооганстандын чыгышында шайлоочулардын чогулушу өтүп жатканда жанкечтинин жардыруусунан кеминде 13 киши каза таап, ондогон адам жараат алды. Нангархар провинциясынын Саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Нажибулла Камавал "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун ооган кызматына 13 киши курман болгонун жана бери дегенде 40 адам жарадар экенин билдирди. Провинциянын басма сөз катчысы Атталла Хояни Кама районунан чыккан талапкер Насир Моманд шайлоочулар менен жолугуп жатканда чабуул болгонун ырастады. Ал... Читать дальше...

"Аманды өлтүргөндөр жазасын алсын..."

Azattyk.org 

2018-жылдын апрель айында Чолпон-Ата шаарында калайман мушташта каза болгон 16 жаштагы уландын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сот аны кароого өттү.

Мамакеевдин феномени

Azattyk.org 

Бүгүн аты алыска кеткен даңазалуу хирург, миңдеген бейтапка шыпаа берген ак халатчан Мамбет Мамакеев 91 жашка чыкты. Бирок, дарыгер бул даталуу күнү да жумуш үстүндө. “Азаттык” үналгысы кыргыз медицинасына опол-тоодой эмгеги бар дарыгерди туулган күнү менен куттуктап барып, ал жасаган опперацияга күбө болуп келди.

Сирияга кеткен жигиттин үй-бүлөсү абакта

Azattyk.org 

Индонезияда табият кырсыгы миңден ашуун адамдын өмүрүн жалмады. Македонияда өлкөнүн аталышын өзгөртүү боюнча референдум өттү. Сирияга кеткен кызы менен небересин бир көрүүгө зар болгон тажикстандык эненин арманы. Казакстанда Улуттук банк пенсиялык активдерди башкаруу укугун жеке менчик компанияларга берүүгө камданып жатат. Жумушсуздукка жана сугат суунун тартыштыгына карабастан айыл түйшүгүн тандап алган индиялык дыйкандар. Португалиянын жанынан мындан 400 жыл мурун чөгүп кеткен кеме табылды. Кубик... Читать дальше...

"Эйр Кыргызстандын" абалы оор

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин тармактык комитети мамлекеттик “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын абалын талкуулады. Мамлекеттик мүлк фонду "мамлекеттик жалгыз авиакомпаниянын абалы оор" деп, аны менчиктештирүү же Кытай өңдүү авиациясы өнүккөн өлкөлөргө сатуу аркылуу чечүүнү сунуш кылды. Талкуу учурунда банкрот абалына келген компанияга чет элдик инвесторлор кызыгаарынан күмөн санагандар да болду.

АКШ орустардын тыюу салынган ракеталарын жок кыларын эскертти

Azattyk.org 

АКШ “Орто жана кыска аралыкка учкан ракеталарга тыюу салуу жөнүндө" келишимди бузганы үчүн Орусиянын ракеталарын жок кылат. Бул тууралуу АКШнын НАТОдогу элчиси Кей Бейли-Хатчинсон билдирди. Ал Москваны тыюу салынган ракеталык куралдарды жасоону токтотууга үндөдү.     Америкалык элчи эгер Орусия ага көнбөсө, "америкалык аскерлер орустардын ракеталык системасы ишке кирерден мурун жок кыларын" эскертти. Бул тууралуу “Reuters” агенттиги кабарлады. Агенттик элчинин “биздин өнөктөш болгон кайсы гана... Читать дальше...

Журналисттин башына 70 миң евро сайылган

Azattyk.org 

Словакияда иликтөөчү журналисттин өлүмүнө шектүүлөргө расмий айып тагылууда. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы жарыялагандай, өткөн апта соңунда бир нече адам камакка алынган соң азырынча төрт кишиге күнөө коюлду. 27 жаштагы Ян Куциактын быйыл февралда киши колдуу болушу Словкакияда коммунизм кулагандан берки эң ири нааразылык акцияларына түрткү берип, өлкөнүн премьер-министри кызматтан кетүүгө мажбур болгон.



Кытай "туулган күнүн" белгиледи

Azattyk.org 

Орусиядагы борбор азиялыктардын укуктарын коргогон юрист Бахром Хамроев качкындарды мыйзамсыз каттоого тургузган деп айыпталып, Москвада ага каршы иш козголду. Словакияда иликтөөчү журналисттин өлүмүнө шектүү төрт адамга айып тагылды. Кылмышты аткарган кишиге 70 миң евро төлөнгөнү белгилүү болду.

Насыбайдын зыянын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму иликтейт

Azattyk.org 

Насыбайдын зыянын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму иликтейт. Уюмдун Чылымды көзөмөлдөө программасынын директору Кристина Мауер Сендер "Азаттыкка" 2018-жылдын аягына чейин Борбор Азияда көзөмөлсүз сатылган насыбайдын ден соолукка тийгизген зыяны иликтенерин айтты. Илимий байкоонун жыйынтыгы мамлекеттик органдарга насыбайды мыйзам чегинде көзөмөлдөө үчүн сунуш кылынат. Насыбайдын зыяны боюнча буга чейин жергиликтүү же эл аралык деңгээлде илимий иликтөөлөр болгон эмес. Насыбай - Орто Азия мамлекеттеринде кеңири жайылган жеңил баңгизат. Читать дальше...

Өлкөгө салым кошкондор сыйланды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 31-август - Эгемендик күнүнө карата "Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 2-октябрда Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий кудуретин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн ар кайсы тармактарда иштеген 155 кишиге мамлекеттик сыйлыктар берилди.

Индонезия: отуздан ашуун студенттин сөөгү табылды

Azattyk.org 

Индонезияда чиркөөнүн урандыларынын алдынан отуздан ашуун студенттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Кызыл чырым уюмунун өкүлдөрү маалымдашты. 28-сентябрда Сулавеси аралында болгон катуу жер титирөө жана андан кийин башталган цунамиден миңдеген имараттар жабыркап, 1200дөн ашуун адам курман болду.

Кулматов абакта 28-октябрга чейин калтырылды

Azattyk.org 

Жогорку сот Бишкектин мурдагы башчысы абактагы Кубанычбек Кулматовду 28-октябрга чейин абакта калтыруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку соттун басма сөз өкүлү Чынара Жумакадырова билдирди. Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталып жатат. Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен айып коюлган. Июнь айында Кулматовго 350-346-беренелердин (“Документтерди... Читать дальше...

3-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

3-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 22...27, Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 22...27, Баткен облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 22...28, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7...12, күндүз 23...28, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4...9, күндүз 17...22, Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 18...23, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-7, күндүз 6...11... Читать дальше...

Нобелдин физика боюнча сыйлыгы үч илимпозго ыйгарылды

Azattyk.org 

Нобелдин 2018-жылкы физика боюнча сыйлыгы “лазердик физикадагы жаңычылдык ойлоп табуулары” үчүн америкалык Артур Ашкинге, франциялык Жерар Муруга жана канадалык Донна Стриклэндге ыйгарылды. Бул тууралуу Стокгольмдогу Нобел комитети 2-октябрда билдирди.    Физика боюнча сыйлык быйыл 110-жолу ыйгарылып жатат. Былтыр ага үч америкалык илимпоз - Райнер Вайс, Барри Бариш жана Кип Торн гравитациялык толкундар жаатындагы иликтөөлөрү үчүн татыган.   Сыйлыкка кошуп бериле турган 1 миллион доллар каражатты үч окумуштуу бөлүп алат. Читать дальше...

Парламент “Эйр Кыргызстандын” абалын талкуулады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин профилдик комитети “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясындагы абалды талкуулады. Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Ренат Тулебердиев чакырылды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мигранттардын укук коргоочусуна иш козголду

Azattyk.org 

Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттардын жана качкындардын укугун коргогон адвокат Бахром Хамроевди полиция "адамдарды мыйзамсыз каттоого тургузган" деп айыптап жатат.

Трамп дүйнөлүк лидерлерге ишеним тизмесинде акыркы сапта

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп дүйнөлүк лидерлерге болгон ишеним тизмесинде акыркы сапты ээледи. Мындай иликтөөнү америкалык "Pew Research Center" уюму жүргүзгөн. Сурамжылоого 25 өлкөдөн 26 миң киши тартылган.  Тизменин башында Германиянын канцлери Ангела Меркел турат, ага сурамжылоого катышкандардын 52% ишеним көрсөткөн. Экинчи сапта француз президенти Эммануэл Макрон, андан кийин Кытайдын лидери Си Цзинпин турат. Орусиянын президенти Владимир Путин тизмеде төртүнчү орунду ээледи. Ага суралгандардын 62% ишенерин айтышкан. Читать дальше...

Индонезияда ондогон студенттин сөөктөрү табылды

Azattyk.org 

Индонезияда чиркөөдөгү урандынын алдынан отуздан ашуун студенттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Кызыл чырым уюмунун өкүлдөрү маалымдашты. Борбордук Сулавеси аймагындагы чиркөөнү жер титирөөдөн кийин жер көчкү басып калган. Ошол убакта ал жерде сексен алты студент болгон. Калгандарынын дайыны белгисиз. Жума күнкү жер титирөөдөн жана андан кийин башталган цунамиден каза тапкандардын саны 1200дөн ашты.  Өлкө бийлиги эл аралык коомчулукка жардам сурап кайрылды. Евробиримдик, Кытай жана АКШ баш болгон... Читать дальше...

"Жерге-Талдагы кыргыздарга жардам берилсе..."

Azattyk.org 

Тажикстандын мурдагы Жерге-Тал, азыркы Лахш районунда жол кырсыгында каза болгон жети кыргыз өздөрү туулган Кошой айылында жерге берилди. Маркумдардын баары эки үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Окуя 30-сентябрда түнкүсүн ушул кыштактын жакасындагы кыя жолдо болгон. Бул жөнүндө кененирээк маалымат алыш үчүн тажикстандык кыргыз, учурда Кыргызстанда жашаган журналист Абдил-Ахат Курбановду кепке тарттык.

Жерге-Талда жети кишини жуткан кырсык болду

Azattyk.org 

Тажикстандын мурдагы Жерге-Тал, азыркы Лахш районунда жол кырсыгында каза болгон жети кыргыз өздөрү туулган Кошой айылында жерге берилди. Маркумдардын баары эки үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Окуя 30-сентябрда түнкүсүн ушул кыштактын жакасындагы кыя жолдо болгон. Бул жөнүндө кененирээк маалымат алыш үчүн тажикстандык кыргыз, учурда Кыргызстанда жашаган журналист Абдил-Ахат Курбановду кепке тарттык.

Пенсияңыз саякаттоого жетеби?

Azattyk.org 

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытованын "пенсияны чогултуп, саякатка жумшаса болот" деген пикири кызуу талкууга түштү. "Азаттыктын" кабарчысы Бишкектин тургундарынын мамлекеттен алган пенсиясын кайда жумшарына кызыгып, суроо узатты.

Грузияда абактагы экс-премьер ооруканага которулду

Azattyk.org 

Грузиянын мурдагы өкмөт башчысы жана ички иштер министри Вано Мерабишвили ден соолугуна байланыштуу түрмөдөн жалпы ооруканага которулду. Анын адвокаты Стефан Туманишвили соңку эки айда Мерабишвили саламаттыгына байланыштуу бир нече жолу жалпы ооруканага жатып, кайра абакка которулганын билдирди. Экс-премьер "2016-жылы депутат Валерий Гелашвилини сабоого буйрук берген" деп айыпталып, алты жарым жылга кесилген.  Мерабишвили 2005-жылы Гелашвили сабалганда ички иштер министринин кызматында болчу. Ал өзү да... Читать дальше...

Токтакунов: Исаков коомго ачык маалымат бергени УКМКга жакпайт

Azattyk.org 

Абактагы мурдагы премьер-министр анын тергөө тууралуу коомчулукка ачык маалыматты бөлүшкөнү атайын кызматка жакпай жатат. Өзүн опузалаган тергөөчүлөргө чара көрүүнү суранган Сапар Исаковдун арызы боюнча кылмыш иши козголгобогонун анын адвокаты Нурбек Токтакунов айтып чыкты.  Анын айтымында, тергөөчүлөрдүн кадамында мыйзамдар бузулган учурлар аныкталса да, Башкы прокуратура иш козгоодон баш тартты: - Исаковду камерадан чыгарып, тергөөчүнүн иш бөлмөсүнө киргизишкени жана ал ыкчам кызматкер менен сүйлөшкөнү такталды. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *