Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Октябрь
2018

Новости за 06.10.2018

Кыргызстандык режиссердун тасмасы Түркияда байге алды

Azattyk.org 

6-октябрда Стамбул шаарында өткөн "Түрк дүйнөсү" даректүү тасмалар фестивалында кыргызстандык Жибек Абдуллабаеванын "Аялдын дүйнөсү" тасмасы экинчи орунду ээледи. Студенттер категориясында байгеге жеткен "Аялдын дүйнөсү"  фильминде, кыргыз аялдын кызын турмушка узатып жаткандагы ой-толгоосу, тилеги камтылган. Ал эми биринчи орунга түркиялык жаш режиссер Харун Көйбашынын "Сен адамсыңбы?" деген тасмасы татыктуу деп табылды. Андан тышкары фестивалдын калыстарынын атайын сыйлыгы дагы кыргызстандык... Читать дальше...

"Атаман" мектептеги зомбулукту ачык көрсөттү

Azattyk.org 

Кыргызстанда мектептеги зомбулук, окуучулардын бири-бирине болгон үстөмдүгүн баяндаган “Атаман” тасмасы көрсөтүлө баштады. Тасманы жаш режиссер Өмүрбек Нурдинов тартты. Фильмде теңтуштарынан таяк жеген баланын жашоосу, достук, сүйүү, коомчулуктун бул көйгөйгө болгон кайдыгерлигин чагылдырат. Анда башкы каармандардын образын театралдык окуу жайдын студенттери жаратты.

Рух дүйнөсүн даңазалаган спектакль

Azattyk.org 

Жакында италиялык режиссер Андреа Бенальонун Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде койгон «Чыңгызга ыр» («Песнь Чингизу») спектаклинин жабык көрсөтүүсү болуп өттү.

Таласта "Чыңгыз ордо" комплексинин курулушу башталды

Azattyk.org 

Талас облусунун Шекер айылында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун урматына "Чыңгыз ордо" маданий комплексинин курулушу башталды. 6-октябрда парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган расмийлер барып, алгачкы пайдулабын куюлду. Өкмөттүн токтому менен "Чыӊгыз-Ордо" маданий комплексин курууга Шекер айылынан 15 гектар жер бөлүнгөн. Андан тышкары, республикалык бюджеттин эсебинен жазуучунун өз айылындагы үй-музейи оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Курулуштун жалпы суммасы 500 миллион сом болору айтылган. Читать дальше...

Кампада машыккан жаш спортчулар

Azattyk.org 

Аксы районунун Мукур деген айылында 120 бала дүкөндүн кампасында спорт менен машыгат. Аларга элеттик тренер 37 жаштагы Бообек Нурматов спорттун каратэ-до түрүн акысыз эле үйрөтүп келет. Жакындан бери бул элеттик спорт-клубдун балдары таймаштарда алдыңкы орундарды ээлей баштады.

Румынияда үй-бүлөгө байланыштуу талаштуу референдум өтүп жатат

Azattyk.org 

Румынияда бир жыныстуу никеге каршы өзгөртүүлөр киргизилген Конституция боюнча референдум өтүп жатат. Сунушталган Баш мыйзамда үй-бүлө куруу тууралуу эрежелерге тактоо киргизилген. Мурдагы Конституцияда үй-бүлө "жубайлардын союзу" деп аталса, жаңы сунушталган вариантында үй-бүлө "эркек менен аялдын гана союзу" деп белгиленген. Аны консерваторлор тобу демилге кылып, абройлуу православ чиркөөсү колдогон.   6-7-октябрга белгиленген референдум өттү деп саналышы үчүн жарандардын отуз пайызы катышуусу керек. Читать дальше...



Toyota мүчүлүштүктөн улам гибрид автоунааларын артка кайтарууда

Azattyk.org 

Жапониянын Toyota компаниясы гибрид автоунааларындагы техникалык мүчүлүштүктөн улам дүйнө жүзүнө сатылган бардык машинелерди артка кайтарып аларын жарыялады. Кандай кемчилик кеткени тууралуу маалымдала элек.  Кабарларга караганда, техникалык мүчүлүштүк кыймылдаткычтын өчүп, автоунаанын токтоп калышына себеп болушу ыктымал.  Учурда 2008-жылдын октябрынан 2014-жылдын ноябрына чейин чыгарылган Prius жана Auris моделдери артка кайтарып алынды. Мүчүлүштүк бар автоунаалардын саны Жапониянын өзүндө 1,25 миллион... Читать дальше...

Жээнбеков учуу коопсуздугуна көңүл бурууга чакырды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы авиаучуулардын коопсуздугуна көңүл бурууга, жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын жогорулатууга чакырды.  Мындай пикирин жарандык авиациянын 85 жылдык мааракесине жолдонгон куттуктоосунда айтылат.   Мамлекет башчы учуулардын географиясын кеңейтүү, "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторундагы оңдоо иштери жакшы жүрүп жатканын белгиледи.  "Жарандык авиацияны өнүктүрүү — Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында мамлекеттик приоритеттүү тапшырмалардын бири болуп белгиленген. Читать дальше...

Курулушту тейлеген агенттиктин жетекчилик курамын өзгөртүү сунушталды

Azattyk.org 

Жогорку Кеӊештин «Кыргызстан» фракциясы өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ишмердигине канааттандырарлык эмес деп тапты. 5-октябрда аталган фракция агенттиктин 2015-2018-жылдардагы иши тууралуу маалымат угуп, сын-пикирлер айтылды. Талкуу жыйынтыгында депутаттар "аталган ишкананын жетекчилик курамын кайра караш керек же кызматкерлерди толугу менен алмаштыруу кажет" деген бүтүмгө келди. Өкмөткө мекеменин төрагасынын жоопкерчилигин кароо сунушу берилди. Читать дальше...

Түркмөнстанда нанга кезек күткөндөр көбөйдү

Azattyk.org 

Түркмөнстандын түрдүү аймактарында нан жана ун сатып алууга кезек күткөндөр көбөйдү. "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматына жергиликтүүлөр бул маалыматты тастыктаган сүрөт жана видеолорду жөнөткөн.  Тасмада дүкөнгө кезек күткөн топтошкон элди көрүүгө болот. Алар нанга келгени сөздөрүнөн байкалат.  «Түркмөнстандын альтернативалык кабарлары» деп аталган эркин басылмасы да Дашогуз районунда дүкөн алдында кезек күткөндөрдүн сүрөтүн жарыялады. "Азаттыктын" ал жактагы кабарчысы дүкөнгө келгендерди... Читать дальше...

Белгилүү опера ырчысы Монсеррат Кабалье дүйнө салды

Azattyk.org 

Испанияда белгилүү опера ырчысы Монсеррат Кабалье көз жумду.  La Vanguardia басылмасы кабарлагандай, 85 жаштагы Кабалье 6-октябрда Барселонада жашоо менен кош айтышты. Сентябрдын аягында ал ооруканага жатканы кабарланган.  Монсеррат Кабалье 1933-жылы Барселонада жарыкка келген. 1954-жылы Лисео театрынын алдындагы консерваторияны аяктаган. 1960-жылдары ал Европадагы түрдүү опералык театрларда ырдаган.  El Pais басылмасы Кабальены акыркы сапарга узатуу зыйнаты 8-октябрда болорун маалымдады.

7-октябрда жамгыр жаайт

Azattyk.org 

7-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолорго кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10, күндүз айрым жерлерде 18-23 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 15...20, Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20, Баткен облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10...15... Читать дальше...

Бейтапканада ийне сайдыргандан кийин каза тапкан кыздын өлүмү иликтенүүдө

Azattyk.org 

Бишкектеги №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан ийне сайдыргандан кийин көз жумганы айтылган 16 жаштагы кыздын өлүмү иликтенүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей,  окуянын чоо-жайын тактоо үчүн атайын комиссия түзүлдү.   Окуя 11-сентябрда болгон. Баштапкы маалыматтарга караганда, өспүрүм аталган борбордун невролог дарыгеринде каттоодо туруп, дарыланып жаткан эле. (BCh)

Мурат Ауэзов: Айтматов убакытты жеңди

Azattyk.org 

Ушул күндөрү Кыргызстанда өтүп жаткан Ысык-Көл форумуна катышуу үчүн келген казакстандык маданият таануучу, жазуучу Мухтар Ауэзовдун уулу Мурат Ауэзов “Азаттыкка” маек берип, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча ой-пикири менен бөлүштү.

Макгрегор менен Нурмагамедов таразага тартылды

Azattyk.org 

Эрежесиз мушкер Конор Макгрегор менен Хабиб Нурмагамедов кезектеги мушташынын алкагында салмактарын ченетишти.  Эки мушкер тең тийиштүү салмак ченемди тапшырган соң, UFC өз сайтында Хабиб – Конор мушташы эми эч тоскоолдуксуз өтөрүн маалымдады. Салмактан өтүү маалында ирландиялык мушкер 70,08 кг, ал эми дагестандык спортчу 70,3 кг салмакты көрсөттү. Эки мушкердин беттеши АКШда бүгүн кечинде 6-октябрда, Бишкек убактысы боюнча эртең 7-октябрдын таңында өтөт. (SDz)

Макгрегор менен Нурмагамедов салмак тапшырды

Azattyk.org 

Эрежесиз мушкер Конор Макгрегор менен Хабиб Нурмагамедов кезектеги мушташынын алкагында салмактарын ченетишти.  Эки мушкер тең тийиштүү салмак ченемди тапшырган соң, UFC өз сайтында Хабиб – Конор мушташы эми эч тоскоолдуксуз өтөрүн маалымдады. Салмактан өтүү маалында ирландиялык мушкер 70,08 кг, ал эми дагестандык спортчу 70,3 кг салмакты көрсөттү. Эки мушкердин беттеши АКШда бүгүн кечинде 6-октябрда, Бишкек убактысы боюнча эртең 7-октябрдын таңында өтөт. (SDz)

Ош шаарынын 3018 жылдыгы белгиленди (сүрөт баян)

Azattyk.org 

5-октябрда Ош шаарынын 3018 жылдыгы белгиленди. Өлкөнүн экинчи борборундагы майрамга карата “Сулайман-Тоо - тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу фестиваль өттү. Борбордук аянтта сүрөт көргөзмөсү, “Ош - ооматтуу ордо калаа” жана “Билим жана чыгармачылык” жармаңкелери уюштурулду. Кечкисин стадиондо эстрада ырчыларынын концерти болду. Ага Кыргызстандын белгилүү ырчыларынан тышкары, коңшу Өзбекстандын да артисттери чакырылды. Ош шаарынын күнү 2000-жылдан бери 5-октябрда майрамдалат.  Ош... Читать дальше...

Индонезияда зилзала курмандыктары бир жарым миңден ашты

Azattyk.org 

Индонезияда зилзала жана артынан келген цунамиден улам жашоо менен кош айтышкандардын саны 1558 кишиге жетти. Бул тууралуу 5-октябрда өлкөнүн Чукул кырдаалдар агенттиги кабарлады.  Расмий маалыматта айтылгандай, башка мамлекеттер кырсыктын кесепети менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүүдө. Он бир мамлекеттен гуманитардык жардам жүктөлгөн учактар келди.   28-сентябрда кечке жуук Дунгала деген чакан шаарда жер титиреп, бир киши каза болуп, он чактысы жараат алган. Көп өтпөй жээктен 12 чакырым алыс жайгашкан Палу шаарында жер титиреп... Читать дальше...

Вашингтондо нааразылыкка чыккан 300дөн ашуун адам кармалды

Azattyk.org 

АКШнын Капитолия полициясы Вашингтондо нааразылыкка чыккан 302 адамды кармады. 5-октябрда CNN тараткан кабарга ылайык, алар массалык акцияларды уюштуруунун, конгресс имаратынын алдындагы демонстрацияларды өткөрүүнүн эрежелерин бузду деп айыпталууда.  Нааразылыкка чыккандар Жогорку соттун судьялыгына Бретта Каванонун талапкер болушуна каршылык билдиришти. Кавано мурда аялдарга сексуалдык ыдык көрсөткөнү айтылууда. Кармалгандардын арасында модель Эмили Ратаковски жана комик Эми Шумер да бар.  ... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *