Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Октябрь
2018

Новости за 26.10.2018

Балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатында күмүш медал утту

Azattyk.org 

26-октябрда кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын байге үчүн күрөштө азербайжандык Элданиз Азизлиге жеңилип (0:10), күмүш байге алды. Мелдеш Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жатат. Биргелешкен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Шаршенбеков 25-октябрда грек-рим күрөшүнөн 55 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, финалдык беттешке жолдомо алганга чейин бардык атаандаштарын ири эсепте жеңген. Читать дальше...

АКШ: Демократтарга жардыргыч зат салынган таңгак жөнөтүп турган шектүү кармалды

Azattyk.org 

АКШда президент Доналд Трамптын оппоненттерине жардыруучу жабдык салынган кутучаларды жөнөтүүгө шектүү биринчи киши кармалды. Федералдык иликтөө бюросу – ФБР бул маалыматты "Твиттерде" бышыктады. Бир катар маалымат агенттиктер шектүү Флорида штатында колго түшүрүлгөнүн жазышууда. Акыркы бир нече күндө демократтардын өкүлдөрүнө жана Трамптын көрүнүктүү сынчыларына он эки чакты таңгак жөнөтүлгөн. Атап айтканда, экс-президенттер Барак Обама жана Билл Клинтон, мурдагы вице-президент Жо Байден, актер Роберт де Ниро... Читать дальше...

Айлыгы аз, түйшүгү көп жаш адистер

Azattyk.org 

Айына төрт миң сом алып иштеген театр актрисасы. Он жыл окуп, беш миң сом айлык алган үй-бүлөлүк дарыгер. "Азаттык+" бул жолу айлыгы аз, түйшүгү чачтан көп жаш адистердин жашоосуна кызыкты.

АКШда почта аркылуу жөнөтүлгөн эки шектүү таңгак табылды

Azattyk.org 

АКШнын Флорида штатында полиция демократ-сенатор Кори Букерге жолдонгон шектүү таңгакты таап алды. Бул маалыматты ФБР да тастыктады. Ушундай эле таңгак жума күнү эртең менен Нью-Йорктогу почтадан табылган. Бышыктала элек маалыматтарга караганда, ал Улуттук чалгындоо мекемесинин мурдагы башчысы Жеймс Клэпперге жиберилген. Болжол менен бул эки кутучада да колго жасалган жардыргыч заттар бар болгон. Акыркы бир нече күндө президент Дональд Трамптын көрүнүктүү сынчыларына ушундай эле 10 таңгак жөнөтүлгөн. Читать дальше...

АКШ жана Орусия ракеталык келишимдин тагдырын БУУда талашат

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар менен Орусия кансыз согуш доорунан мураска калган ракеталык келишимдин тагдырын эми БУУда талаша турган болууда. Москванын келишимди сактап калуу маселесин Башкы ассамблеяда добушка салуу аракетине Вашингтон каршы чыгып жатат.  Орус дипломаттары Башкы ассамблеянын Куралсыздануу боюнча комитетине тиешелүү резолюция долбоорун 25-октябрда киргизишти.  Анда Вашингтон менен Москванын дарегине Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимди сактап калуу жана эки өлкөнү камтама кылган... Читать дальше...

Токио-Бээжин: алаканын жаңы барагы ачылды

Azattyk.org 

Жапониянын премьер-министри акыркы жети жылда биринчи жолу Бээжинге келди. Соңку эки күндө Синдзо Абэ менен Кытайдын премьер-министри Ли Кецян ири экономикалык келишимдерге кол коюшту.

Ирландиялык ырчы ислам динине өттү

Azattyk.org 

Жапония менен Кытайдын жакындашуусуна эмне себеп? Кошмо Штаттар менен Орусия кансыз согуш доорунан мураска калган ракеталык келишимдин тагдырын эми Бириккен Улуттар Уюмунда да талаша турган болууда. Ирландиялык ырчы Шинейд О'Коннор ислам динине өткөнүн жарыялады.



Болтон: АКШ Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдойт

Azattyk.org 

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Вашингтон 2008-жылы Грузия менен согушка байланыштуу Орусияга каршы баардык жазалоочу чараларды көргөн деп билдирди. 26-октябрда Тблисиде Грузиянын жогорку жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Болтон Кошмо Штаттар Грузиянын аймактык бүтүндгүн жана эгемендигин колдойт деди. Орусия Грузиянын жикчил чөлкөмдөрү Түштүк Осетия менен Абхазиянын жетекчилерин колдоп келатат. Эки аймак 1990-жылдардын башында Грузиянын борбордук өкмөтүнүн көзөмөлүнөн чыкканын жарыялашкан. Читать дальше...

Исакунова: депутат тастыкталбаган маалымат таратты

Azattyk.org 

Мурдагы эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова парламент депутаттары "далилденбеген маалыматтарды жарыялап жатат" деп нааразы. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-октябрда "Би-Би-Си" радиосунун кыргыз кызматынын түз эфиринде билдирди. Ал Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиеванын "Исакунова үй-бүлөсү менен мамлекеттин эсебинен чет жактарга чыгып жүргөн" деп айткандары чындыкка туура келбей турганын, өзүнүн ак экенин далилдөө үчүн кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын кошумчалады... Читать дальше...

Ракеталык келишим: Москванын эскертүүсү

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар менен Орусия “кансыз согуш” доорунан мураска калган ракеталык келишимдин тагдырын эми Бириккен Улуттар Уюмунда талашканы турат. Келишимди сактап калуу маселесин Башкы Ассамблеяда добушка салгысы келген Москванын аракетине Вашингтон каршы чыгып жатат.

АКШ-Орусия: ракеталык келишимдин талашы

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар менен Орусия “кансыз согуш” доорунан мураска калган ракеталык келишимдин тагдырын эми Бириккен Улуттар Уюмунда талашканы турат. Келишимди сактап калуу маселесин Башкы Ассамблеяда добушка салгысы келген Москванын аракетине Вашингтон каршы чыгып жатат.

Жамангуловдун мандаты Нурбек Тотоновго берилди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты болгон Акылбек Жамангуловдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Анын мандаты партиялык тизме боюнча Нурбек Тотоновго берилди.   БШК Тотоновго депутаттык күбөлүктү жана төш белгини тапшырды. Эреже боюнча, эми ал парламентте ант берип, кызматына киришет.  Акылбек Жамангулов 24-октябрда «Альфа Телеком» жабык акционердик коомуна («Мегаком» мобилдик компаниясы) жетекчи болуп дайындалган. Читать дальше...

Кочкор: жеткинчектерди колдогон борбор

Azattyk.org 

Кочкор районунун тургуну Мирбек Асанбаев айылына окуу борбор ачты. Ал жерде балдар англис, кытай, орус тилдерин тереңдетип үйрөнүп, менталдык арифметиканы өздөштүрөт. Мындай демилге айыл жергесинде өзгөчө жаңылык катары кабылданып, баласынын келечегине инвестиция кылган ата-энелердин катары көбөйдү.

Президенттен жооп күткөн депутаттар

Azattyk.org 

Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаттары президентке жиберген кайрылуусунун жообу үч айдан бери келбей жатканына кабатыр.

Сот Калиевди үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтү четке какты

Azattyk.org 

Биринчи май райондук сотунда 26-октябрда Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга жана ишкананы модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш ишин кароо уланды. Жараянда айыпталуучулардын бири "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев аны үй камагына чыгарууну өтүндү. Буга "Калиевдин ЖЭБдеги аварияга тиешеси жок, аялы кош бойлуу, ал көп балалуу үй-бүлөнү жалгыз багып келген" деген жүйө келтирди. Мамлекеттик айыптоочу тарап буга каршы чыгып... Читать дальше...

Ирландиялык ырчы Шинейд О'Коннор ислам динине өттү

Azattyk.org 

Ирландиялык ырчы Шинейд О'Коннор ислам динине өткөнүн жарыялады. Ал аты-жөнүн Шухада Давитт деп өзгөртүп, жоолук салынган сүрөтүн Интернетке жайгаштырды. Мындай кадамын ырчы Кудайга жаккан ишти издөөнүн жыйынтыгы деп түшүндүрдү.  О'Коннор "Твиттердеги" баракчасы аркылуу жалпы мусулмандарга алардын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Бир күн мурда ирландиялык имам Умар аль-Кадри О'Коннордун мусулманчылыкка өтүүгө ант берип жаткан видеону социалдык тармактарга жайгаштырган.  Шинейд О'Коннор 1990-жылы... Читать дальше...

Пакистандын премьери акчалай жардам издеп Кытайга барат

Azattyk.org 

Пакистандын премьер-министри Имран Хан өлкө экономикасын кризистен чыгарууга жардам табуу максатында кийинки жумада Кытайга бармакчы. Ушул жумада премьер төлөмдөр балансындагы кризисти жөнгө салыш үчүн Сауд Арабиясынан 6 миллиард доллар алуу жөнүндө макулдашты. 24-октябрдагы телекайрылуусунда Хан өкмөт Эл аралык Валюта Фондунан (ЭВФ) алынчу болжолдуу карыздын көлөмүн азайтууну максат кылаарын белгиледи. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча Хан 2-5-ноябрь күндөрү Бээжин жана Шанхай шаарларында болуп... Читать дальше...

Өкмөт: Алайдын акимин дайындоодо кимдин тууганы экенин териштирген эмеспиз

Azattyk.org 

Ош облусунун Алай районунун акими Замирбек Молдокуловду кызматка дайындоодо анын кесипкөйлүгүнө маани берилген. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу "Азаттыкка" билдирди.  - Бу кишини дайындоодо анын эмгек тажрыйбасы, жамаат менен иштей алаары, Алай районундагы аброю эске алынган. Буга чейинки аким башка ишке өткөнүнө байланыштуу Замир Молдокулов аким кызматына дайындалган. Алай районунун акими болуп дайындалган Замирбек Молдокулов - президенттик аппараттын... Читать дальше...

Эрдоган Саудиянын бийлигин Хашогжинин сөөгү катылган жерди көргөзүүгө үндөдү

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Сауд Арабиясынын бийлигин киши колдуу болуп өлгөн журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлүгү катылган жерди көргөзүүгө чакырды. Эрдоган "саудиялык агенттер журналисттин көзүн тазалагандан кийин анын сөөгүн катууга жардамдашкан “жергиликтүү адамдардын” аты-жөнүн Эр-Рияд ачыкка чыгарышы керек" деди. АКШда жашап, “The Washington Post” гезитине макала жазып жүргөн Хашогжи 2-октябрда падышалыктын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөн.  Эрдогандын айтымында,... Читать дальше...

ЖЭБдеги авария боюнча айыпталгандар сотко жеткирилди

Azattyk.org 

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария боюнча козголгон кылмыш иштерин кароо Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 26-октябрда уланып жатат.  "Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, жараянга "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын экс-директору Узак Кыдырбаев, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун жетекчисинин мурдагы орун басары Бердибек Боркоев жеткирилди.... Читать дальше...

Орусиянын Краснодар крайында суу ташкындап, бир нече киши өлдү

Azattyk.org 

Орусиянын түштүк-батышындагы Краснодар крайында катуу нөшөрдөн улам жергиликтүү дарыялар нугунан ашып, аймакты суу каптады. Кеминде алты киши каза таап, жүздөгөн адамдар жабыркаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы кабарлады. Мекеменин жетекчиси Сергей Капустиндин айтымында, курман болгондордун сөөктөрү Туапсинск жана Апшеронск райондорунда табылган. Туапсе жана Сочи шаарларында жана алардын жака-белиндеги отуздай айыл-кыштактарда миңдеген турак жай керектен чыкты. Поезд жана автобус каттамдары токтотулуп... Читать дальше...

"Роснефттин" жетекчиси: АКШнын санкцияларынан улам мунай кымбаттайт

Azattyk.org 

Орусиянын “Роснефть” мамлекеттик компаниясынын башчысы "Иран менен Венесуэлага каршы АКШ киргизген санкциялар мунайдын кымбаттатып, кара май рыногунда тең салмакты бузат" деп эскертти.  Игорь Сечин 25-октябрда Веронадагы экономикалык форумда чыгып сүйлөгөндө "мунай кымбаттап, мунай өндүрүү глобалдык алкакта азаят" деген божомолун ортого салды. АКШнын расмий адамдары Ирандын мунай секторун бутага алган санкциялар анын кара май экспортун “нөлгө” жеткирүүнү көздөп жатканын билдиришкен. Вашингтон... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *