Баткендин Кара-Бак айылында кыргыз-тажик чек арасында ок атылды
Баткен районунун Кара-Бак айылында кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Тажик чек арачылары асманга эки ирет ок атканын жергиликтүү тургундар «Азаттыкка» билдиришти. Ушул тапта чек арада 100дөй адам чогулуп турат. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева бул маалыматты ырастады. Анын айтымында, бүгүн, 22-май күнү Кара-Бак айылынын Эски-Мазар аймагында тажик чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок атышкан. - Бүгүн, 22-майда аталган мазарга 21-майда жакынын көмгөн жарандар келип... Читать дальше...