smi24.net
Azattyk.org
Май
2019

Новости за 23.05.2019

Памирлик кыргыздар жарандык сурады

Azattyk.org 

Ооганстандан көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар Кыргызстандын жарандыгын алып, тарыхый мекенинде биротоло калууну көздөп жатышат.

Дача СУ: экспертизанын жыйынтыгы дагы текшерилип жатат

Azattyk.org 

“Манас” аэропортунун жанында жайгашкан Дача СУ конушуна кулаган учак боюнча буга чейин жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы кайрадан текшерүүгө алынууда. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди. Анын айтымында, кылмыш иши толугу менен кайрадан электен өткөрүлүп, башынан иликтене баштады. Азырынча учак кырсыгына байланыштуу эч ким суракка чакырыла элек.  Буга чейин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттин тармактык комитетинин жыйынында учак кырсыгы... Читать дальше...

Динара Сагынбаева үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Азиз Батукаевди абактан бошотууга байланыштуу камакка алынган мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева үй камагына чыгарылды. Анын бөгөт чарасын 22-май күнү, кечинде Биринчи май райондук соту караган. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. Оор кылмыш үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде “айыккыс ооруга чалдыкты” деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Читать дальше...

Мамытов: Батукаевди 40 мүнөттөй чек арада кармап турганбыз

Azattyk.org 

Азыркы акыйкатчы, Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси Токон Мамытов Азиз Батукаевдин абактан бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткени боюнча “Азаттыкка” жооп берди. Ал Батукаевди өлкөдөн чыгарууда жогору жактан буйрук болбогонун айтып жатат. "Биз жарым саат, кырк мүнөттөй кармап турдук. Кармап турууга башка негиз жок болчу. Анан айла жок кое бердик. Негизи жарандар соттун чечимин жана башка документтерди сураганга акыбыз жок. Бирок, биз дагы бир балакет болуп кетпесин деп ошол кагаздарды сурадык". Мамытов... Читать дальше...

Быйыл 7,5 миллион турист келиши күтүлүүдө

Azattyk.org 

Быйыл Кыргызстанга 7,5 миллион турист келери күтүлүп жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Мамлекеттик туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу билдирди. “2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга 7 миллионго жакын турист кирип чыккан. Ал эми быйылкы жылга 7,5 миллиондон ашык болот деген маалыматты айтып жатабыз. Бирок улуттук статистика 1 миллион 400 миң турист кирди деп айтып жатышат. Биз дагы ошого жараша 1 миллион 600 миңден аз келбеши керек дедик”, - деди ал. 17-майда Ысык-Көлдө... Читать дальше...

The New Times Адам укуктары боюнча Европа сотуна арыз жазды

Azattyk.org 

The New Times журналы Жогорку сот 22 миллион 250 миң рубль, ал эми башкы редактор Евгений Альбацтан 30 миң рубль айыбын кайтаруу боюнча арызды кабыл албай койгондон кийин адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылды. Бул тууралуу "МБХ медиага" адвокат Вадим Прохоров билдирди. “Европа сотуна арыз жаздык, тилекке каршы ишти кароо узак жүрөт. Европа сотуна Орусиянын арызына толуп калды. Биз Жогорку сотко алардын пленумунун токтомуна таянып кайрылганбыз. Соттун чечиминде карама-каршы келген тыянактар бар”, - деди адвокат. Читать дальше...

Пакистанда он жаштагы кыздын өлүмүнө байланыштуу үч киши кармалды

Azattyk.org 

Пакистандын бийлиги он жаштагы кызды уурдоого жана өлтүрүүгө шектүү катары үч киши кармалганын билдирди. Исламабад полициясынын басма сөз катчысы Халид Авандын 22-майда билдиргени боюнча, төрт полиция кызматкери шалаакылыкка айыпталууда. Кыздын өлүмүнө байланыштуу Исламабадда жүздөгөн киши бул окуяга тиешеси барларды жазалоону талап кылышты. Алар балдарга карата жасалган кылмыштар көнүмүшкө айланып, күнөөлүүлөр жазага тартылбай жатканын айыпташты.  10 жаштагы кыз өзү жашаган Шахзад районунда жоголуп... Читать дальше...

Экс-президент Атамбаевдин жансакчысынын соту болот

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов райондук соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин ишин карайт. Ал 16-майда Аскердик прокуратурага “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча күбө катары сурак берип чыккан. Свердлов райондук сотунда аскер прокурору Мусакеевди беш жылга кесүүнү жана 70 миң айып өндүрүүнү суранган. 8-майда Башкы прокуратура Дамир Мусакеевге сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган. Читать дальше...

Көлгө бара жаткан жолдорго дааратканалар курула элек

Azattyk.org 

2018-жылы Ысык-Көлгө бара жаткан жол боюна заманбап дааратканалар куруларын ошол кездеги Туризм департаментинин жетекчиси, азыркы Маданият, маалымат министри Азамат Жамагулов айткан. Бирок, азырынча ажаткана куруу маселеси чечиле элек. Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулунун “Азаттык” радиосуна айтымында, жергиликтүү бийлик, жайыт комитеттери менен бирге бул маселени чечүүнүн үстүндө иш жүрүп жатат. “Чет элдик донорлорду да тартсакпы дегенбиз. Азырынча даараткана маселеси дагы каралууда”. Читать дальше...

Экотехинспекция көлдөгү пансионаттарды текшере албайт

Azattyk.org 

2019-жылы чыккан өкмөттүн токтомуна ылайык Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекция чарбалык субъектилерди текшере албайт. Мындай текшерүүлөргө эки жылдык мораторий киргизилгенин “Азаттык” радиосуна аталган инспекциянын жооптуу кызматкери Талантбек Кожоев билдирди. “Мораторийге карабастан биздин регионалдык башкармалык жер-жеринде сезон башталганга чейин бардыгына жазуу түрүндө эскертме буйрук берген. Өрт коопсуздугу боюнча, энергетика коопсуздугу боюнча жана экология коопсуздугу боюнча тапшырмалар... Читать дальше...

АКШ Асаддын күчтөрүн химиялык курал колдонгону үчүн айыптады

Azattyk.org 

АКШ Сириянын президенти Башар Асаддын армиясын "химиялык курал колдонгон" деп айыптады. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин өкүлү Морган Ортагус билдирди. Вашингтондун пикиринде, өкмөттүк күчтөр 19-майда Идлиб провинциясында чабуул жасашкан. Маалыматтарга караганда, анда хлор толтурулган бомбалар колдонулган болушу ыктымал. Эгер бул божомолдор тастыкталса, Вашингтон “ыкчам жана тиешелүү деңгээлде” жооп кайтара турганын билдирди. Мамлекеттик департаменттин өкүлүнүн айтымында, ооруканалар, мектептер... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *