Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Март
2020

Новости за 09.03.2020

Иранда калган айдоочулар президентке кайрылышты

Azattyk.org 

Ирандан чыга албай калган 76 айдоочу аларды алып кетүүнү сурап, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Ал эми Кыргызстан айдоочуларды чыгарып кетүү үчүн буга чейин Түркмөнстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан.

Манасты тарткан сүрөтчү Зеленская

Azattyk.org 

8-мартта маршка чыгып, кармалгандардын бири – Татьяна Зеленская чыгармачыл чөйрөдө кыргыз тарыхын, маданиятын, турмушун жакшы билген таланттуу сүрөтчү катары белгилүү. Ал Кыргызстанда «Манас» эпосу тууралуу анимациялык фильм жараткан саналуу адамдардын бири.

Бишкектеги марш дүйнөлүк медианын назарында

Azattyk.org 

8-мартта Бишкекте болгон окуялар дүйнөлүк алдыңкы маалымат каражаттарынын дээрлик баарынын көңүлүн бурду. Эл аралык басылмалар Аялдардын эл аралык күнүнө карата Тилектештик маршына чогулгандарга беткапчан эркектер кол салганын, полиция ондогон активисттерди кармап кеткенин жазышты.

Коронавирустан улам рубль арзандады

Azattyk.org 

Коронавирустун айынан мунайдын баасы 30 пайыз түшүп кетти. Мунун кесепети орус акчасына да тийди. Украинада "Малайзия аба жолдорунун" "Боинг-777" учагынын атып түшүрүлүшү боюнча сот процесси Гаагада башталууда. Коронавирус табылган «Grand Princess» лайнеринде эки кыргызстандык жаран бар.

Коронавирус мунайды, мунай рублди курутту

Azattyk.org 

9-мартта мунай баасы 30% түшүп кетти. Бул 1991-жылы Перс булуңунда согуш башталгандан берки эң ири төмөндөө катары бааланууда. Кара май өткөн аптанын аягынан баштап арзандап, кесепети башка товарларга да тийип жатат.

«Апам менен ачык сүйлөшөм»

Azattyk.org 

«Эже-сиңдилер» телеберүүсүндө бул жолу эне-кыз мамилеси тууралуу баарлаштык. «Кыргыз коомунда кыздын ою угулбайт, үй-бүлөдө аны менен ачык сүйлөшкөн адам жок» деген сөздөргө кандай карайсыз?

Элик сүтүн берген эне

Azattyk.org 

Дүйшөн Керимов - публицистика менен көркөм чыгармачылыкты эриш-аркак алып жүргөн автор.

Дүйнө аялдары 8-мартты белгилешти

Azattyk.org 

Коронавирус коркунучуна карабай дүйнөнүн ондогон шаарында түмөндөгөн адамдар гендердик теңчилик үчүн адаттагы жүрүшкө чыгышты. Алардын баарынын эле алдын милиция тоскон жок. Ал түгүл жаалданган топтон коргоп, арачалап калышты.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *