Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Март
2020

Новости за 13.03.2020

Бурмаланган феминизм

Azattyk.org 

Кыргыз коомунда соңку учурда “феминизм” деген түшүнүк ар кандай талаш-тартыштарды жаратып келет. Феминисттик көз карашты кармангандар тең укуктуулукту жактап, аялдарга карата зомбулукту байма-бай сындап келишет. Ошол эле учурда аларды “күйөөгө тийгиси келбеген, төрөгүсү келбеген, ашыкча өжөр аялдар” катары сыпаттагандар да жок эмес. Феминисттер кимдер, алардын максаты эмне? Эмне үчүн бул түшүнүк талаш-тартыштын себебине айланууда? "Азаттык плюстун" талкуусунан жооп алыңыз.

COVID-19: Европа элден бөлүндү

Azattyk.org 

Коронавирус күчөп бараткандыктан Европаны “Жаңы Кытай” деп атай башташты. АКШ Европага эшигин жапты. Лидерлер 2008-жылдагыдан да оор кризис келгенин моюнга алып жатышат. Алдыда үч өлкөнүн мисалын көрсөтүп берели.

Өзбекстандык студенттердин Оштогу чуусу

Azattyk.org 

ОшМУнун башкы имаратында жык-жыйма болгон өзбекстандык студенттердин кезеги төрт күндөн бери суюла элек. Өзбекстандын Билим берүү министрлиги коңшу үч мамлекетте окуган жарандарынан 15-февралга чейин өлкөгө кайтып келүүнү талап кылгандан бери Кыргызстанда билим алып жаткан студенттер мекенине кайтууга аракет кыла баштаган.

Ташкент бейөкмөт уюмдарга жумшарды

Azattyk.org 

Өзбекстандын Юстиция министрлиги бул жумада абактагы адамдардын укуктарын коргогон топ менен эл аралык «Боорукерлик корпусу» ("Mercy Corps") өкмөттүк эмес уюмдарын каттоодон өткөрдү.

Тополоңдон кийинки Масанчидеги жашоо

Azattyk.org 

Бир ай мурун Казакстандын Кордой районунда улут аралык чатак чыккан. Дунгандар жашаган Масанчи айылында 150 киши жарадар болуп, 11 адам көз жумган. Турак үйлөр, дүкөндөр жана автоунаалар өрттөлгөн. Жаңжалдан жабыр тарткан тургундар окуянын 40 күндүгүн өткөрүүгө даярданып жатышат.

Ишкерлердин ишин аксаткан илдет

Azattyk.org 

Кыргызстанда товар экспорттоодо жеңил өнөр жайы жолго салынган тармактардын катарында. Бирок кийим-кече тигүүгө чийки заттын 80-90% жана фурнитуранын бир топ бөлүгү Кытайдан ташылып келет. Жалаң эле жеңил өнөр жайы эмес, бир топ товарлардан импортко көз каранды Кыргызстанда Кытай менен чек аранын жабык турганы ишкерлерди санаага салды. Ал эми өкмөт жакында абал жөнгө салынат деп ишенип турат.

Спортчулар аялдардын таламын талашты

Azattyk.org 

Кыргызстандын бир катар спортчулары жаштарды аялдардын укуктарын коргоого чакырган видео кайрылууларды жарыялашты. Алар муну 8-мартта калпак кийген беткапчан балдар аялдардын маршын бузгандан кийин жасашты.

II ДС: Кат жазуу укугунан айрылгандар

Azattyk.org 

Экинчи дүйнөлүк согушта, 1939-жылдын сентябрынан тартып, гитлердик жана сталиндик тоталитардык режимдер алгач бири-бирине шерик болуп, анан 1941-жылдын 22-июнунан тартып өз ара айыгыша согушуп кирген. Бул тоталитардык режимдерде камактагы кишилердин кат алмашуу укуктары кандайча сакталган?

Түтүк тендеринин түшүнүксүз жагдайы

Azattyk.org 

Президенттин атын сатып, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилеринин биринен 1 млн. АКШ долларын талап кылып, анын 250 миң долларын алган учурда үч кишиден турган топ кармалганы жарыяланды.

АКШ Кыргызстандагы адам укуктарын талдады

Azattyk.org 

АКШнын Мамлекеттик департаменти адам укуктарына байланыштуу 44-жылдык баяндамасын жарыялады. Анда Мамлекеттик департамент Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектөө, балдар эмгеги, башка улуттардын, ЛГБТнын өкүлдөрүн басмырлоо сыяктуу терс көрүнүштөрдү белгилеген.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *