Эмне үчүн вирус коркунучтуу? Балдарга түшүндүрмө
Жеткинчектерге пайдалуу видео. Эмне үчүн вирус коркунучтуу, ооруп калбаш үчүн эмне кылыш керек?
Жеткинчектерге пайдалуу видео. Эмне үчүн вирус коркунучтуу, ооруп калбаш үчүн эмне кылыш керек?
Кенжебек Качкынбаев Ат-Башы районундагы асыл тукум чарбасы бар фермерлердин бири. Ал быйыл 4 миллион сомго эт багытындагы уйларды сатып алган. Эгер анын планы ишке ашса, жарым жылдан кийин пайдасын көрө баштайт.
Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин өлкөнүн бардык чек араларын 30-марттан тарта жабууга буйрук берди. Бул тууралуу өкмөттүн сайтына жарыяланды. Ага ылайык, Орусиянын чек арасындагы автожол, темир жол, жөө жана дарыя аркылуу өткөн кыймыл-аракеттин баары токтойт. Орус-беларус чек арасындагы өткөрмө бекеттери да жабылат. Дипломаттарга, мамлекеттик кызматкерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, поезддердин кызматкерлерине жана кемелердин экипаждарына, Украинанын чыгышындагы жикчил республикалардын... Читать дальше...
Амангелди Мисиров өмүрүн чыгармачылыкка арнаган инсан. Анын каармандары да өзүндөй жөнөкөй, турмуштук көрүнүштөн адабий формага көчүрүлгөн тагдырлар.
Казакстандын мурдагы президенти жарандарды четте карап турбоого, өкмөткө көмөктөшүүнү суранды.
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев Кыргызстандын аймагындагы бардык жеке менчик медициналык мекемелерге коронавирусту аныктоого уруксат берүүнү сунуштады. Эл өкүлүнүн айтымында, жеке менчик лабораторияларга жана ооруканаларга вирусту аныктоочу тесттерге мүмкүнчүлүк берилсе, илдетти ооздуктоого салым кошмок. Ал менчик ооруканаларда тийиштүү шарттар бар экенин белгиледи. Нурбаев бул демилгени вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев жана Алтынай Өмүрбековага сунуштаганын бирок, жооп ала электигин кошумчалады. Читать дальше...
Стамбулда жасалма арактан Түркмөнстандын 53 жараны каза таап, дагы 15 киши ооруканада жатат. Алардын айрымдарынын абалы оор. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматынын Стамбулдагы ишенимдүү булактары билдирди. 19-мартта Стамбулда түркмөнстандыктар жапырт ууланганы белгилүү болгон. Түркиянын CNNTurk телеканалы жасалма арак ичип, 15 киши көз жумганын, алардын көбү Түркмөнстандын жарандары экенин кабарлаган. 60тай киши Стамбулдун ооруканаларында жатканы, көпчүлүгүнүн абалы оор экени маалым болгон. Читать дальше...
Италия коронавирустан эң катуу жапа чеккен өлкө бойдон калууда. Жергиликтүү айрым дарыгерлер жаңы илдет өлкөгө былтыр күзүндө эле тараган деген теориясын айтып жатышат. Бирок бул пикирди талашкандар да бар.
28-мартта Саламаттык сактоо министрлиги Кытай мамлекетинен келген гуманитардык жардамды Бишкектеги Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлерине тапшырды. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты. Анын ичинде респиратордук беткаптар (1600 даана), бир жолку беткаптар (45 миң даана) жана коргоочу костюмдар (700 даана) бар. Калган каражаттар жакынкы убакытта республиканын саламаттык сактоо уюмдарына жана санитардык-карантиндик постторго таратылат. 25-мартта Кытай 10 миң респиратордук беткап... Читать дальше...
Орусиянын төрт спортчусу, анын ичинде Олимп оюндарынын эки чемпиону кызытмага шек саналып жатат. 2008-жылкы Бээжин олимпиадасында алтын медаль уткан, бийиктикке секирүүнүн чебери Андрей Сильновго жана 2012-жылкы Олимп оюндарынын чемпиону, 400 метрге чуркаган Наталья Антюхка тыюу салынган заттарды же ыкманы колдонгон деген айып тагылды. Допингге каршы эл аралык агенттик (WADA) жалдаган эксперт Ричард Макларен Орусиянын допингге каршы агенттигинин – РУСАДАнын ишмердигин текшерген. Анын негизинде орусиялык спортчуларга айып тагылды. Читать дальше...
Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кримтөбөл Алмаз Сулаймановдун өлүмүнүн чоо-жайы жөнүндө маалымат таратты. Милициянын кабарлашынча, 28-март күнү саат 12:50 чамасында Нарын шаарында "Тойота-Пассо" автоунаасы менен "Лексус 570" үлгүсүндөгү машине жол кырсыгына кабылган. Эки айдоочу уруша кетип, бири экенсисин бычак менен сайып алган. “Нарын шаарынын 1995-жылы туулган тургуну “киши өлтүрүп алдым окшойт, мына алып келдим” деп Нарын облустук ички иштер башкармалыгын имаратына келген. Читать дальше...
Кыргыз өкмөтү тест-система, реагенттер, тиешелүү медициналык жабдуулар, дарыгерлер үчүн коргонуу кийимдери, санитардык-дезинфекциялоочу каражаттар боюнча гуманитардык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен Кытай мамлекетине кайрылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө тажрыйба алмашуу үчүн медициналык эксперттерди жөнөтүү жөнүндө өтүнүч билдирилди. “Кыргыз өкмөтү Кытай мамлекетин дүйнө жүзүндө COVID-19 коронавирусу менен күрөшүү боюнча салымын жана күч-аракеттерин жогору баалап... Читать дальше...
Балыкчы шаарынын мэри Марат Кудайбергенов кызмат ордун өз ыктыяры менен тапшырып берди. Тиешелүү буйрукка 11-мартта өкмөт башчы кол койгон. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урумбек Исмаиловдун билдиришинче, мэр 2020-жылдын 12-апрелинде өтө турган шайлоого катышуу үчүн өз ыктыяры менен арыз жазган. Бирок Марат Кудайбергеновдун кызматтан кетери 28-мартта гана белгилүү болду. «Марат Кудайбергеновдун өлкө башчынын 2020-жылдын 23-мартындагы №54 жарлыгы күчүнѳ кирген күндөн тарта шайлоолорду... Читать дальше...
Кыргызстанда 28-марттагы маалыматка ылайык, коронавирусту аныктоо үчүн 11 миң 134 тест жүргүзүлгөн. Анын ичинен буга чейин айтылган 58 кишиден COVID-19 аныкталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди. “Обсервацияда 4 миң 886 киши бар. Күндөн-күнгө алардын саны кыскарып жатат. Ал эми үй карантинде 3 миң 338 киши отурат. Жалпы 8 миң 224 киши дарыгерлердин өзгөчө көзөмөлүндө”, - деди Мамбетов. Кыргызстанда 28-мартта саат 14:00гө... Читать дальше...
27-мартта Казакстандын Башкы прокуратурасы Жамбыл облусунун Кордой районунда февраль айынын башында болгон улут аралык кагылышка байланыштуу 25 киши камалганын билдирди. Башкы прокурордун орун басары Ерлик Кенебаев камалгандар «массалык башаламандыкка активдүү катышканын», алардын арасында «казактар, дунгандар, кыргыздар», ошондой эле «мурда соттолгондор» да болгонун айтты. Кененбаев билдиргендей, аларды кармоо операциясы Алматы, Чымкент жана Жамбыл облустарында жүргүзүлгөн. Кенебаев билдирген расмий версияга караганда... Читать дальше...
28-мартта саат 11:30да Москвадагы «Шереметьево» аэропортунда 28-29 жаштардагы Бегимай аттуу кош бойлуу келин кансырап, эсин жоготуп, аны "Тез жардам" алып кетти. Бул тууралуу ошол жерде турган Асема Чолукова аттуу мекендеш билдирди. Ушу тапта аэропортто кармалып турган жүздөй кыргызстандык өкмөттөн алып кетүүнү суранууда. Новосибирск шаарындагы «Толмачево» аэропортунда да кеминде 150дөй кыргызстандык Бишкекке кете албай турушат. Буга 27-мартта күндүзгү саат 3төн кийин уча турган рейсин күтүүсүз токтоп калганы себеп болгон. Читать дальше...
Нарын шаарында "Лимонти" деген каймана ат менен таанымал кримтөбөл Алмаз Сулаймановду өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу милициядан кабарлашты. Маалыматта, 28-март күнү Алмаз Сулайманов Нарын шаарынын борборунан саат 13:15 чамасында өлтүрүлгөн. Учурда шектүү кармалып, камакка алынды. Кaktus.media басылмасы милициядагы булактарына таянып, “Лимонтини” 2000-жылдары өлтүрүлгөн Имаш аттуу кылмыштуу топтун мүчөсүнүн жакыны өлтүргөнүн жазды. Шектүү сөөктү машинеге салып милицияга өзү келген. Басылманын маалыматында... Читать дальше...
Түндүк Македония НАТОго расмий кошулуп, аскердик альянстын 30-мүчөсү болуп калды. Балкандагы бул чакан өлкө менен Грекиянын көптөн берки талашына чекит коюлган соң былтыр февралда НАТОго кошулуу протоколуна кол коюлган. Ага чейин мурдагы Югославиянын курамына кирген жумурият өз аталышын Түндүк Македония деп өзгөрткөн. НАТОго кирген бардык өлкөлөр Скопьенин мүчөлүк арызын колдогон соң Түндүк Македониянын президенти Стево Пендаровски 20-мартта акыркы документке кол койгон. Пендаровски анын... Читать дальше...
Карантин учурунда онлайн кызмат көрсөтүп жаткан ишкерлер көбөйдү. Алар кардарлардын үйлөрүнө азык-түлүк, дары-дармек жана гигиеналык каражаттарды жеткирип жатат. Бирок Бишкекте өзгөчө абал киргенден бери жеткирип берүү кызматынын иши оорлоду. Адистер мындай абал жарандардын экономикалык сабаттуулугун текшере турганын белгилеп, коомчулукту акчаны үнөмдөөгө чакырышат.
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов онлайн маалымат жыйында Жалал-Абадда каза болгон жаран жөнүндө маалымат берди. “Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 82 жаштагы тургуну COVID-19дан каза болгон жок. Анын анализдери терс жыйынтык көрсөттү. Өлүмгө буга чейинки өнөкөт ооруларынын өтүшүп кеткени себеп болгон”, - деди Мамбетов. Анын айтымында, бейтап 17-мартта чет өлкөдөн келип, анда клиникалык белгилери болгондуктан стационардык дарыланууга жаткырылган. Кыргызстанда 28-мартта... Читать дальше...
29-мартта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18; Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18; Баткенде түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21; Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11; Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3... Читать дальше...
Кыргызстанда коронавируска байланыштуу кырдаалдын фонунда маанилүү кадрдык дайындоолор болду.
Кошмо Штаттарда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 105 миңге чукулдап, Италия менен Кытайдан ашты. Оору эң көп катталган Нью-Йорктун ооруканалары бейтаптарга толду. Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, 28-марттын таңына карата 104 миң 829 учур аныкталды. АКШда жаңы вируска кабылгандардын саны Италияга салыштырмалуу 20 миңге көбөйдү. COVID-19 вирусу чыккан Кытайда бул көрсөткүч 82 миңдин тегерегинде. 28-марттын таңындагы маалыматка караганда, АКШда коронавирустан 1,711 киши көз жумду. Читать дальше...
Кыргызстанда 28-мартта саат 14:00гө карата коронавирус жуккан жаңы учур катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов маалымдады. Буга чейин Кыргызстанда COVID-19 вирусу жуккан 58 адам аныкталган. Алар Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын ооруканаларында дарыланууда. Алардын экөө жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы өтө оор эмес.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айрым жарандардан, медицина кызматкерлеринин жакындарынан ар кандай даттануулар көп экенин белгилеп, алардын иши үчүн зарыл бардык шарт түзүлүшү керектигин билдирди. “Медицина кызматкерлери бир жерден экинчи жакка жөө барбай, транспорт менен камсыздалышы керек. Медицина кызматкерлерин транспорт менен камсыз кылуу жоопкерчилиги, алардын кыймылынын маршруттарын түзүү ар бир медициналык мекеменин башкы дарыгерлерине жүктөлгөн. Бирок алар бул иштерди жасабагынын көрүп турабыз”, - деди Абылгазиев. Читать дальше...