Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Май
2020

Новости за 02.05.2020

Лейлекте жаандан кийин сел жүрдү

Azattyk.org 

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун аймагында 2-май күнү кечке жуук жааган нөшөрлүү жаандан улам Кара- Булак, Тогуз-Булак айыл аймактарында жана Исфана шаарында сел жүрдү. Натыйжада шаардын Восточная көчөсүнүн боюндагы турак үйлөрдүн короолорун, жер төлөлөрдү суу каптаганы кабарланды.

Лейлекте сел жүрдү (видео)

Azattyk.org 

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун аймагында 2-май күнү кечке жуук жааган нөшөрлүү жаандан улам Кара- Булак, Тогуз-Булак айыл аймактарында жана Исфана шаарында сел жүрдү. Натыйжада шаардын  Восточная көчөсүнүн боюндагы турак үйлөрдүн короолорун, жер төлөлөрдү суу каптагандыгы кабарланды. Райондук акимчиликтен "Азаттыктын" кабарчысы алган маалыматка караганда учурда кырсык алып келген чыгымдар эсептелип жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы министрдин орун басары Равшан... Читать дальше...

Арменияда бал айында бейтап дарылаган түгөйлөр

Azattyk.org 

Арменияда жаңы баш кошкон түгөйлөр Георгий менен Татев Кантариялардын бири дарыгер, экинчиси медайым. Алар бал айын өздөрү эмгектенген ооруканада өткөрүп, COVID-19га чалдыккан бейтаптарды дарылоого киришти. Жубайлар “үй-бүлөлүк турмуш али алдыда” дешет.

Өзбекстанда сел эки бир туугандын өмүрүн алды

Azattyk.org 

Өзбекстандын Жизак облусунун Замин районунда 14 жаштагы кыз менен 9 жаштагы баланы сел агызып кетти.  Экөө бир тууган экени, азык-түлүк алганы дүкөнгө чыкканда селге туш болгонун облустук Ички иштер башкармалыгы кабарлады, бирок окуя кайсы күнү болгону тууралуу маалымат жок. Куткаруучулар тапкан бала ооруканада көз жумган. Кыздын болсо сөөгү табылган. Алар өздөрү жашаган Ширин кыштагын аралап өткөн сайдагы ташкындаган суудан ажал табышкан. 28-апрелге караган түнү Өзбекстандын төрт облусунда күчтүү шамал болуп... Читать дальше...

Сырдарыядагы суу ташкында 17300 адам жараат алды

Azattyk.org 

Өзбекстандын Сырдарыя облусундагы суу ташкындын айынан Сардоба, Акалтын, Мирзабад райондорунан 70 миңдей адам эвакуацияланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алар Сырдарыя жана Жизак облустарынын коопсуз аймактарына көчүрүлгөнүн билдирди.  Саламаттык сактоо министрлиги апаатта жалпысынан 17300 киши жараат алганын, алардын 56сы ооруканага жаткырылганын маалымдады. Сардоба суу сактагычы 1-майда эртең менен саат алтыга жакын жырылып, жакын жердеги айыл-кыштактарды суу каптай баштаган. Суунун агымы ошол күнү кечке жуук токтогон. Читать дальше...

Өзбекстандагы суу ташкындан кийин Казакстандын Мактарал районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Azattyk.org 

Өзбекстандагы Сардоба суу сактагычындагы дамба жырылгандан кийин пайда болгон суу ташкыны Казакстандын Түркстан облусун да каптады. Аймактагы Мактарал районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, атайын штаб түзүлдү. Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сардоба суу сактагычынан аккан суу 1-май күнү саат 20:15 ченде токтотулганын маалымдаган. Ал эми Казакстандын Мактарал районуна өзгөчө кырдаал 2-майга караган түнү, саат 00:00 чамасында киргизилген. "Азаттыктын" казак кызматы кабарлагандай, ошол... Читать дальше...



Бишкекте ишканаларды текшерүү үчүн мобилдик бригадалар түзүлдү

Azattyk.org 

Бишкекте ишканаларды текшерүү үчүн мобилдик бригадалар түзүлдү. Ага ылайык, борбор калаадагы ар бир райондо төрттөн мобилдик бригада иштейт. Райондук администрациянын, салык кызматынын, милициянын кайгуул кызматынын жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган топ Бишкектеги 1-майдан тарта ишин жанданткан ишканаларды текшерет. Мобилдик бригада ишканалардын өзгөчө абал шартында ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн коюлган талаптарды аткарып жатканына көзөмөл кылышмакчы. Мындан тышкары дагы 20... Читать дальше...

Испанияда коронавирустан 25 миңден ашуун киши көз жумду

Azattyk.org 

Испаниянын Саламаттык сактоо министрлиги 2-майга карата акыркы суткада 276 адам коронавирустан каза болгонун кабарлады. "Паис" гезитинин маалыматына караганда, бир жумадан бери оорудан көз жумгандардын саны азаюуда. 1-майга карата илдеттен 281 адам өлгөн. Акыркы суткада 1147 адам коронавирусту жуктуруп алганы аныкталды. Жалпысынан өлкөдө коронавирус илдетинен 25 100 адам көз жуумп, ооруга чалдыккандардын саны 216 582 адамга жетти. Испанияда карантин жарыяланган 48 күндөн кийин тургундарга... Читать дальше...

Ишкерлик жанданды, эреже сакталган жок

Azattyk.org 

Өкмөттүн чечими менен 1-майдан тарта Кыргызстанда ишкердиктин бир катар түрлөрү жанданды. Өкмөт экономикалык ишмердүүлүктү үч баскыч менен жандандырууну пландап жатат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1-майдан тартып 20 миңге жакын ишкердик субъекти кыймылга келип, аларда иштеген 130 миңге чукул адам жумушка чыгарын билдирген. Жалпысынан тогуз тармакка иштегенге уруксат берилет.

Жо Байден өзүн айыптоону четке какты

Azattyk.org 

АКШнын демократиялык партиясынан президенттикке талапкер Жо Байден мурдагы жардамчысына сексуалдык ыдык көрсөткөнү тууралуу айыптоолорду четке какты. Байден MSNBC жаңылыктар каналына 1-майда маек куруп, 27 жыл мурда болгону айтылып жаткан окуя "эч качан болбогонун" айтты. «Жок, бул калп. Мен ачык айтам, мындай болгон эмес", - деди 77 жаштагы Байден. 1992-1993-жылдары Байдендин сенаттык кеңсесинде жардамчы болуп иштеген Тара Рид 29 жашында Байденден сексуалдык ыдык көргөнүн айтып чыккан. Риддин сөзүн анын мурдагы коңшусу бекемдеп... Читать дальше...

Түп районунда жайытка кетчү жолго түшкөн кар көчкү тазаланууда

Azattyk.org 

Түп райондук администрациясынын маалыматына караганда, Жылаңач, Турук жана Чар-Кудук жайыттарына бара турган жолго кар көчкү түшүп, малчылар үчүн тоскоолдуктар жаралган. Маалыматта айтылгандай, учурда көчкүнү тазалоого бир нече техника тартылган, бир жумага жетпеген убакытта жол ачылат. Жолду тазалоо иштерине Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 100 миң сом бөлүнгөн. Кар көчкүдөн эч ким жабыркаган жок.(KS)

Орусияда бир күндө 9623 адамдан коронавирус аныкталды

Azattyk.org 

2-майга карата акыркы суткада Орусиянын 83 аймагында 9623 адамдан коронавирус илдети аныкталды. 57 киши вирустан көз жумду. 1793 адам оорудан сакайды. COVID-19 Орусиянын 85 аймагына тарады. Инфекцияны жуктургандардын саны 124 054 адамга жетти. Анын ичинен 1222 адам көз жумду, 15013 бейтап сакайды. 1-майга караган акыркы суткада Орусияда 7933 адамдан вирус аныкталган. Бул - COVID-19 илдетине чалдыккандар эң көп аныкталган учур. Коронавирусту Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин да жугузуп алганы 30-апрелде белгилүү болгон. Читать дальше...

2-май: Кыргызстанда коронавирустан эки бейтап каза болду

Azattyk.org 

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб COVID-19дан каза тапкандардын бири дарыгер экенин 2-майда кабарлады.  58 жаштагы Жүзүм Асанова Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси болгон.  Каза болгон экинчи бейтап Жалал-Абад облусунун 69 жаштагы тургуну болгон. Штабдын маалыматына караганда бул эки бейтап тең 2-майда Республикалык инфекциялык ооруканасында коронавирус илдетинен көз жумган.  Экөөндө теӊ эки тараптуу пневмония, оорунун оор өтүшү, дем алуу жетишсиздиги катталган. Читать дальше...

Аба ырайы: Сел жүрүшү мүмкүн

Azattyk.org 

Синоптиктердин маалыматына караганда, 3-майда нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүпт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. 3-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Читать дальше...

Күйүүчү май дагы 3,5 сомго арзандайт

Azattyk.org 

Кыргызстанда күйүүчү май жакынкы убактарда дагы 3 сом 50 тыйынга чейин арзандайт. Бул тууралуу Кыргызстандагы "Нефтетрейдерлер" ассоциациясынын президенти Канат Эшатов 2-майда брифингде билдирди. Анын сөзү боюнча январь-апрель айларында бензиндин чекене баасы 2,8-3 сомго, ал эми дизелдик күйүүчү майдын баасы 4 сом 70 тыйынга арзандады. Ал эми дүң баасы бензин жыл башынан бери 11,6 сомго, ал эми дизелдик күйүүчү май 11 сомго төмөндөдү. "Күйүүчү майдын баасы арзандабай жатат деген дооматтар туура эмес. Читать дальше...

COVID-19: аба тазарып, таштанды көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус башталгандан бери экологиялык кырдаал кандай өзгөрдү? Бишкек баш болгон ири шаарларда аба тазарууда, бирок карантин аяктаганда мурдагы калыбына келеби?

Казакстанда Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укугу токтотулду

Azattyk.org 

Сенаттын депутаты Дарига Назарбаеванын ыйгарым укугун токтотуу тууралуу жардыкка Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду. Бул маалыматты Токаевдин администрациясы таратты. Анда президенттин буйругунан тышкары эч кандай маалымат айтылган эмес. Президент Токаев өзүнүн твиттердеги баракчасына "Казак республикасынын парламент сенатынын төрагасы катары күжүрмөн жана жемиштүү иштегени үчүн Д.Н. Назарбаевага ыраазычылык билдирем" деп жазды.  Сенаттын расмий сайтында Назарбаеванын мандатын кайтарып алуу тууралуу маалымат жок. Читать дальше...

Тажикстандан мыйзамсыз жүк алып кирүүгө аракеттенгендер кармалды

Azattyk.org 

Кыргызстандык эки жаран Баткен районунун Таш-Тумшук аймагындагы чек ара өткөрүү бекетинен тышкары жерден Тажикистандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы 2-майда кабарлады. Маалыматта айтылгандай, 20 тонна кургатылган жемиш ташып бараткан жүк ташуучу автоунаанын айдоочусунда жүккө тиешелүү эч кандай документ болгон эмес. Кармалган жүк жана жарандар териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.(ZKo)

Оштогу 86 блокпосттун 14ү cакталат

Azattyk.org 

Оштогу 86 блокпосттун 14ү cакталат. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин 2-майда брифингде билдиргенине караганда, райондор аралык, облустун чек арасындагы жана Ош шаарына, Өзгөн, Кара-Суу шаарларына кире бериш жердеги посттор сакталып калды. Райондор арасында да кеңири өтүүгө уруксат берилбейт. Ал эми айылдардагы посттордун баары алынып бүттү. Өкмөттүн Оштогу өкүлү коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн күнү-түнү, жеке коопсуздугуна карабай иштеген медицина кызматкерлеринин эмгегин текке чыгарбоону өтүнүп... Читать дальше...

Италия кадимки жашоого кайта баштайт

Azattyk.org 

Эки айлык карантинден соң 4-майдан тарта 4 миллионго чукул италиялыктар ишине кайтат. 4-майдан тарта заводдор, парктар жана курулуш жайлары иштей баштайт. Жарандарга чакан сандагы тууган-туушкандары менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берилет. 18-майдан тартып соода жайлары, музейлер менен китепканалар, 1-июндан баштап бар-ресторандар жана сулуулук салондору ишке кирет. Бирок мектептер сентябрдын аягына чейин жабык болот. Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте 1-майда сүйлөгөн сөзүндө коронавирус пандемиясынан улам... Читать дальше...

Ким Чен Ын 20 күндөн кийин элге чыкканы кабарланды

Azattyk.org 

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 20 күндөн кийин элге чыкканы кабарланды. Түндүк Кореянын борбордук маалымат агенттиги 2-майда Ким Чен Ын Пхеньянда заводдун ачылышына катышып, тасма кескенин жазды. Агенттиктин маалыматына караганда, Ким Чен Ын заводдун ачылышына башка аткаминерлердин жана карындашы Ким Ё Чжондун коштоосунда келген. Ким Чен Ын тасманы "Ураа!" деген ураандын алдында кескен. Бирок маалымат агенттиги өлкө лидери акыркы жумаларда элге чыкпаганын себебин жазган эмес.  Ишембиде жардамчылары... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *