Чечмедеги жаңжалда жаракат алган эки кишинин абалы оор
Чечмедеги жаңжалда жаракат алган эки кишинин абалы оор. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги “Фейсбуктагы” расмий баракчасында маалымдады. Маалыматка караганда, 31-май күнү кыргыз-өзбек чек арасындагы чатакта жаракат алган 15 адам Айдаркен шаардык медициналык борборуна кайрылышкан. Алардын ичинен төртөө түрдүү жаракат менен ооруканага жаткырылган, экөөнүн абалы оор. Калгандары медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө кетишкен. Ошондой эле маалыматта “учурда жаңжал чыккан жерде эки “Тез жардам” бригадасы нөөмөттө турат. Читать дальше...